Каракол (Ак-Суу району)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Каракол
|
Каракол (кырг. Каракол) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл Облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Каракол айыл аймагына караштуу. Жыргалаң суусунун төмөнкү агымынын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1740 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 26 км Түндүк тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 220 км. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1989 киши (2021)[1], мал менен алектенип, тоют өсүмдүктөрүн өстүрөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9