Наоми Кэмпбелл

Википедия дан
Наоми Кэмпбелл
Naomi Campbell
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Туулган датасы

1970-жыл, 22-май

Туулган жери

Лондон, Англия

Өлкө

 Улуу Британия

Кесиптери

Модель

Нао́ми Кэ́мпбелл (англ. Naomi Campbell 1970-жылы 22 майда Улуу Британияда туулган супермодель, актриса. 1990-жылдары мода дүйнөсүнө өзгөчө түс берип, анын эшигин ачып кирип келген кара терилүү айым бул – Наоми Кэмпбелл. “Кара кабылан”, “Подиумдун ак куусу”, “Эң чырдуу модель” деген сүрөттөөлөр дал ушул айымга гана тиешелүү.

Атасыз өткөн балалык чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наоми Кэмпбелл бактылуу балалык доорун сүргөн эмес. Анткени апасы бийчи Валери Кэмпбелл боюнда бар кезинде эле күйөөсү менен ажырашып кетип, кызын жалгыз тарбиялап өстүрөт. Наоми 10 жашка чыкканда үй-бүлөдө “жаңы ата” пайда болот. Кыз анын келишин такыр жактырбайт. Экөөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр ар дайым чыр-чатак менен аяктачу.

Апасы алардын мамилесин жөнгө салууга канча аракет кылса да, эч бир майнап чыкпаган. Мындай оор тагдыр Наоминин шагын сындырбастан, тескерисинче, кайраттуу, өткүр, өз алдынча болууга үйрөтөт. Ошентип Наоми "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген сөздү бек тутуп, айтканынан кайтпаган өжөр кыз болуп чоңоёт.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

14 жашында мектепти таштаган Наоми Лондондогу Itali Conti окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Үйүндөгү чыр-чатактардан тажаган кыз сабактан чыккан соң сейил бактарды аралап жүргөндү адатка айлантат. Сейил бакта жүргөндө анын келбетине “Элит” моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдттун көзү түшүп, кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат.

Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, “Elle”, “Time”, “Vogue” журналдарынын биринчи беттерине чыгып, “Ralph Lauren”, “Versace”, “Dolce&Gabbana” фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт. Эң негизгиси, Наоми үчүн ата-энесинен бөлүнүп жашоого шарт түзүлөт.

Ошентип, Наоми сулуулугу, келишкен келбети, подиумда кабыландай жыла басканы менен дүйнө элин таң калтырып, 1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны “Дүйнөнүн эң мыкты модели” деп табат.

Көп кырдуу талант[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары да өзүн көрсөтө алган. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 31 тасмага тартылууга жетише алды. Ал эми ырчы катары “Аял-бала” (1995) альбомун чыгарган. Анын ырчы Тоши менен аткарган “La, La, La, Love Song” сингли жапониялык чартта 1-орунду ээлеген. Мындан сырткары топ-модель Майкл Жексон, Jay-Z, Ашер, сыяктуу белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган.

1995-жылдан тарта телевидение тармагында Антонио Бандерас, Сара Жессика Паркер, Жон Малкович менен иштешкен. Ошондой эле "моделдик бул – утурумдук жумуш. Кийин мени атырларым багат" деп өз атынан атырларды чыгарып келет.

Сүйүү романдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наоми да бир топ мырзалар менен, мушкер Майк Тайсон, актёр Роберт Де Ниро жана бийчи Хоакин Кортес, "Формула-1” командасынын лидери Флавио Бриаторе, рэпер Ашер менен мамиле түзүүгө жетишкен. Ал эми азыркы жигити Владислав Доронин менен 2008-жылы Канн фестивалында таанышышкан.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2000-жылы ассистенти Жоржина Галанисти уюлдук телефон менен чаап, ага моралдык зыян келтиргендиги үчүн айып төлөгөн. Ошондо топ-моделге психотерапиялык дарылоо курсунан өтүүнү сунушташкан.
  • Үй кызматчылары Миллисента Бёртонду жана Анна Сколавинону уюлдук телефон менен башка чапкандыгы үчүн жоопко тартылып, таштанды ташуучу унаалар токтогон жайдын полун 5 күн жууган.
  • 2008-жылы аэропорт кызматкерине жана айдоочусуна кол көтөргөндүгү үчүн айыпталган.
  • Топ-модель чырдуулугу гана эмес, жасаган кайрымдуулук иштери менен да оозго алынып келет. Мисалы, ал Кызыл Крест коому менен тыгыз иштешип, “Ак куу” романынан түшкөн кирешенин баарын Сомали өлкөсүнө которгон. Мындан сырткары көптөгөн жарды өлкөлөргө бала бакчаларды куруу иштерине салым кошуп келет.

Колдонулган адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Супер-Инфо гезити