Куялынын согушка кириши

Википедия дан

Куялынын согушка кириши Сарыбайга каршы Күлчоро менен Сейтекти жанына алып, Куялы аттанып чыгат. Сарыбайдын сырткы сүрү, баатырдык бедели шумдук, эл-жерге мүшкүл салып турган учуру. Чачын төбөсүнө ороп түйүп, башына көк темир туулга кийип, Желжетпес тулпар минип жекеге чыккан алп кыздын көрүнүшү андан да ашып түшөт. Сейтек экөө Сарыбай менен алмак-салмак кармашып, акыры ачууланган Куялы Сарыбайдын боорун жара саят. Өлүм алдында турса да Сарыбай кайратынан кайтпайт. Акыры Сейтек менен Куялынын баатырлыгы аркасында эл коркунучтуу душманынан кутулуп жыргап жатып калат. Чоң той өткөрүлөт. Жарды-жалчыга казына чачылып, Сейтек кан шайланат. Санаа тынып, Куялы өзүнүн элине, Семетей, Бакай, Каныкей, Күлчоро, Айчүрөктөр элди душмандан коргоп алар ээси бар деп, кайып болуп кетишмек болот. Буга чейин алардын мурдагы иштеген адилет иштери жомоктолуп, түбөлүк коштошуу өтө оор сценада өтөт (Шапак Рысменде уулунда Каныкей ооруп өлөт). Шапак Рысменде уулу менен Багыш Сазан уулунун варианттарында Куялы Коңурбайдын уулу болуп, Таласка чабуулдап келип Сейтектен жеңилет. Кыз Куялы деген ысым Кызыл-Суулук кыргыздардагы варианттарда да кезигип, Сейтек ага үйлөнөт. Кыскасы, Куялы деген аттын өзү бир кезде кандайдыр бир Манасчылардын тобуна тааныш келип, бирок анын эпостогу аткарган милдети бирдей калыптанып үлгүрбөгөн сыяктуу. Биздин оюбузча Саякбай Каралаевдин вариантында Айчүрөктүн Куялыны Сейтекке баш кошууга үгүттөшү менен жогорку аталган варианттагы Сейтек Куялыга үйлөнгөн сюжеттин ортосунда кандайдыр бир жалпылык бар.

Окуялары ырааттуу түзүлгөн Ыбырайым Абдракман уулунун вариантында мындан кийинки чоң эпизод — «Карадөөнүн Таласка карай жасаган жүрүшү». Карадөө мурдагы эпикалык душмандардан айырмаланып, Индостандын алты шаарына жакын жерден келет. Манастын небереси Сейтек деген баатыр чыкты деп угуп, алты сан кара кол жыйып, Таласты беттейт. Бул чоң согуш баатырлардын жекеме-жеке чыгуулары аркылуу өөрчүйт. Жекеге чыккан Карадөөнү Күлчоро курунан алып жерге урганда баатырынан ажыраган анын кошуну багынууга аргасызданат. Мында сырттан келген баскынчы Карадөөнүн согушунан башка Коңурбайдын баласы Куялынын Таласка жасаган жүрүшү баяндалат. Жашы отузга келип, беттешкенди мертинтип турган Куялы Сейтектин кабарын угат. Коңурбайдын кунун кууйм деп кыргыздарга жөнөйт. Мында да адаттагыдай эле эки тарап тең согушка даярдык көрүшүп, баатырлардын жеке кармаштары аркылуу бүтөт. Өзү келип катылган Куялы качууга аргасыз, артынан түшкөн Күлчоро жетип башын алат. Жакшылык Сарык уулунун вариантындагы согуштук чоң окуя да «Карадөөнүн Таласка жасаган жүрүшү». Карадөө менен Агалдай дөө эсепсиз кол алып Таласты каптайт. Кадимкисиндей күч-кубаттуу, кыргыз уулдары Карадөөнүн колуна аламан коёт. Эпикалык баатырлардын салты боюнча адегенде Сейтек менен Карадөө жекеме-жеке салгылашат. Эки баатырдын кармашынын өтө катаалдыгы өзгөчө берилет. Сейтек Карадөөнү жеңип, сөөгүн өрттөтүп, күлүн көккө сапыртат. Бул көбүнчө кийинки эле жылдары жазылып алынган ысык-көлдүк Манасчы Мамбет Чокмор уулунун вариантына жакындашат. Душман жеңилип, чоң той өтүп Сейтек казынасын карыптарга таратып, кан шайланып бейкут турмуш орнойт.

