Мурат Алиев
Мурат Алиев
| |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: |
Кинооператор |
IMDb: |
Мурат Алиев (10-декабрь, 1948 Нарын, СССР - 17-июль, 2020 Бишкек, Кыргызстан[1]) — Советтик жана Кыргызстандык кинооператор, «Кыргызфильм» киностудиясынын жогорку деңгээлдеги коюуучу оператору. Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында туулган. 1979-жылы Москвадагы Бүткүл Союздук кинематография институтунун (орус. ВГИК) кинооператордук факультетин аяктаган. Анын чыгармачылык жолу 1966-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында оператордун ассистенттигинен башталат. Анын устаттары Марлест Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиев, Нуртай Борбиев болгон. "Мен – Тянь-Щань", Уркуя", "Мурас", "Көчө" жана башка белгилүү тасмаларында келечектеги кинооператор тажрыйба топтогон. 1980-1990-жылдары режиссёр жана оператор катары отуздан ашуун даректүү тасмаларды жарыкка чыгарат. Ал Кыргызстандын гана искусствосу менен маданиятына салым кошпостон коңшу Казакстандын дагы кино өнөрүнө зор салымын кошуп келген. 2000-жылдан баштап аны казак киносунун өкүлдөрү чакыра башташкан. Коюучу оператор катары ал "Казакфильмде" ондон ашык көркөм тасма жараткан. Алардын ичинде белгилүү казак режиссёрлору С.Нарымбетовдун "Мустафа Шокай", Э.Турсуновдун "Келин", Р.Аташевдин "Курак көрпө" тасмалары да бар. 2013-жылы Мурат Алиев "Шал" (Казакстан) тасмасындагы эмгеги үчүн Азия-Тынч океандык Киноакадемиясынын сыйлыгына "Мыкты оператордук эмгек" номинациясына талапкер болуп, киноакадемиянын мүчөсү болгон. Мамлекеттик тапшырык менен тартылган режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан Датка" тасмасында кинооператордук чеберчиликтин бийик деңгээлин көрсөтө алган. Улуттук киноискусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы Мурат Алиевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. 2017-жылы "Курманжан датка" тасмасы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылган. Ошондой эле ал "Даңк" орденинин, Ардак грамотанын ээси.
2020-жылы 17-июлда, белгилүү кинооператор оор илдеттен каза болот[1].
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2018 — «Көк бөрү» (режиссёр Руслан Акун
- 2014 — «Курманжан Датка» «Кыргызфильм» (режиссёр Садык Шер-Нияз)
- 2013 — «Чал» (Казакстан)
- 2010 — «Арбактын көзү менен» к/к «Ибрус» Азербайжан (режиссёр Рустам Ибрагимбеков)
- 2008 — «Келин» «Казакфильм» (режиссёр Е. Турсунов)
- 2007 — «Чтение Петрарки» — «Кыргызфильм» (режиссёр Н. Абдыкадыров)
- 2007 — «Мустафа Шокай» — 1-чи бөлүм «Казахфильм» (режиссёр С. Нарымбаев)
- 2006 — «Кош бол! Түштүк шаар» — «Азербежанфильм» Киностудия «Ибрус» (режиссёр Олег Сафаралиев)
- 2006 — «Курак көпүрө» «Казакфильм» (режиссёр Рустем Абдрашев)
- 2006 — «Көк жал убактысы» «Казакфильм» (режиссёр А.Альпиев)
- 2005 — «Кек» — «Казакфильм» (режиссёр Д. Манабай)
- 2004 — «Түнкү блюз» — «Казакфильм» (режиссёр А. Чатаев)
- 2004 — «Туздуу көлдөгү үй» — «Казакфильм» (режиссёрлор А. Ашимов, И. Вовнянко)
- 2003 — «Булут» — «Кыргызфильм» (режиссёр Э. Салиев)
- 1990-91 — «Улуу Жибек Жолу» — 2 бөлүм. «Кыргызфильм» менен «Асахи симбун» биргеликте (Жапония) (режиссёр К. Акматалиев)
- 1988-89 — «Восхождение на Фудзияму» — 2 бөлүм. «Кыргызфильм» (режиссёр Болот Шамшиев)
- 1985-86 — «Снайперлер» — «Казакфильм» (режиссёр Б. Шамшиев)
- 1984 — «Биринчи» — «Кыргызфильм» (режиссёр Г. Базаров)
- 1979 — «Весенняя радуга» — «Кыргызтелефильм» (режиссёр К. Акматалиев)
- 1978 — «Эл ичинде» — «Кыргызфильм» (экинчи оператор)
Эскермелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Кино оператор Мурат Алиев дүйнө салды. kloop.asia. Текшерилген күнү 19 -июль (теке) 2020.