Манастагы элестер

Википедия дан

«Манастагы элестер» — «Манас» серияларынан жарык көргөн китепче (Фр., 1941). К. Маликов мектеп жашындагы балдар үчүн түзгөн. Бул китепченин өзгөчөлүгү ага топтоштурулган үзүндү материалдар өз доорунун жомокчуларын жакшы билген жана алардын варианттарындагы мурдатан салт катары айтылып келген артык үлгүлөрдү чыгармачылык менен өркүндөтө алган Тыныбек Жапый уулунун, Сагымбай Орозбак уулунун , Саякбай Карала уулунун, Тоголок Молдонун , Ыбырайым Абдыракман уулунун айткандарынан алынган. Бирок, «үзүндүлөрдү жомокчулар кандай айтса, ошондой коё бербестен бир канча жерлери адабияттык жагынан мүмкүн болушунча каралып жана иштелип чыкты» дейт түзүүчү. Текст араларынан редакторлук максат менен Манас баатыр, анын жакын жоокер адамдары, минген аты, урунган курал-жарагы жөнүндөгү мурдатан иштелип чыккан даяр, элестүү ыр саптарын, таасирдүү сүрөттөөлөрдү тандап, топтоп берген. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манастын портрети, Аккуланын сын-сыпаты, Аккелте, Айбалта, Кылыч, Күрсү, Сырнайза, Манастын соот чапаны, жалгыз көздүү Макел дөөнүн сыпаты, Жолой, Коңурбайдын портрети, Мааникердин сын-сыпаты, Чубак баатырдын портрети жана Манастын Ак-Сайда ууда жүргөнү сүрөттөлөт. Саякбай Каралаевдин вариантынын жана Тоголок Молдонун варианты боюнча алп Кошойдун, акылман Бакайдын, атка жеңил, тайга чак, уйкусу жок, жолго сак Сыргактын, ошондой эле Тыныбек жомокчунун айтуусунда «Семетей» бөлүмүнөн Үргөнчкө жакын жердеги жер көрүнүшүнүн кооздугу түшүнүктүү, терең маанилүү ыр саптары аркылуу тартылып, окуучуларга өтө күчтүү таасир кылат Ар бирөө бири-бирине окшобой берилген образдар жомокту окуганда көзгө тирүү адамдай көрүнөт. Жогорку идеяны көксөгөн оң каармандардын элестүү тартылган сырткы көрүнүшүнө жаш өспүрүмдөр жан тартып, ички сезимдери козголот. Тетирисинче, терс каармандардын портрети жөнүндөгү ырларды окуганда аларга наалат айткысы келип, жек көрүүчүлүк сезим пайда болот. Мектеп жашындагы балдар үчүн түзүлгөн бул китепченин таалим-тарбиялык таасири, эстетикалык күчү мына ушунда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4