Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Википедия дан

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) — Кыргызстандагы туңгуч техникалык жогорку окуу жайы.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1954-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик университетинин Политехникалык факультетинин базасында Фрунзедеги политехникалык институт (ФПИ) катары түзүлгөн. 1982-жылга карата 29 адистик боюнча инженерлерди даярган, институттун курамына күндүзгү билими берүүчү 8 факультет (энергетика, архитектура, тоо-геологиялык, курулуш, машина куруу, өнөр жай жана жарандык курулуш (АКС), айылдык курулуш, технология) кирген. Ошондой эле кечки билим берүүчү 3 факультет жана сырттан окуу бөлүмү болгон. Мындан тышкары ФПИнин Кыргыз ССРинин ири жана алыскы шаарларында филиалдары болгон. Анын составына: Ош шаарындагы кечки билим берүүчү жалпы техникалык факультет, Кара-Көл жана Майлы-Сай шаарларындагы сырттан билим берүүчү жалпы техникалык факультеттер кирген[1]. Союз убагында университеттин окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз кылынган.

1992-жылдын августунан баштап Кыргыз Республикасынын баатыры, советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысынын Исхак Раззакович Раззаковдун (1910-1979), ысмы ыйгарылылып И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети деп аталган.

2004-жылы Кыргыз техникалык университетинин 50 жылдык мааракесинде, Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенттинин жарлыгы менен, Исак Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университет макамын алган. 2005 - жылы "улуттук" деген макамдын ордуна "мамлекеттик" деген макамга алмашып, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет деп атын өзгөрткөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 - жылдын 18 - июнундагы № 243 «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети укук мураскорунун статусун белгилөө жана ага Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жана У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетин кошуу жолу менен кайра түзүлгөн[2].

Университеттин уюштурулушуна, анын үзүрлүү өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар кыргыздын улуу муундагы таланттуу мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаков жана атактуу, мыкты окумуштуу-уюштуруучулар, өз ишинин патриоттору алгачкы ректорлор: Георгий Сухомлинов, Владимир Михайлович Журавлев жана анын кесиптештери профессор Акматбек Жаманбаев, Леонид Дворников, Усенгазы Асаналиев, Ташмырза Айтмурзаев, Ракым Усубакунов, У.А. Асаналиев, Аскар Акаев, Г. Джаманкулова жана башкалар болушкан. Бул залкар инсандардын калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектери окуу жайыбыздын сыймыктанган аброю экендиги талашсыз.

Университетте өзгөчө кадрлар маселесине, окуу процессинин сапатына, илимий жана социалдык иштердин ийгилигине эң жогорку жана чоң талаптар коюлган. Мына ушундай объективдүү талаптар убакыт өткөн сайын университеттин салтына, маданиятына айланган жана ушу күнгө чейин сакталып келе жатат. Союз убагында эң алдыңкы ЖОЖдун деңгээлине көтөргөн жана бүткүл союз боюнча ар кандай конкурстардын жеңүүчүлөрүнүн катарында болгон.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети бүгүнкү күндө республикабыздын өндүрүшүнүн, курулушунун, экономикасынын үзүрлүү өнүгүшүнө салымы зор. Университеттин миңдеген бүтүрүүчүлөрү азыркы кезде илимге эмгек сиңирген мыкты окумуштуулар, академиктер, ойлоп табуучулар, инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, чоң-чоң өндүрүштөрдүн жетекчилери. Мындай бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо университеттин профессионалдуу тажрыйбалуу, атактуу илимпоз ардагер окутуучуларыбыздын түздөн-түз тиешеси бар.

Эл аралык кызматташтык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Евросоюздун, Россиянын, Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) мыкты университеттери менен эки тараптык келишимдердин негизинде, эл аралык гранттар, проектилердин алкагында иш алып барат. Эл аралык жогорку деңгээлде жаш кадрларды даярдоо маселеси, мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу, илимий кадрларды даярдоо маселелерин чечүү боюнча жана биргелешкен эл аралык окуу структураларын ачуу менен билим берүү стандарттарын, окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрүн, инновациялык ыкмаларын колдонуу боюнча эл аралык проекттерде катышат. Эл аралык гранттардын, келишимдердин негизинде материалдык-техникалык базалар жаңыланып жатат.

Берлин колдонмо илимдеринин техникалык университети (TFH) менен биргелешкен Кыргыз-Герман техникалык факультетинин базасында Кыргызстанда биринчилерден болуп кредиттер (ECTS) технологиясын киризилген, Германиянын стандарттарынын негизинде инженердик кесиптер боюнча бакалаврларды даярдайт. Азыр окутуу биргелешкен магистрдик программанын негизинде жана немис тилинде жүрөт. Берлин техникалык университетинде студенттер практикалык, дипломдук иштерин аткарышат. Окутуучулар стажировкадан өтүп келишет жана немис профессорлору бизге келип толук лекциялардын циклын окуп кетишет. Азыр бул университет менен биргелешкен магистрдик программа боюнча окуу жүрүп жатат. Магистратураны бүткөндөргө эки диплом берилет. Эки тараптык келишим болгондуктан, Германиядагы Клаусталь техникалык университетине жылына бюджеттик негизде беш студент жиберилет.

