Мухафаза
Көрүнүш
Мухафаза (ж.ж. ар. محافظة, к.ж. ар. محافظات) — Бахрейн, Мисир, Иордания, Ирак, Йемен, Кувейт, Ливан, Сирия жана Оман сыяктуу бир катар араб мамлекеттеринин административдик-аймактык бирдиги[1][2].
Бардык жогоруда көрсөтүлгөн өлкөлөрдө мухафаза административдик бөлүнүүнүн биринчи деңгээлине кирет. Сауд Аравиясында административдик бөлүнүүнүн экинчи деңгээлине кирет (провинциялардан кийин). Мухафазаны белгилөө үчүн кыргыз тилдүү интернет булактарында, ММК кээде аймак, облус деген маанидеги терминдер дагы колдонулушу мүмкүн.