Никель рудасы

Википедия дан

Никель рудасы - составында казыш жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө никель бар минералдардын чөгүндүсү.

Никель рудасы өндүрүштүн керектөөсүнө карай сульфиддик жез-никелдүү жана силикаттьтк болуп бөлүнөт. Сульфиддик жез-никелдүү руданын негизги минералданы: пентландит, миллерит, халькопиоит, кубанит, пирротин, магнетит, сперрилит. Никель рудасы кристаллдык калкандардагы ж-а байыркы платформалардагы норит, перидотит, габбродиабаз интрузияларынвн төмөнкү бөлүгүндө. чет жакаларында тарам, линза, кабат түрүндө пайда болот.

Никелдин сульфиддик рудадагы өлчөмү О.Зтон 4%ке чейин болот. Жез менен никелдин катнашы 0,5тен 0,9га чейин болсо. аз жездүү, 2—4ту түзсө, жог. жездүү сортко бөлү- нот. Руданын составьшан никель менен жезден башка Со, Ап, Pt. Pd. Rh, Те, S, Se алынат. Силикаттык Никель рудасы составында никель мине­ралы бар ультра негиздүү тектердин үбөлөнүп талкаланышъшан жаралган чопо түрүндөгү борпоң кыртышта жайгашат. Силикаттык руданын не­гизги минералдары — гарниерит, непуит, никель керолити.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.