Жаңы Гвинея

Википедия дан
Жаңы гвинея‎»‎ барагынан багытталды)
Жаңы гвинея.

Жаңы Гвинея (индонезиялыктардын тилинде Ириан) – Тынч океандын батышындагы арал. Чоңдугу боюнча Жер шарында Гренландиядан кийинки 2-арал. Аянты 829 миң км2 (башка маалымат боюнча 771,9 миң км2). Узундугу 2 миң кмден ашык, туурасы 700 кмге чейин. Батыш бөлүгү Индонезиянын (Батыш Ириан), чыгышы Папуа-Жаңы Гвинея мамлекетинин аймагы. Калкы 3 млндон ашык. Аралды жээктей батыштан чыгышты карай бийиктиги 5029 мге жеткен тоолор (Жая чокусу) созулуп жатат, аракеттеги жанартоолор бар. Түштүгүн кенен ойдуң ээлейт. Климаты экватордук, субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны тоолордо 4000 ммден ашык. Дарыялары сууга мол (Мамберамо, Сепик, Дугил, Флай); төмөнкү агымдарында кеме жүрөт. Флорасы менен фаунасы өтө ар түрдүү, нымдуу тропик токою, бийик тоолуу бадалдар, түштүгүнүн айрым жерине саванналар мүнөздүү. Ямс, жүгөрү, батат, какао жана кофе, каучук дарактары өстүрүлөт, кокос плантациясы бар. Нефть казып алынат. Балык кармалат. Негизги шаарлары: Порт-Морсби, Маданг (Папуа – Жаңы Гвинея), Соронг, Жаяпура (Индонезия).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1