Канн конференциясы (1922)

Википедия дан

Канн конференциясы (1922) - Антантанын Жогорку советинин 6-13-январда Канн шаарында (Франция) өткөрүлгөн конференциясы.

Ага Бельгия, Улуу Британия, Италия, Франция, Жапониянын өкүлдөрү, ошондой эле Германиянын өкүлү, Репарация комиссиясынын (Германия жана анын союздаштарынын мойнуна коюлган репарациянын өлчөмүн жана аны өндүрүп алуу жолдорун аныктоо үчүн 1919-ж. түзүлгөн) мүчөлөрү жана АКШнын байкоочусу катышкан.

Канн конференциясы Генуя конференциясын даярдоо этабы болгон. Канн конференциясы Генуяда европалык бардык өлкөлөрдүн экономикалык жана финансылык конференциясын өткөрүү жөнүндө резолюция кабыл алып, анын күн тартибин белгилеген жана 6 параграфтан турган негизги шарттарды иштеп чыккан. Ал шарттардын биринде ар бир улут өзү каалаган тигил же бул системаны кабыл алуу укугуна ээ боло тургандыгы көрсөтүлгөн.

Буга В. И. Ленин чоң маани берген, анткени, ал жеке менчик системасынын бүтүп баратышын моюнга алуу менен коммунисттик системанын тең укуктуулугуна макул болуу эле. Башка өлкөлөр менен Экономикамикалык байланышты түзүү саясатын кубаттаган Совет өкмөтү Генуя конференциясына катышууга дароо эле макул болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.