Кереметтүү түш жана аны жоруу

Википедия дан

Кереметтүү түш жана аны жоруу — дүйнөлүк эпостордо салттык мүнөзгө ээ болгон жомоктук-фантастикалык мотив. Башка элдердин баатырдык эпосторунда К. т. ж. а. ж. мотивдери кыска, схема түрүндө баяндалса, «Манаста» ага кеңири орун берилет. Чоң кубанычты же трагедиялык окуянын болорун билдириши мүмкүн. Мисалы, Манас баатыр төрөлөрдө көргөн кереметтүү түш өзүнчө баян болуп берилет. Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын атасы Жакып Алтайга барып эгин айдап, мал багып, кен казып ашкан бай болот. Бир чоң кайгысы баласы жоктугу. Күндөрдүн биринде ал түш көрүп, аны жорутууга элин жыйнайт, баяндайт. Түш жөн гана күнүмдүк окуя эмес, ага көп эл чогулуп кадимкидей той өткөрүлөт. «Ала-Тоо башын жайладым, Мен бир бала барчын бүркүт кармадым» (Саякбай Каралаев, 1. 45),— деп Жакып көргөн түшүн кеңири баяндайт:

Ушул түшүң чын болсо,

Ачылган көт жабылат.

Кара калмак — манжудан

Ажыратып алууга

Бизге бир арстан бала табылат! (Саякбай Каралаев, 1. 45—46).

Сагымбай Орозбаковдун вариантында кереметтүү түш жомоктук-фантастикалык мотивдер менен кеңири, көркөм сүрөттөлөт. Баласы жок Жакып зарланып, мазар кыдырып жүрөт. Жакып, анын байбичелери Чыйырды, Бакдөөлөт түш көрүшөт. Чыйырдынын түшүнө «алтымыш кулач ажыдаар», Жакыптын түшүнө бөтөнчө куш кирет:

Асмандагы канаттуу

Айбатынан уча албай,

Жерде жүргөн аяктуу

Желип чыгып кача албай (Сагымбай Орозбаков, 1. 47).

Бакдөөлөттүн түшүнө туйгун кирет. Бай Жакып көп мал союп, чоң той берип, элге түшүн баян этет. Түштү эл жоруй албай кыйналат. Акырында Байжигит жоруп, Чыйырды «Ажыдаардай айбаттуу, арыстандай кайраттуу» уул төрөрүн билдирет. Жакып жана анын байбичесинин түшү келечекте элин жоодон коргой турган ашкан баатыр баланын жарык дүйнөгө келерин символдойт. "Манас" эпосунда Манас өзү да кереметтүү түш көрөт. Түшүнө кылыч, жолборс, куш кирет. Бул кереметтүү түштү өткүр чечен Ажыбай: «Билинди айткан түшүңүз, оңолгон экен ишиңиз, оолуккан экен сизди издеп ойдогу азиз кишиңиз. Кытайдын кыйыны Соорондүктүн уулу Алмамбет кылымдан ашкан эр чыгып, өз элинен кетип, Көкчөгө келип турду деп уктум эле. Жолборс жолдош болгону ошол Алмамбет келип сага кошулат экен» — деп жоруйт. Бул эпизоддон баатырдыгы жана акылы жагынан өзүнө теңдеш эр жүрөктүү, акылман дос издеп, өзүнө барабар жолдош күтүүнү мурдатан эле самап жүргөн Манастын кубанычын көрөбүз. Ошентип, К. т. ж. а. ж. эпосто көркөм поэтикалык ыкма катары милдет аткарат. Эл тыштан басып кирген душмандардан элди-жерди коргой турган ашкан баатырдын төрөлүшүн күтөт. Манас баатыр төрөлө электе эле анын идеялдуу образын эл өзүнүн фантазиясында жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4