Монометаллизм

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Монометаллизм (моно... жана ме­талл) — белгилүү бир металл жалпы эквивалент катары колдонулуучу жана акча жүгүртүүнүн негизин түзүүчү акча системасы.

Монометаллизмде эквиваленттин милдетин жез, күмүш жана алтын аткарышы мүмкүн. Жез Монометаллизм (б. з. ч. 3— 2-к-да) Римде; күмүш Монометаллизм Россияда (184352), Голландияда (184775), Индияда (189293), Кытайда 1935- жылга чейин колдонулуп келген. Ал­тын Монометаллизм 18-кылымдын аягында Улуу Британияда, 19-кылымдын акырында Европа өлкөлөрүндө (Германияда 187173, Франция менен Бельгияда 187374), Россияда 1897, Японияда 1897, AKШда 1900-ж. пайдаланыла баштаган.

Монометаллизм системасы учурунда алтын жана күмүш тыйын гана колдонулбастан, башка металл тыйын урунулат. Мис., алтын Монометаллизминде алтын тыйын менен ка­тар жез жанa күмүш тыйын, о. эле кредит акча (банкнот) жанa кагаз акча да колдонулат. Булардын бардыгы алтынга алмаштырыла берет. Күмүш жанa жез тыйын белгилүү (чекте) суммада гана кабыл алынат. Капитализмдин өнүгүшүнүн натыйжасында анын талабына ылайык келүүчү акча системасы алтын Монометаллизм болуп калды.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.