Мазмунга өтүү
— Астероид күнү
1908-жылы — Сибирдеги Подкаменная Тунгуска дарыясынын айланасында гипотезалык тело жарылган.
1928-жылы — Кыргызстанда өткөрүлгөн статистикага ылайык, борбор шаардагы жалгыз китепканага жазылгандардын саны 1400 адамга жеткен.
1944-жылы — СССРдин Медицина илимдер академиясы негизделген.
1962-жылы — Орусиянын Красноярск шаарына жакын жерде Ту-104 учагы жаңылыштыктан зениттик ракета менен атып түшүрүлгөн.
1963-жылы — Фрунзе шаарында Комволдук-кездеме комбинатынын биринчи өндүрүш ишканасы ишке киргизилген.
1970-жылы — Британия , Дания , Норвегия жана Ирландия Люксембург шаарында Европа экономикалык биримдигине кошулуу туурасындагы сүйлөшүүнү башташкан.
1971-жылы — Советтик "Союз-11" космостук аппараты кырсыкка учурап, ичиндеги адамдардын баары набыт болгон.
2009-жылы — Парижден Йеменди көздөй сапар тарткан А310 учагы Инд океанына кулап түшкөн.
2015-жылы — Индонезияда Hercules С-130 аскердик учагы Суматра аралындагы Медан шаарында жайгашкан мейманканалардын үстунө кулаган. Кырсыктын кесепетинен 140тан ашуун (бортто 113 адам болгон) адам көз жумган.