Органикалык эмес полимерлер

Википедия дан

Органикалык эмес полимерлер - молекулалары орг. эмес чынжырчалардан куралган полимерлер.

  • Бул заттарда атомдор жанa атомдор­дун тобу бир бири менен коваленттүү, кээде координациялык байланыш менен кошулушкан.
  • Органикалык эмес полимерлерге жаратылышта кеп кездеше турган минералдар, кычкылдар (кварц, корунд, рутил, кремнезём), таза кездешүүчү күкүрт, силикаттар жанa алюмосиликаттар (слюда, асбест, тальк, чополор ж. б.) кирет.
  • Органикалык эмес полимерлер чынжырлардын составына жараша гомочынжырлуу жана гетерочынжырлуу болуп бөлүнөт.
  • Го­мочынжырлуу Органикалык эмес полимерлерди В, Si, Р, As, Bi, S, Se, Te, Sn, Ge ж. б. элементтер пайда кылат.
  • Гетерочынжырлуу Органикалык эмес полимерлерди пайда кылуучу элементтер алда канча көп.
  • Алардын көпчүлүгү жог. темп-рада эрий тургандыгы, катуулугу менен орг. полимерлерден айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.