Германиядагы Касселдеги техникалык университет менен күн, шамал энергиясын колдонуу багытында магистрдик программаны биргелешип өтүп, жыйынтыгында эки тараптын диплому берилет. Москва энергетикалык университети (МЭИ) менен биргелешип ачылган факультетибизде окуу программасы МЭИнин стандарттары, окуу китептери, методикалык көрсөтмөлөрү аркылуу өтүшөт. Москвадан келген профессорлор лекция окушат жана экзамен алышат. Бул факультеттин студенттери эки университетке кабыл алынат, бүткөндө эки тараптын дипломдору берилет. Жылына профессордук - окутуучулук курам стажировкадан бюджеттик негизде МЭИден өтүп турушат. Азыр алты мугалим сертификат алып келди, окуу жылы бүткөнчө дагы алты мугалимибиз квалификациясын жогорулатып келишет. Жылына жакшы окуган эки студентибизди бюджеттик негизде бул университетке жиберип турабыз. Азыр эки студентибиз 3 курста окуп жатышат. Москвадагы Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университети менен келишимибиздин негизинде биздин эки аспирант, эки студентибиз окуп жатат. Ошондой эле бул университет бизге үзгүлтүксүз түрдө жардам көрсөтүп, жаңы чыккан окуу китептерин көп санда бекер берип турушат. Юбилейлик эл аралык конференцияны көмөктөш болуп биргелешип өткөзгөн жатабыз.

Азыр Москвадагы байланыш жана информатика университети, Радиоэлектроника жана автоматика университети менен биргелешкен структура ачуу жыйынтыгында эки диплом берүү жөнүндө келишим түзүлдү. Рязандагы радиотехникалык университетинде бюджеттик негизде үч студентибиз окуп жатат. Томск политехникалык университетине келишимдин негизинде жылына бюджеттик негизде 5 магистрант жиберилет. Ал жакта азыр 11 магистрант жана 1 аспирантыбыз билим алууда. Магнитогорскидеги техникалык университетине жылына бюджеттик негизде 5 студент жиберилет. Казандагы техникалык университетте 7 студент окуйт.

Казакстандагы Чыгыш-Казак мамлекеттик техникалык университети менен биргелешкен дистанттык окуу структурасы ачылып, окуу процесси инновациялык технологиянын, телеконференциянын негизинде өткөрүлөт. Бул окуу структурада окуган студенттер кредиттер технологиясы менен окуп бүткөндө эки тараптын дипломдорун алышат. Азыркы учурда алдынкы аспиранттарыбыз, магистранттарыбыз илимий иштерин жактап келе баштады.

Эл аралык гранттар жана долбоорлор

Университет эл аралык гранттар, проектилер аркылуу ар кандай фонддор:Soros, DAAD, ПРООН, Fulbright Program, ABR, JICA (Япония), KOICA (Корея) жана программалар менен кызматташат: Tempus (14 проект), Erasmus Mundus (4 проект), Erasmusplus (KA1-9, KA2-6), Horizon 2020 (1 проект). 10 миллион еврого жакын долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган. Мисалы, "Темпус" проектиси менен Франциядагы алдыңкы университети менен биргелешип, эң мыкты эл аралык деңгээлде электрондук библиотека ачылган.

Окуу процесси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) расмий таанылган жогорку билим берүүчү курстарды жана программаларды сунуштайт. 2023 - жылга карата кайра реформаланган 10 институтта (тоо-кен, инженердик курулуш, колдонмо информатика, транспорт жана робот куруу, информатикалык технологиялар, технология, энергетика, архитектура жана дизайн, электроника жана телекоммуникация, Кыргыз-Герман техникалык институту) окуутуунун бир нече багыттары боюнча бакалавр, магистр, доктор (PhD) даражасын берүүчү окуу программалары менен билим берет[3]. Көпчүлүк сабактар окуу материалдарынын, көрсөтмө куралдарынын комплекси электрондук түрдө камсыз кылынган. Бүгүнкү күндө КМТУда 20 миңден ашык студент билим алууда, алардын арасында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Сирия, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер бар.

Илимий иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүгүнкү күндө университетте төрт диссертациялык совет иштеп жатат. 6 илимий изилдөөчү институт иштейт[4].

Илимий журналдардын Scopus маалымат базасына кирген журналдарда 1999 - 2023 - жылдары КМТУда эмгектенген 122 окмуштуулардын 182 илимий макаласы жарык көргөн. Бул көрсөткүч боюнча КМТУ республикада 7- орунду ээлейт[5].

Спорт жана социалдык маселелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окуу жайда спорт жана социалдык маселелерге да чоң көнүл бурулат. КМТУда китепкана, спорттук имараттар, ашкана, бир нече кафетерийлер бар, ошондой эле административдик кызматтарды көрсөтөт.

Эл аралык, республикалык деңгээлдеги ири спорттук мелдештерде ат салышкан КМТУнин спортсмендери акыркы жылдары спорттун 21 түрү боюнча өткөрүлүүчү "Универсиаданын" чемпиону болушкан.

Социалдык абалы начар студентерге, мугалимдердин студент балдарына, эң мыкты мугалимдерге жардам берилип турат.

"Жылдын эң мыкты окутуучусу", "Эң мыкты студенти", "Эң мыкты группа" деген номинацияда, университеттин атын чыгарган активисттерге, спортсмен студенттерине жана машыктыруучуларга жыл сайын акчалай сыйлыктар берилип турат.

Окуу жайдагы окутуучулар жана студенттер үчүн ашканада дайыма ысык тамак-аш уюштурулган. Тамак-аштын сапаты жана анын ассортиментине такай көңүл бурулуп турат, ашканага кирген ар бир адам тамак даярдоо процессин өз көзү менен көрө алат.

Азыр бүтүрүүчүлөрдүн 87-90% жакшы жумушка орношуп жатканы КМТУнун билим берүүнүн сапатын көрсөтүп турат.

Ректорлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.kgz.moost.ru/fpi.php
  2. https://kutbilim.kg/analytics/inner/mirlan-chynybaev-zhozhdorgo-berilgen-erkindik-n-g-g-zhol-achat/
  3. https://kstu.kg/bokovoe-menju/instituty
  4. https://kstu.kg/issledovanie
  5. https://www.scopus.com/home.uri