Либретто

Википедия дан

Либретто (итал. libretto, сөзмө-сөз – китепче) – 1) көркөм адабиятта сахна үчүн жазылган опералык чыгармалардын көркөм тексти. Либретто адатта ыр түрүндө жазылат. Кыргыздын «Алтын кыз» (Ж. Бөкөнбаев), «Ажал ордуна» (Ж. Турусбеков), «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов), «Айчүрөк» (Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Ж. Турусбеков) операларынын либреттосун профессионал акындар жазышкан; 2) музыкада музыкалык-драманын (опера, оперетта, кантата, оратория, кыска балет баяндамасы либретто деп аталган) диалогдуу көркөм тексти; 3) балеттин адабий сценарийи; 4) операнын, опереттанын, балеттин, драманын, кинонун кыскача сюжетин баяндаган өзүнчө китепче, баракча, театрдык прогpамма. 17-кылымдын акырынан операнын либреттосу көрүүчүлөргө китепче катары чыгарылып турган. 18-кылымдын ортосуна чейин либреттонун композициясы типтүү схема боюнча жазылса, 19-кылымдан адабий-драматургияга шыгы бар, көрүнүктүү композиторлор операларына өздөрү либретто жаза башташкан (Г. Берлиоз, М. П. Мусоргский, С. С. Прокофьев жана башка) Кээде балеттик (мисалы, «Чолпон» балети) чыгармалардын тексттерин да либретто деп аташат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7