Органоген тоо тектери

Википедия дан

Органоген тоо тектери, био­ген тоо тектери - жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыгынан же алардын тиричилик процессине байланыштуу пайда болгон чөкмө тоо тектер.

Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн организми ткандарды же скелеттерди түзүүчү минерал бнрикмелерин топтоого жөндөмдүү. Бул бирикмелер алардын калдыктарында сакталып. Органоген тоо тектерин пайда кылат. Ал заттык составы боюнча аки таштуу, кремнийлүү. фосфаттуу, көмүрлүү, нефтилүү болуп балүнөт.

Аки таштуу Органоген тоо тектерин фораминифералардын үлүл кабыктары, шуру (коралл), балык курту (мшанка), брахиопод сыяктуу жаныбарлардын калдыктары түзөт. Кремнийлүү Органоген тоо тектеринин составын органпзминде кремний көп кездешкен балырлар, былпылдактар (губкалар) жанa радиолярпялардын калдыгы жаратат. Фосфориттүү Органоген тоо тектерин омурткалуу жаныбарлар, силур мезгилинин брахиоподу пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.