Загава (эл)

Википедия дан

Зага́ва (кебади, мерида; өз аты: бэри) — Чад менен Судан аймагындагы Ховар дарыясынын алабында жашаган эл.
Жалпы саны 40 миң адам.

Зага́ва

Загава элинин салттуу үйлөнүү тою
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 40 миң адам
 Чад — 30 миң
 Судан — 10 миң

Тили

загава

Дини

Ислам,
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид


Тил

Загава (бери, бэри-аа, зорхау, зегау, мерида, кебади) тили Нил-сахара макробүлөсүндөгү сахара уясына кирет. Загава тилинде берти жана бедият диалектилер бар.
Ошондой эле араб тилин да колдонушат.

Дин

Азыркы учурда калктын бир бөлүгү Ислам динин тутушат.
Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (тотемизм, ата-бабалардын жана жаратылыш күчтөрүнүн культтары) карманышат.

Коом

Көчмөндөрдүн уруулук коомдук уюму бар. Отурукташкандарда уруулук түзүлүшкө негизделген тууганчылык, коңшулук жана аймактык байланыштар үстөмдүк кылат.

Чарбалык иштер

Эркектердин кесиби — мал багуу (кой, эчки, эшек) жана көчмөн малчылык (төө).
Аялдар кол менен иштетилген жер чарбасында (фонио, арпа, буудай, жашылчаларды) эмгектенишет.

Кол өнөрчүлүк

Булгаары (ар кандай булгаары идиштер, сумкалар, сумкалар, каптар, кийим-кече жана бут кийимдер ж. б.); токуу, жез жана күмүш зер буюмдарын жасоо, килем токуу.

Кийим

Эркектер салттуу түрдө ак кебезден жасалган кенен көйнөк кийишсе, аялдар узун, кең көйнөк жана жоолукчан болушкан.

Тамак-аш

Элдин менюсунда кычкыл сүт жана өсүмдүк азыктары (жашылчалар, мөмө-жемиштер, ботколор) бар.

Турак жай

Көчмөндөрдүн турак-жайы — жыгач шыргыйдан жасалган каркас, керилген тегерек чатыры жууркан, пальма жалбырактары менен жабылган; пол терилер менен капталган. Отурукташкан дыйкандардын үйлөрдүн тамдары чийки кирпич менен салынган, жалпак чатыры — сокмо (чопо).

Маданият

Бий, музыка жана ыр чыгармачылыгы, уламыштар менен мифтер, жомоктор менен макал-лакаптар өнүккөн.
1950-жылы мектеп мугалими Адам Тажир загава тили үчүн төөлөрдүн тамгалардын (белгилердин) негизинде уникалдуу алфавитти түзгөн.

Тарых

Загава Сахаранын байыркы эли. Көчмөн загава уруулары Чад көлүнүн түндүк-чыгышындагы түшүмдүү жерлерге отурукташкан. Жергиликтүү жогорку деңгээлде өнүккөн Сао маданияты менен болгон байланыштын натыйжасында загава уруулары 8-кылымда мамлекет түзүп, анын борбору Нджими шаарын негиздеген. Кийинчерээк, загава Сао маданиятынын жергиликтүү тургундарын ассимиляциялап, алардын үрп-адатын жана жашоо образын кабыл алышкан.

Биринчи жолу загава 9-кылымдагы араб булактарында Якуби тарабынан эскерилет. Алар Канемдин жана Чад көлүнөн Нубияга чейин созулган белгисиз бир катар мамлекеттердин тургундары катары айтылат. Загава, Якубинин айтымында, Түндүк Африкага да кул сатышкан.

Канемде Ислам динин арабдар жана берберлер тараткан. Ислам аркылуу Канем Аравия жана Түндүк Африка менен маданий жана соода байланыштарын түзгөн.

13-кылымда Канем өзүнүн күчүнүн туу чокусуна жеткен. Ошондо Канем коңшу урууларды өзүнө баш ийдирип, салык салган. Мамлекеттин аянты көбөйдү. Башкаруунун борборлоштурулган методдору киргизилди. Канемдин экономикасы транссахаралык соода жана металлургия аркылуу өнүккөн.

1388-жылы Канемди көчмөн билала уруулары талкалап басып алган. Канемдин калдыктары Борну мамлекетинин курамына кирген.

Азыркы учурда загава Чаддагы таасирдүү этникалык топ. Өлкөнүн президенти Идрис Деби жана кээ бир ири саясий ишмерлер загава элинин арасынан чыккан.
Судандагы загава эли Дарфурдагы жаңжалга катышууда.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]