Кирпи

Википедия дан
Кирпи
Кулактуу кирпи
Жалпы маалымат
Жашаган жери: Орто Азия, Индия, Африка, Жаңы Зеландия
Денесинин узундугу: 20-30 сантиметр
Куйругунун узундугу: 3 сантиметр
Салмагы: 700-1500 грамм

Кирпинин жашаган жери (лат. Erinaceus, L. 1758) - Орто Азия, Индия, Африка, Жаңы Зеландия. Кирпи эркиндикте 2-7 жыл, ал эми колдо багууда 8 жылдан 16 жылга чейин жашайт.

Чоң кирпиде узундугу 3 сантиметрге чейин жеткен 5-6 миң, кичинесинде 3 миңге жеткен ийнеси болот. Ийнелери кирпини душмандардан , мисалы, түлкүдөн, карышкырдан жана үкү сыяктуу жырткыч куштардан сактайт.

Эне кирпи жылына 3-6, кээде 7-8ге чейин ийнесиз, кызыл эт баштанган бала тууйт. Төрөлгөндөн кийин бир нече сааттан кийин ийнеси өсө баштайт.

Көзү кара, тоголок. Адам сыяктуу эле түстөрдү айырмалай алат. Мурду шуштугуй жана ар дайым нымдалышып турат. Кирпинин кулактуу түрүн да Пакистандан, Ооганстандан да кездештирүүгө болот.

Тишинин саны 36. Жылан, бака, курт-кумурскалар, козу карын, мөмө-жемиштер кирпинин эң негизги азыктары болуп саналат.

Ноябрдан апрель айына чейин аюу сыяктуу чээнге кирип уктайт.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Супер-Инфо гезити