Мамыр Мерген уулу

Википедия дан

Мамыр Мерген уулуЭкисуу арасындагы Үчкоргон, Избаскен чөлкөмдөрүндө жашаган Сол канат кыргыздарынын Мундуз уруусунун карапайым үй-бүлөсүнөн чыккан инсан. 1873-жылы жаз айларында 35 жаштагы Мамыр Кудаяр ханга каршы Экисуу арасын, Көгарт өрөөнүн, Сузактан Өзгөнгө чейинки чөлкөмдөрдү туруктаган кыргыздардын Мундуз, Багыш, Басыз, Карабагыш жана Кушчу урууларын көтөргөн. Көтөрүлүшчүлөр Жалал-Абад, Ханабат кыштактарын ээлешкен. Кыймыл тез эле Экисуу арасын толук каптаган. Июлда Мамырдын кошууну Өзгөн шаарын алган. Ал жетектеген көтөрүлүш бир топ кубаттуу болгондуктан, аны басууга Кудаяр хан өзү аттанган. Ал Анжиян шаарына келип, көтөрүлүшчүлөрдү талкалоого күчтүү жазалоочу кошуун жиберген. Кошуун кыймылды аёосуз басып, Өзгөндү бошотушкан.
Көтөрүлүшчүлөр тоо таяна качып, бир тобу Тогузторо, Кетментөбө өрөөндөрүнө өтүп кетишкен. Мамыр 1873-жылдан 1874-жылга караган кышта Алайга, андан ары Кашкарга барып, кыргыздарды Кудаярга каршы үндөп, ал Кокон хандыгына каршы күрөшүүгө аркалык туугандарын тартууга аракеттенген.
Орус бийлигинен колдоо издеп, букара болууга макулдугун билгизип кат жазып да көргөн. Бирок, анын 1868-жылдагы Орус Кокон келишими жөнүндө кабары жок эле. 1874-жылы май айында Кара-Кулжа чөлкөмүнүн кыргыздары Мамырдын жетекчилиги астында жаңы күч менен күрөшкө чыгышкан. 5–6 миң кишиден турган көтөрүлүшчүлөр Анжияндан алыс эмес Коргонбардан сепилин алып, Анжыянга чабуул коюшкан. Бирок, 2 миң сарбаздан турган жазалоочу кошуун көтөрүлүштү баскан. Мамыр Капка өрөөнүнө (Нарын чөлкөмү) качып кеткен, бирок Кокон ханынын өтүнүчүнө байланыштуу Токмок уездинин башчысынын буйругу менен 1874-жылы 15-июлда кармалып, Лепси уездинде (Казакстан) камакка салынган. 1877-жылы тымызын көзөмөлдөнүп туруу укугу менен Анжиян уездине кайтып келген. Мамыр кийинчерээк орус бийликтерине да каршы күрөшүүгө аракеттенген. Ал 1878-жылдын жазынан баштап Кудаяр хандын алысырак тууганы Жетим хан менен бирге Ош, Анжиян, Кокон уезддерин кыдырып, орус бийлигине каршы көтөрүлүүгө элди үндөгөн. Падыша аскерлери Жетим хандын тобун 1878-жылдын жай мезгилинде талкалап, өзү колго түшүп өлтүрүлгөн, Мамыр падыша аскерлерине каршы баатырларча кармашып, качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок, 8-сентябрда орус бийликтери тарабынан кармалып, 1879-жылы 18-январда Анжиян шаарында дарга асылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]