Кыргызстан Орусиянын колониясы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргызстандын XIX кылымдын ортосунан XX кылымдын биринчи чейрегине чейинки Орусия империясынын курамында болгон мезгилинде падышачылык Орусиянын административдик-чөлкөмдүк, экономикалык, социалдык жана руханий саясаты Кыргызстандын Орусиянын тикеден-тике колониясы болгондугун далилдеп турат.


Колония деген эмне?[оңдоо | булагын оңдоо]

"Колония» деген термин Рим империясынын мезгилинен бери эле келе жаткан түшүнүк. Анын азыркы мааниси кеч орто кылымдардан (XVI к.) баштап жаңы доордун аягына чейинки (XIX к.) мезгилде калыптанган. Бул терминдин маани-мазмунун калыптандырууда европалыктардын ичинен айрыкча Англия бөлүнүп турат. ХIХ кылымдын аягына чейин «колония» деп Англияга саясый, экономикалык жактан толук көз каранды, бирок тургундары мурунку англиялыктар болгон аймактарды атап келишкен.

1841-жылы англиялык саясат таануучу Г.Левиз колонияга мындай аныктама берген. “... бир өлкөгө баш ийген саясый жалпылыгы бар адамдардын тобунун, ал өлкөдөн чыгып, эч ким жашабаган же мурунку тургундарын кууп жиберүү менен бошогон аймакта өзгөчөлөнгөн коомду түзүшү колония деп аталат». Ошого жакын эле аныктаманы ХIХ кылымдын ортосундагы белгилүү англиялык статист жана экономист Д.Маккулох өзүнүн «Соода сөздүгү» деген китебинде берет. Ал «...адамдардын тигил же бул тобунун өз ата мекенинен ыктыярдуу эмиграция болуп же зордук менен көчүрүлүп баруусунун натыйжасында башка жерлерде пайда болгон турактарды «колония» дейбиз»,— деп жазат[1].

Азыркы учурда “колония” термини кеңири колдонулуучу аталыш[2].

XVIII-XIX кылымдарда Англиянын ушундай ээликтеринин көбөйүшүнүн натыйжасында кийинчерээк Улуу Британия басып алган бош жерлердин, өлкөлөрдүн, аралдардын баарын эле «колония» деп аташып, термин өтө кеңири маани берип калган.

Колониялардын типтери[оңдоо | булагын оңдоо]

Батыш Европа өлкөлөрүнүн, Орусиянын жана айрым чыгыш өлкөлөрүнүн (Жапония) колониалдык системаларынын үлгүлөрүн карап туруп, колонияларды төмөнкү негизги типтерге бөлсө болот:

  1. «Балакатка жете элек» колониялар. Бул тип эч ким жашабаган бош жерлерди колонизациялоодон пайда болот. К. Маркс өзүнүн «Капиталынын» ХХV бабында мындай жерлерди чыныгы, таза, «балакатка жете элек» (девственная) колониялар деп атайт[3]. Мындай колонияларга келгин оторчулардын отурукташуусу мүмкүн. Кийинчерээк бул колониялар алардын ээси — метрополияга[4] экономикалык, саясый жана идеологиялык жактан толук көз каранды болуп калышкан. Бирок, колониялардагы тургундар негизинен метрополиянын атуулдары болгондуктан, аларда жеке укуктары жагынан гана бир аз чектелүү болушу мүмкүн.
  1. Толук, таза, чыныгы колониялар. Бул типке дүйнөлүк алакага кире элек, цивилизациядан сырт жашап жаткан жергиликтүү урууларды, элдерди басып алуу жана ал жерлерге метрополиялык келгиндерди отурукташтыруу менен түзүлгөн колониялар кирет. Мындай колонияларда жергиликтүү тургундар келгиндерден саны боюнча аз же көп болушу мүмкүн, бирок алар метрополияга толук көз каранды бойдон кала беришет. Жергиликтүүлөр жана келгиндер саясый, укуктук жактан кескин айырмаланышып, биринчилери толук саясый көз карандылыкта, экинчилери салыштырмалуу толук эмес саясый көз карандылыкта болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай системада метрополия менен колониялардын, келгиндер менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы карама-каршылыктар айыгышкан чекке чейин жеткен мисалдар арбын.
  1. Эл аралык коомчулукка белгилүү, салыштырмалуу өнүккөн жана бай тарыхы бар, бирок цивилизациялуу дүйнөлүк чарбага кире элек, өзүнүн мамлекеттик түзүлүшү, экономикалык, социалдык жана идеологиялык белгилери мурунтан калыптанган өлкөлөрдүн метрополия тарабынан басып алуусунун натыйжасында пайда болгон колонияларды «саясый-экономикалык маанидеги колониялар» деп атоого болот. Мындай колонияларда келгиндердин чоң массасы жок болуп, жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүнө саясый, экономикалык жана руханий жагынан азыраак укуктар берилет. Дүйнөлүк чарба алакасына кирүү менен коштолгон жаңы шарттарда жергиликтүү тургундар саясый-экономикалык жана руханий жактан акырындап өнүгүүгө жетишет. Мунун натыйжасында азаттык кыймылдары пайда болуп, колонияларда боштондук күрөш өөрчүп, ал кээде жогорку деңгелге чейин жетиши мүмкүн.

