Неомальтузианчылык

Википедия дан

Неомальтузианчылык , Нео-мальтузианчылык – мальтузианчылыктын жаңырган варианты; жөнөкөй түшүнүгүндө – никеден, балалуу болуудан баш тартуу. 19-кылымдын аягында бир нече неомальтузианчыл коом, лига, союз деген аталыштар пайда боло баштаган.

Эгер «классикалык мальтузианчылык» социалдык факторлор калктын санына таасир этээрин толук танса, Неомальтузианчылыкта бул таасирди толук моюнга алат, бирок аны биологиялык факторлордун таасири менен тең коет. Америкалык демограф Дж. Шпенглер социалдык факторлор менен биологиялык факторлорду «эптештирүүгө» аракет жасап, Мальтусту калктын ишке тартылуусун жогорулатуу үчүн күрөшүүчү, ал эле турсун революционер сыяктуу эсептейт. Өзүнүн практикалык кеңешмелеринде Неомальтузианчылык адамдардын биологиялык өсүшүнүн биологиялык сферасынына биринчи көңүл бурат.

Бул процесстин социалдык жагын туюнткан экономиканы өзгөртүүнү, адамдардын турмуш деңгээлин жакшыртуу чараларын арткы планга жылдырып, азыркы учурдагы АКШнын көрүнүктүү демографтары дүйнөнүн калкына карата стратегиялык программадагы «негизги элемент» катары биологиялык төрөлүү механизмин баалап, иш жүзүндө коомдук кайра курууларды зарылчылыгын четке кагат. Марксисттер белгилүү шартта төрөлүүнү чектөө ыкмалары жана каражаттарын пропагандалоо менен Неомальтузианчылыкты идеология иретинде кармоонун ортосунда чоң айырмачылыкты көрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]