Кара карлыгач
| Кара карлыгач | |
| Карлыгач Испаниянын, Барселона шаарында | |
| Коргоо абалы | |
|---|---|
| Илимий классификация | |
| дүйнөсү: | Жаныбарлар |
| тиби: | Хордалуулар |
| классы: | Канаттуулар |
| түркүмү: | Карлыгачтар сымалдуулар |
| тукуму: | Карлыгачтар |
| түрү: | A. apus |
| Биноминалдык аталышы | |
| Apus apus (Linnaeus, 1758) | |
| Кара карлыгачтын таралыш аймактары | |

Кара карлыгач (лат. Apus apus) – карлыгачтар тукумуна кирген чоң эмес чымчык.
Жалпы мүнөздөмөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кара карлыгачтын узундугу 18 см, канаттарынын чабыты - 40 см, канатынын узундугу - 17 см, куйругунун узундугу - 8 см. Куйругу айры, өңү кара-күрөң болуп жашгылт тартып турат. Богогу менен моюну ак темгил; көздөрү кара-күрөң, тумшугу кара, буттары ачык-күрөң. Ургаачысы менен эркеги өңү боюнча айырмаланышпайт. Балапандарынын өңү ачыгыраак келет да, чалгындарынын учу киргилт-ак жээктүү болот.
Таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ортоңку Европада, Түндүк жана Орто Азияда таралган. Оруссияда батыш чекарасынан тартып чыгышында Байкалга чейин. Африкадажана түштүк Индияда кышташат.
Чымчыктар арасындагы рекордтору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кара карлыгач эң ылдам сызып учкан канаттуу, анын ылдамдыгы - 120-180 км/с чейин жетет.[2].
Карлыгачты тамакка колдонуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX к. аягында эле Түштүк Европада кара карлыгачтын балапандарынын эти "абдан даамдуу" деп эсептелип, алардын уялары массалык түрдө бузулуучу. [3].
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Apus apus. IUCN Red List of Threatened Species. Version 2012.1. International Union for Conservation of Nature (2012). Текшерилген күнү 5 -июль (теке) 2012.
- ↑ The Common Swift: Records and Phenomena
- ↑ Калып:Адабият