Кыргызстандын ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы жана ХХ кылымдын башындагы тарыхый, коомдук жана географиялык шартын карап, аны негизинен колониялардын экинчи тибине кошууга, ошондой эле колониялардын үчүнчү тибинин да айрым элементтери бар экендигин байкоого болот.

Колониялык саясаттын кесепеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Колониялык саясаттын комплекстүү аракеттеринин натыйжасы метрополиянын бийликте турган катмарынын улам байышына, аскер күчтөрүнүн бекемделишине, ошол эле учурда колонияларда метрополиянын кызыкчылыгына жооп берген бир беткей экономиканын калыптанышына, колония элдеринин жакырланышына, аларга дүйнөлүк ресурстарга чыгуу мүмкүнүчүлүгүнүн улам тарышына, атүгүл руханий жактан деградацияланышына алып келген.

Колониялык саясаттын эң акыркы кесепети катары метрополия менен колониялардын карама-карышылыгынын курчушу, анын себебинен сепараттык, улуттук-боштондук кыймылдардын өнүгүшү жана куралдуу күрөш эсептелет. Бул түйүн эртеби-кечпи тынчтык же куралдуу жол менен чечилиши күтүлөт. Ал түйүндү чечүүдө ички, көп учурда тышкы факторлор маанилүү рол ойнойт.

Демек, жогорку кыскача сүрөттөлгөн схема Орусиянын Кыргызстандагы XIX кылымдын орто ченинен XX кылымдын 20-жылдарына чейинки саясатына толук бойдон дал келет. Аны Кыргызстандын жана анда жашаган элдердин “колониалдык доор” деп аталган мезгилиндеги тарых мисалдарынан даана көрүүгө болот.

Орусиянын колониялдык саясатындагы классикалык колониялык система менен окшоштук[оңдоо | булагын оңдоо]

Орус тарыхчылары Орусиянын Батыштагыдай колониалдык системасы жок деген бүтүмүнүн натуура экендигин XIX кылымдын баш ченинде эле Түркстанды басып алууга аракеттерин баштаган Орусия жана Англия сыяктуу өчүгүшкөн эки державанын максаттары, ишке ашыруу ыкмасы, согуштук акциялардын мүнөзү, мөөнөтү жана негизи бир экендигин Лондондогу ошол кездеги орус элчиси Ф.И.Брунновдун Орусиянын тышкы иштер министри К.В.Нессельродеге жиберген билдирүүсү далилдеп турат. Ал ошол кездеги Европадагы эл аралык мамилелерде Англия менен Орусиянын ана башчы ролу ачык көрүнүп калган мезгилде согуштук акциялар башталды, ошондуктан англо-орус мамилелеринде “европалык жана азиялык саясат, эки саясатты эмес, бир саясатты” түзөт деп жазат[5].

Ушул пикирди толуктоо үчүн Лондондогу “Таймс” газетасында келтирилген дагы бир пикирди айта кетүү ылайыктуу. “Орусиянын саясаты биздикине өтө окшош. Орусиянын Чыгыштагы өз миссиясын коомчулукка түшүндүрүүсү биздикиндей эле. Орусия максатыбыз — соода жана цивилизация, ал эми саясатыбыз согуштук басып алуу эмес, чет-жакалардагы чөлкөмдөрдү бириктирүү деп жарыялап жатат. Ушундай эле сөздөрдү биз да айтпадык беле...” деп белгилейт “Таймс” газетасы[6].

Орусиянын Кыргызстандагы колониялдык саясатындагы негизги принциптер[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандагы 60 жыл чамалуу созулган колониялык доорунда падышачылык өзүнүн колониялык саясатын жүргүзүүдө «акырындап, этап-этап менен, ырааттуу түрдө» ишке ашыруу принцибин жетекчиликке алган. Орус падышачылыгынын Түркстандагы, анын ичинде Кыргызстандагы колониалдык саясатынын негизги принциптерин түшүнүү үчүн алгач Орусиянын колониялык системасынын батыш Европалык колониялык системаларадан айырмаланган бирден-бир орчундуу өзгөчүлүгүн билип алуу зарыл. Европалык колониалдык системаларда, мисалы Англияда, Белгияда же Францияда метрополия менен колониялардын ортосун океан, тоо кыркалары, чөлдөр сыяктуу ири географиялык тоскоолдук бөлүп турат. Ал эми орус метрополиясы (борбордук Орусия) менен анын колонияларынын (чет-жакаларынын) ортосунда адам өтө алгыс географиялык тоскоолдуктар жок. Орус колониализминин апологеттери тастыктагандай, Сибир, Кавказ, Орто Азия сыяктуу чет жакалар Орусиянын “эзелки” аймактарынын уландысы катары каралган.

