Майтөр кербен сарайы

Википедия дан

Майтөр кербен сарайы — 10-13 кылымга таандык эстелик. Жети-Өгүз районунда Кумтөр алтын кенинен 20-21 км түндүк батышта, Кашкасуу, Майтөр сууларынын кошулушундагы Өччат коктусунда жайгашкан. 1997-жылы Кумтөр археологиялык экспедициясы тарабынан ачылган. Пайдубалы (1,60 м) таштардан кыналып,дубалы топурак сокмо, айрым жерлери бышырылган кыштан тургузулган. Сарйдын кире беришинде туурасы 3 м болгон портал арка жасалган. Дубалдардын жазылыгы 5 м келип, айланасы аң менен курчалган. Кербен сарайдын борбордук бөлүгүндө чарбак жайгашып, дубалдарга ыктай каалгалары чарбалары караган 16 бөлмө жайгашкан. Карапа идиштердин сыныктары (казан, чөйчөк жана башка), караханийлер дооруна таандык коло тыйындар, чырактар, жаа калдыктары жана кооздук буюмдар табылган.

Кербен сарай – Борбордук Азия жана Кыргызстандагы эң бийик тоолу аймакта. (3500м) жайгашкан бирден-бир эстелик. Майтөр кербен сарайы Ысык-Көл өрөөнүндөгү тескей багытындагы Улуу Жибек-Жолунун Чыгыш Түркстан багытын тейлеген.