Жолдошбек Зарлыкбеков

Википедия дан
Зарлыкбеков Жолдошбек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Зарлыкбеков Жолдошбек
Туулган жылы: 1959-жылы 19-январь
Туулган жери: Кара Суу айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 2016-жыл, 10-май
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, журналист


Жолдошбек Зарлыкбеков (1959–2016) - кыргыз элинин заманбап акындарынын бири, журналист, публицист.


Өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошбек Зарлыкбеков Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1959-жылы 19-январда туулган.


Мектепти бүткөндөн кийин 1977–1979-жж. Германияда аскердик кызмат өтөгөн.

1979–1981-жж. колхоздо чабан, райондук ооруканада “Тез жардам” автомашинасында айдоочу, борбор шаардагы Фрунзе заводунда жумушчу болуп иштеген.

1981–1986-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнөн билим алып, 1984-жылдан “Кыргызстан маданияты” жумалыгына корректор, 1986-жылдан “Ленинчил” жаш” гезитинде (кийин “Жаштык жарчысы” деп аталган) кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.


1992-жылдан “Эркин-Тоо гезитинде бөлүм башчы, 1994–1995-жж. Кыргызстан маданияты” жумалыгында бөлүм башчы болгон.

1995–2005-жж. “Асаба”, “Агым” гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы болгон.


2005–2007-жж. “Бишкек таймс” гезитинде бөлүм башчы болуп иштеген.

2007–2008-жж. “Де-Факто” гезитинде редактордун орун басары, 2009–2010-жж. “Аалам” гезитинде бөлүм башчы болуп иштеп келди.


Жолдошбек Зарлыкбеков 58 жашында узакка созулган оорудан соң 2016-жылы 10-майда дүйнөдөн кайтты. [1]

Адабий чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолдошбек Зарлыкбековдун алгачкы ыры 1973-жылы облустук “Нарын правдасы” гезитинде жарыкка чыккан.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылы “Алыкулдун Акбоз-Ат” фестивалынын лауреаты болгон.

1994-жылы мыкты журналисттик эмгек боюнча республикалык чыгармачыл сынакта “Эркиндиктин үч жылы”

аттуу макалалар топтому үчүн жеңүүчү болуп, Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

1986–1990-жж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланып, 1994-жылы Президенттик стипендиант болгон.

2001-жылы “Борбордук Азия жазуучуларынын жаңы миң жылдыктагы чыгармачыл байланышы “Эл аралык форум” сыйлыгынын лауреаты болгон.

2002-жылы массалык маалымат каражатында коомдук сакчылыктын абалын, кылмышкерликке каршы күрөшүү жана ички иштер органдарынын ошол

багытта алып барган иштерин чагылдырганы үчүн Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн III даражадагы диплому менен сыйланган.

2009-жылы Ички иштер министрлигинин “Кыргыз милициясына 80 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.

1992-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_poetry_memory_/27728290.html