Омейя династиясы

Википедия дан

Омейя династиясыараб халифтеринин 661750-ж. сурап турган династиясы.

Мекедеги Курейши уруусунун Омейя тукумунан чыккан. Анын биринчи халифи Сириянын башкаруучусу Муавия I (661—680) болгон. Омейя династиясы Түн. Африканы, Пиреней жана алардын көп бөлүгүн, Орто Азия, Азербайжан менен Грузиянын бир катар жерин караткан.

Алардын бийлиги укумдап-тукумга калган. Халифаттын борборун Куфтан Дамаскиге көчүрүшкөн. Омейя династиясы тушунда араб тили мамл. тил болуп, алтын динар менен күмүш дирхендер чыгарылган. Соода жанa кол өнөрү өнүккөн. Кийинчерээк шейиттердин козголоңу күчөп, Абу Муслим баштаган көтөрулуштүн (747750) натыйжасында Омейя династиясы кулатылып. бийликке Аббасилер келген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.