Көл-Кечүүдөгү кармаш

Википедия дан

Көл-Кечүүдөгү кармаш — сюжеттин татаалданышындагы өзүнчө бутак.

Кытайдын колун тосуп урушуп жүргөн Манас Коңурбайды көрүп, көздөгөнүм табылды деп кубанып, атына камчы салып качырып калды. Коңурбай да Манасты беттеп, найза сунуп, экөө кез келгенде Манастан төшкө найза жеген Коңурбай аттан кулап түштү. Кайра тартып анын башын кесүүгө кылыч суурган Манаска Бороончу кол салып, Коңурбайды таштап Бороончуну да ыргыта сайды.

Бороончунун башын кесүүгө буямасын келтирбей калың жоо туш-туштан каптап, ураан салып тегеректеп кеткенде жамгырдай, мөндүрдөй жааган октун астында эсепсиз душмандын арасында жалгыз калган Манас сестенип, бет алдын сүзө качырып, жарып өтүп, бөлүнүп чыга берди. Манас Иткечпестин Кара-Суудагы Көл-Кечүүгө киргенде артынан көп жоо жете келип, жабылып кол салып, бучкактап алга жылдырбай алек кылды. Манасты акмалап келген Алмамбет менен Чубак калың жоого бой уруп, согушуп, Манас суудан өтүп кеткенче улам каптаганынын алдын тосуп, токтотуп турушту. Манас тиги жээкке аман чыкканын көргөн Алмамбет менен Чубак сууга киргенде кармап калмакчы болгон душман өмөлүп каптап сууга кошо кирди. Муну көргөн Манас эки баатырды куткарам деген ой менен сууга кайра кирди, аны көрүп Алмамбет катыгүн төрө кайра тарт! — деп кыйкырды. Ага болбой жоого аралашкан Манас Көл-Кечүүнү кан кылып, жоонун көбүн кырып, Алмамбет менен Чубакты ажыратып чыкты. Мурда тердеп, катуу кыйналып калган Айбанбоз муздак сууга кайра киргенде эти жашып, ичи көөп, шайы кетип, суунун шарына туруштук бере албай агып жөнөдү. Аны байкаган Коңурбай артынан акмалап барып, суунун кууш жеринен тосуп, жакын келгенде бет маңдайынын эки көздүн ортосун далдап найза шилтеди. Көз айырбай карап турган Манас бет маңдай келген найзаны шап түпөктөн кармап токтотуп калды. Найзанын учу Манастын колунда, сабы Коңурбайда, ал нары түртсө Манас аты менен калкып нары кетет, бери тартса жээкке жакындайт. Манастын сууга акканын көргөн Алмамбет берки өйүзгө кайра өтүп, Коңурбайды качырып кол салды. Анын жакындап кирип келгенин көргөн Коңурбай найзасын таштай качып, колуна кирди. Эки найза өңөрүп, бул кыргыз кырылганбы?! — деп Манас суунун жээгине жаңы чыкканда кошундун алды келип, согушка аралашты. Аккуланы жетелеп келип Бакай Манаска тартты.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта да, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Башка белгилүү манасчылардан Шапак Рысмендеевдин вариантында гана Манастын сууда агып, Коңурбайдын найзасын кармап калганы кыска баяндалат. «Чоң казаттын» окуясы катары аталбаганы менен эпостун Валиханов жазып алган эпизоддун текстинде жылкыны кууп келген Коңурбайдын чоң суунун кечмелигинде Манас менен кезиккени, экөө кезек беришип беттешип, ошол беттешүүдө Коңурбайдын Манастан өлгөнү кыска баяндалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4