Сейтектин акылман кеңешчиси Акжолтой Манас Алтайда тургандагы калмактан чыккан Кутубий аттуу чоросунун баласы. Кутубий жетимиш түрлүү тил билген, Мисир менен Багдаттан окуган билимдүү, кыраакы, калыс адам катары айтылып, анын баласы Акжолтой да билимдүү, баатыр чыгып, жер чалгындап жүрөт. Чөбү, суусу жок Медиян чөлүн кыдырып чаалыгып, бир булакка келип эс алып олтурса алыстан коюу чаң чыгат. Караса, куйругу кылыч, көзү чок бир коркунучтуу нерседен Куралы деген жылкы качып келатат. «Бил менен керикти койдой жеген» Койбос-Тойбос аттуу ошол айбанды Акжолтой кырк чилтен, кызыр Илиястын жардамы менен кылычтап өлтүрөт. Аңгыча ак селдечен бир адам (Олуя чал) пайда болуп, баатырга Кулунсур, Кулансур (Кунансур) деген эки тулпарды тартуулайт. Буларга кошуп асмандан түшкөн Наркескенди, Алмабаш аттуу жандуу мылтыкты, гүлдүү бадам көк купуну Манастын Сейтекке деген аманаты эле деп тапшырат. Сейтекке ылайык перинин кызы Акбермет аттуу сулуу бар, келип ошого үйлөнсүн деп, кыздын өзүнүн да аманатын айтат. Түшүндө бир думана чал көрүнүп, «Кадимки канкор эр Сейтек, каалап тиер күйөөң» деп нике кыйып, Акбермет алигиче Сейтекти күтүп жүрөт. Эркекче кийинип, миң балбанды жыйып алып, Сейтекти чабам деп токсон уруу суу кечип, Чын-Кап тоосун таянганда сыйкырчылардын жери экен ажыдаарга кезигип, кырылышып Акбермет араң кутулат. Ошол Акбермет эми Сейтекке өзүнүн каухар шакегин белекке берип жиберет. Акжолтой эки тулпар ат менен Төрткүлдөгү кандын чеби капкага келип көргөнүн айтат. Сейтекке Олуя чалдын бергендерин тапшырат. Акжолтой алып келген Акберметтин кабары Сейтек эмес, жалпы элди кубандырат. Анын урматына алты жылы туу калган ак боз бээни алдырып, бутун буубай эле кулагы менен көкүлүнөн кармап туруп Манастын арбагына багыштап мууздашат. Сейтек Акберметти карай жолго камданат. Кулансурга ак нокто каттырып, ок өтпөгөн суп жабуу жаптырат. Болот така, күмүш мык кактырат. Булгаары тердик, көк токум салдырып, Алмамбеттин Аккаңкысын токушат. Бөлөкбай уста кырк калчасы менен бүтүргөн Аккаңкынын качанкы тарыхы айтылат. Мына ушундай сандыргалуу салтанат менен көй баатырдан жолдош алып, Сейтек Кең-Өзөнгө келет. Кең-Өзөндүн табиятынын кооздугу Сейтекке өтө жагып, элимди биротоло көчүрүп келчү жер экен деп кызыгат. Дүрбүсүнөн алды тарапты караса алда немедей көркөм ак чатыр көзгө урунат. Акбермет Сейтектин издеп келерин сезип, чоң камылга менен баатырдын сын-сыпатын сынамакка түрдүү баатыр-балбандан сакчы коюп, күтүп жатат. Ал да эли-жерин жоодон коргой билген баатыр кыз. Он бир жашында атасы өлүп, он үчкө чыккандан бери эл милдетин моюндап, жаа тартып аң уулайт. Он бешке келгенде перилерге султан — кан болот. Сейтек келерде кереметтүү түш көрүп, жанжөкөрү Күлайым түштү жакшылыкка жоруп, Сейтекти күтүшөт. Кыздар Кең-Өзөнгө оюн курушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4