Орусиянын колониялык саясаты үчүн мындай географиялык фактор, чыныда саясий мааниге ээ болгон. Ошондуктан орус колонизаторлору басылып алынган колониялардын узак мөөнөттүн ичинде накта орус жерине айланып кетишин көздөгөн. ХVI кылымдан башталып келе жаткан мындай саясаттын жемиши катары Уралдын чыгыш жактары, Түштүк Орусия, Сибирь бир кездерде колониялык ээликтер болуп, ал эми ХIХ кылымдын экинчи жарымында нукура орус жери болуп калгандыгын айтса болот. Түркстан, анын ичинде Кыргызстан үчүн да ошондой эле максат коюлган. Ушул себептүү Орусиянын апологеттеринин иштеп чыккан колониялык саясатынын бирден-бир негизгиси ОРУСТАШТЫРУУ концепциясы болучу.

Орусиянын Кыргызстандагы колониялдык саясатыныны ОРУСТАШТЫРУУ концепциясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Орусташтыруу концепциясына стратегиялык кең маани берилип, аны аткаруу мөөнөтүнө узак жылдар белгиленген. Түркстан жана анын элдери акырындык менен экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясы менен толук биригип кетүү, атүгүл идеологиялык жана руханий, дин жагынан да, одоно айтканда ”орус болуу” максаты коюлган. Чынында, кийин совет доорунда Сибирь, түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери орус болуп эле калышкандыгын ким тана алат.

Орусташтыруунун негизги каражаттары катары төмөнкүлөр саналган.
Алар:

  1. Орусиянын заң-закондорун акырындык менен жергиликтүү чөлкөмгө киргизүү;
  2. түпкү калктын динин, улуттук баалуулуктарын одоно бузбастан, акырындык менен алардын арасына орус динин, орус маданиятын жана орус менталитетин жайылтуу;
  3. аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн Түркстан крайы түзүлгөн алгачкы күндөн эле [[Орусиянын Кыргызстандагы отор саясаты|оторчулук саясатын (Орусиянын борбордук губернияларынан казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келүү) баштоо болгон.

Шилтемелер:[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Ерофеев Н.А. Английский колониализм в середине XIX в.-М.,1977.-15-бет.
  2. “Колония” терминин саясат таануудагы, коомдук илимдердеги мааниси чет элдик мамлекеттен көз каранды, суверендүү эмес ээлик теп түшүндүрүп жүрүшөт. “Колония” термини тарых, география, дипломатия, биология, юриспруденция, топонимика жана башка илимдерде жана тармактарда кеңири колдонулат.
  3. Маркс К. Капитал. Маркс К., Энгельс Ф. –Чыг.2-бас.-Т.23.-772-бет.
  4. “Метрополия” – грек тилинде (μητρόπολις — «эне шаар») деген маанини берип, тарыхый жагынан тигил же бул көз каранды ээлиги (колониясы) бар өлкөнү же шаар-мамлекетти “метрополия” деп аташат.
  5. Россия Федерациясынын Тышкы саясаты архиви.—1-9-Башкы архив фонду.—8-оп.—14-иш.—16-барак.
  6. Вестник Европы.-СПб., 1968.-Т.3.-№ 6.—807-бет.

Электрондук шилтемелер:[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар:[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Ерофеев Н.А. Английский колониализм в середине XIX в.-М.,1977.
  2. Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Бишкек: Кыргызстан,1997.—360 бет.
  3. Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү. –Бишкек: Бийиктик,2009. -392 б.
  4. Маркс К. Капитал. Маркс К., Энгельс Ф. –Чыг.2-бас.-Т.23.-772-бет.
  5. Плоских В.М. У истоков дружбы.-Фрунзе: Кыргызстан, 1972.-152 с.
  6. Токторбек Өмүрбектегин, Тынчтыкбек Чоротегин. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы.1855—1868.— Бишкек: Мамлекеттик ”Учкун” концерни, 1992.
  7. Чороев Т. Кыргызстан — колония.// Кыргызы и Кыргызстан: Опыт нового исторического осмысления.—Бишкек: Илим,1994.