Кожожаш, (Шыпшайдар)

Википедия дан

Кожожаш, (Шыпшайдар) — кытайдын көзгө атар мергени. К-тын образы эпосто көбүнчө Алмамбетке байланыштуу эскерилет. Ал Алмамбет менен чогуу жүрүп, алтымыш баштуу ажыдаардан бирге окуп, көзгө атар мергендик, жайчылык өңдүү укмуштуу өнөрлөргө ээ болот.

Учаарын билип ал калды,

Жүрүштү билип мен калдым

Келип калса бул жерге

Баарыбызды оң кылбайт,

Жалпыбызды соо койбойт (Саякбай Каралаев, 2. 184),— деп Алмамбет да, өзүнөн алты ай ашыкча окугандыктан К-тын өнөрү артыкчылык кыларын айтат. Ооруп айыккан К. Кичи казатка келгенден кийин Алмамбет, Чубак, Сыргак, Көкчө, Музбурчак баш болгон Манастын бел байлаган баатырлары, кыйын чоролору окко учат. Аккула да К-тын огунан мерт болот. Өзү кийинчерээк Манастын колунан, Аккелтенин акыркы огунан өлөт. Шапак Рысменде уулунун , Молдобасан Мусулманкул уулунун варианттарында К. темир канаттуу ат менен асмандан уруш салат. Кыргыздардын жана ага канатташ жашаган Орто Азиядагы элдердин оозеки чыгармаларында канаттуу тулпарлар белгилүү болсо да, «Манастан» башка эпос, дастандарда К. окшоп канаттуу тулпар минип асмандап уруш ачкан кейипкерлер белгисиз. Шаманизм дини али күчтүү сакталган Борб. Азиядагы түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында дайыма учуп жүргөн тулпар минген ар түрдүү кейипкерлер, түрдүү көрүнүштөрдү, кубулуштарды пайда кылуучу пирлер мол кезигет. Бурят мифологиясында Хухредей-мерген — жаан-чачындын, күн күркүрөөнүн пири. Ал дайыма тогуз канаттуу көк боз ат минип жамгырдын үч пири, чагылгандын үч пири менен бирге туман түшүрүп, жаан-чачын жаадырып дүйнө кезип жүрөт. Эпостун Шапак Рысменде уулунун вариантында Шыпшайдар (К.) ушул жаан-чачын, чагылгандын Хухредей-мерген башында турган пирлерине жакын сүрөттөлөт:

Шыпшайдар деген аяр бир,

Алтымыш аяр кашында,

Сыймык кушу башында,

Түп Бээжиндин түбүнөн,

Эсенкандын алдынан,

Убада күнү толгондо

Булут минип буркурап,

Аяр келди чуркурап,

Бу кудайдын буйругу,

Аярларды караса,

Жылан өңдүү куйругу,

Куштай учкан канаты (Шапак Рысмендеевдин варианты, Кол жазмалар фондусу, 1085-инв., 192-б.).

Шыпшайдардын аярлардын башында туруп, булут минип, туман түшүрүп, жамгыр жаадырышы, анын үстүнө жылан куйрук болушу (жылан байыркы мифологияда жаан-чачындын ээси) Хухредей өңдүү жаа менен куралданып, аныкына окшош ат минип жүрүшү экөөнүн качандыр бир кезде генетикалык-типологиялык жакындыгы болгондугун көрсөтөт. Шыпшайдар аяр аталганы менен байыркы кыргыздардын синкреттик мифологиялык түшүнүгүндөгү жаан-чачындын ээси — зооморфтук жаныбар ажыдаардан шаманисттик түшүнүккө ылайык антроморфтук түргө келүү менен бирге, зооморфтук белгилерин да сактап калган (мисалы, жылан куйрук болушу). «Шыпшайдар» деген ысымдын келип чыгуу төркүнү да бул кейипкердин шаманизм дининдеги кудай болгонун көрсөтүп турат. Бир катар түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда «Айдар» шамалдын, аба ырайынын пири болгон. Шыпшайдардын байыркы атынын кээ бир варианттарда «Кожожаш» деген ысмы менен алмашылып калышын ушундай аталыштагы элге кеңири белгилүү кенже эпостун таасири катары кароо керек. К. (Шыпшайдар) бардык жагынан Хухредей-мергендей күчкө-касиетке ээ болуп туруп, аяр аталышы шамандык ишенимдердин сүрүлө башташы менен шартталган. Баштагы пирлердин, культтардын мифологиялык касиеттеринен ажырай башташы, алардын элдик оозеки чыгармалардагы образын акылга сыярлык кадыресе адамдардай талкуулоого алып келген. «Манас» эпосунда эч кимден жеңилбеген, алтымыш баштуу ажыдаардан окуп, кереметтүү түркүн өнөргө ээ Алмамбеттин К-тын огунан набыт болушу кокус көрүнүш эмес. Эпостордун алгачкы үлгүлөрүндө, мифтерде Прометейдин тибиндеги маданий кармандар (Алмамбеттин көөнө образы ушул типке жатаары атайы изилдөөдө көрсөтүлгөн) табият стихиясын элестеткен укмуштуу күчтөргө каршы күрөшүп алардын үстүнөн жеңиштерге жетишет. Күчтөрүнө ишенген алардын батылдыгы бара-бара кудайлар менен теңтайлашууга алып барат. Мындай каармандардын бардыгы тең акырында кудайлар тарабынан жазага кириптер болушат, көпчүлүк учурда өмүрлөрү кайгылуу аяктайт. Анткени А. Ф. Лосев белгилегендей: «мифология өкүм сүрүп турганда, башкача айтканда кудайлар кудай, каармандар каарман болуп турганда башкача болушу мүмкүн эмес эле» (Античная мифология, М„ 1.957, 152-б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4