Казак Сары-Аркасы

Википедия дан
Казак Сары-Аркасы.

Казак Сары-Аркасы, Борбордук Казакстан Сары Аркасы, Сары-Арка — Казакстандын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү түздүк-дөңсөөлүү зор аймак; айрым жерлеринде жапыз тоо массивдери, кырка тоолор бар. Торгой коосу менен Алтай тоолорунун аралыгында. Мелүүн алкактын талаа жана жарым чөл зоналарында жайгашкан. Узундугу 1200 км, туурасы 400-900 км. Батыш бөлүгү — өтө түзөңдөлгөн пенеплен, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 300 – 500 м. Мында эки жапыз тоо массиви батыш жагында Улуу-Тоо (бийиктиги 1113 м), түндүгүндө Көкчө-Тоо (Синюха тоосу, 947 м) көтөрүлүп жатат. Сары-Арканын чыгыш бөлүгү көтөрүңкү келип (500-1000 м), кокту-колоттуу. Анын борборунда Каркаралы тоосу (1403 м), чыгышында Чыңгыз-Тоо (1469 м) жана Сары-Арканын эң бийик тоосу Кызыл-Тас (Аксоран массиви, 1565 м) орун алган. Салыштырмалуу бийиктиги 500-600 мден ашпаган жапыз тоо массивдери дөбө-дөңсөөлүү жана жалдуу (салыштырмалуу бийиктиги 10-50 мден 100 мге чейин) күдүрлүү түздүктөр сары-аркалар менен курчалган. Казак Сары-Аркасы геологиялык жактан Урал-Моңгол геосинклиналь алкагына кирет. Ал палеозойдун дисклокацияланып метаморфизмделген сланец, кварцит, кумдук жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Алар мезозой-кайнозойдун чөкмөлөрү менен жабылып жатат. Көп бөлүгүн интрузия (гранит, диорит, порфирит) жана эффузия (туф) тоо тектери ээлейт. Батыш бөлүгү каледон, чыгышы герцин бүктөлүү структураларына кирет.

Климаты континенттик, түштүктү карай кескин кургакчыл боло баштайт. Январдын орточо температурасы -14°С...-18°С, июлдуку 20-24°С. Кышында -40°Сге чейин суук, жайында 35°С жана андан ысык болот. Жылдык жаан-чачыны 200300 мм. Жайында кургакчылык, чаңдуу бороон жана керимсел болуп турат. Казак Сары-Аркасы Иртыш дарыясынын алабы менен Борбордук Азия ички агымынын суу бөлгүчү болуп саналат. Ири дарыялары: Ишим (Иртыштын алабы), Нура, Сары-Суу. Көлдөрү көп, эң ирилери Тенгиз (тайыз, бирок туздуу көл) жана Кургалжын. Түндүк бөлүгүндө бетеге, ак кылкандуу талаа, түштүгүндө жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Бул аймакта таш көмүр (Караганды, Экибастуз бассейндери), темир (Атасуу), жез (Жезказган, Коңурата), марганец рудалары, алтын, сейрек кездешүүчү металлдар ж. б. бар. Дөңсөө негизинен жайыт катары пайдаланылат; айрым жерлери айдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]