Сейтек менен Акжолтойдун перинин кыздарына үйлөнүшү

Википедия дан

Сейтек менен Акжолтойдун перинин кыздарына үйлөнүшү Сейтек Акберметтин кабарын угуп тынч алалбастан Акжолтойдун артынан барып, экөө Кулансур менен Кулунсурду ойнотуп, Акберметтин жасалгасын тебелетип-тепсетип келатканын сакчылар кабарлашат. Акбермет, Күлайым тосуп чыгып, Күлайым Акжолтойго сүйгөндүгүн билдирет. Акжолтой менен Сейтек тулпарларды аса байлап коюшат, Акберметтин ордосунда эс алышат. Ошол убакта Алоокеден Коңурбай, андан Байкоңур, андан Ките деген бала жетим калып жетилип, «Туюкту бузуп жол кылып, Баатырдыгын, эрдигин, Ай-ааламга тең кылып», Сейтек күчкө келиптир деп угуп, кыргыздарды байкайлы, эгер алыбыз келсе бүтүн кырып коёлу деп камынат. Жанына сыйкырчылыктын окуусун он эки жыл окуган, сексенден ашып калган Чоң Билгичти (Кожожаштын баласы) алып, «Талкалап Сейтек дөөсүн, Жолго жарып бээсин, Чыгарарбыз кээсин» — деп опурулуп отурган кези. Мындан кийин Манасчы Сейтектин баянына өтөт. Анын сын-сыпаты менен астындагы Кунансур тулпарынын учкаяктыгынан бери бир топ кеңири сүрөттөлөт Сейтек Кунансурду аса байлап, Акберметтин ордосунда жатат. Акбермет да эпикалык аял катары «Кең көйнөктүн тазасы, кеп сүйлөсө сөз жетпейт, өзү ургаачынын паашасы». Мына ошол Акбермет түшүндө оң жагынан күн, сол жагынан ай көрөт. Эки болот кылыч табылып, алардын өткүрдүгүн Дөөтү көрүп жактырат. Бирок кыргыз журту бир торго түшүп калган сыяктанат. Акберметтин түшүн Акжолтой жакшылыкка жоруйт (Канчоронун каарынан он үчүндө качып кеткен Акжолтой Сейтек Таласка көчүп келгенден достошуп, кайда болсо чогуу жүрөт). (Сейтекке баш кошуп, Кенен аттуу уул төрөйт экенсиң, жарым кытайлыкты алып, өткөн ата-бабанын өчүнө канат экенбиз дейт. Аңгычакты кабарчысы энтеңдеп жетип келип, белестен беш киши көрүп даай албай койдум, жоо келген сыяктуу дейт. Сейтек зыңгырап кенебей, Акжолтой менен барып көрөйүн деп камынат, колуктусу Акбермет «Атышса мылтык өтпөгөн, Айзанын учу тешпеген» жоо кийим-көк күпө атамдан калды эле — деп, Ачалбарс берет.

Сейтектин баатырдык сынын сыртынан көрүп эле душмандын тыңчысы Дөкөрчү — Маңгинин жүрөгү жарылып өлөт. Муну уккан Чоң Билгич ишенбей, айтып баргандардын башын алдырып «ок өтпөс опсуз тон кийип, ок жетпеген ат минип, карагайдай айза алып» Таластын жылкысын тиет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4