Семетей Коңурбайдан атасы Манастын кунун куушу
Семетей Коңурбайдан атасы Манастын кунун куушу Семетей Айчүрөктү алып Таласка келгенден кийин, күндөрдүн биринде түшүнөн чочуп ойгонду. Добулбасты урганда жылкыда жүрүшкөн Канчоро менен Күлчоро бир жактан жоо келип калганбы дешип чочушуп Семетейдин үстүнө жетип келишти. Бакай, Каныкей баш болгон жакындарын жыйнаган Семетей: "Белди бекем буусак дейм, Бээжиндеги калчадан атамдын кунун куусак дейм", — деп кеңеш салды. Бакай "Быйыл жаңы үйлөнүп канды бут болуп калдың, келерки жылга чейин тынч эс алып, каныңды толтуруп анан бар" деди. Каныкей Бээжинди багынтыш оңой эместигин, кол жыйып, катуу даярданыш керектигин айтты. Семетей калк кыйналтып, кол жыйнап бүлүк салбай эле эки чоросу менен аттанарын билдирди. Ал айтканынан кайтпасын жакшы билишкен жакындары аны казатка камдашып коштошушту. Бөлөкбай Семетейге атайы арнап жасаган жоо куралдары: айбалта, сырнайза, актинтени тапшырды. Каныкей Аколпок, Кандагайды кийгизди, Бакай, Күлчоро, Канчорого да арнап жасаган соот-чопкут кийимдерди берди. Чыйырды Каныкейлерден бата алышып Семетей, Бакай, Күлчоро, Канчоро жолго чыгышты. Баатырлар жолго чыгышканда Айчүрөк Семетейдин чылбырына чырмалып, Бээжин алдыра койчу жер эмес, барба деп асылды. Семетей "Жети күндүн бири өлүм, ажал жетсе үйдө жатып да адам өлөт, Казат жолу улуу жол, катын жол тоскону оңобу? — деп чылбырын коё бербей турган Айчүрөктү булдурсун менен капталга тартып жиберип жөнөп кетти. Эти ачынган Айчүрөк: "Барба десем болбойсуң, барганыңдан келбей кал, базар үйүң көрбөй кал", — деп каргап калды. Таластан чыгышкан Семетейлер Суусамыр ылдый түшүшүп, Ысык-Көлгө жетишти. Ысык-Көлдүн аркы башындагы Кызыл-Кыяга жакын, жер ортосу Боз-Дөбөгө өргүү кылышмак болушту. Бакай чоролорго аттарды чидер салып баймактап, сак болгула, кытайдын чек кайтарган баатыры Мурадыл алып кетпесин, — деди. Чоролор Бакайдын кебине анча маани беришпей, чатыраш ойноп даңсалып, жатып калышты. Мурадылдын угар кулак, көрөр көз жөө желдети жер чалып жүрүп, Семетейлердин келгенин көрүп, Мурадылга айтып барды. Артык жайчы Мурадыл күндү жайлап, мөндүр, кар жаадырып катуу суук түшүрдү. Бакайдын Көктулпары, Семетейдин Тайбуурулунан башка он төрт ат суукка чыдабай ноктолорун үзүп бошонуп кеткенде Мурадыл чаар жонго жашырып, Үч-Кашканы ашырып, Сары-Жазды бастырып алып кетти. Эртеси күн ачылып, чоролор аттардын жоголгонун билишип, кайгырды. Семетей көп жерлерди кыдырып аттардын кайда кеткенин таба албады. Атсыз калган чоролорду жетелесе баспады, учкаштырса батпады. Айлалары кеткен чоролор Кичи-Жылдыз ары жагы Чоң-Жылдыздын бери жагына оорукка калышып, Семетей менен Бакай чалгынга кетишти.
Алар Буурул-Түн, Тешик-Ташты басып өтүшүп, ары жагын кытайлар Тыңша дейт экен, ошонун бери жагында Коңурбайдын кароолчу түлкүсү жаткан белге келишти. Мурда Чоң казат мезгилинде Алмамбет, Сыргак да чалгын чалып, белде жаткан кароолчу түлкүнү өлтүрүшкөндө жаңы тууган бачиги аман калыптыр, ал чоңоюп энесинин ордуна кароолчу экен. Бакай жетелей жүргөн Кумайыкка ал түлкүнү тиштетип алып, андан нары жол жүрүштү. Коңурбайдын дагы бир кароолчусу Куу кулжа жаткан белге келишип оттоп чыккан аны көрүштү. Жарым бута жерден көрүнгөндө Семетей Аккелте менен атып тийгизе албай калды. Ачуусу келген Бакай анын колунан мылтыкты жулуп алып, Кулжа белди ашып кутулуп кетеринде атып өлтүрдү. Ал жерден чыгышып, дагы алты күн жол жүрүшкөндө Ит-Ичпестин көлүнө жетишти. Коңурбайдын дагы бир кароолчусу Куу өрдөк ушул жерде экен. Аны алдырыш үчүн Бакай Семетейди: Акшумкарды ашыкпай сал деди. Семетей шумкарды катуу шилтеп салганда ал ташка тийип эси ооп калды. Кыйладан кийин эсине келип, өрдөктүн артынан кууп кетип, Карыкандын тагына жетип кабар берерде илип кайтты. Коңурбайдын укмуштуу кароолчуларын колго түшүрүп көңүлдөрү тынган Семетей менен Бакай өргүү кылып эс алышты. Эртеси Бакай ошол жерде калып, Семетей чалгынга чыкты. Бакай жылкычы башы Карагулга алдатпай сак бол деп ага дайындады. Карагулдун жылкычыларынын ичинде эң жашы Бозбала эле. Ал эртең менен турганда түндө түш көргөнүн, түшүндө Семетей келгенин айтты. Карагул калп айтасың деп каардайып, аны сабатып, камап салды. Ошол учурда жер чалып чыккан Коңурбай жылкычыларга келип, туш-туштан баарын кыдырдым, бардыгы тынч, сырттан келген жоо жок, чек кайтарган кароолчуларым түлкүм, өрдөгүм, кулжам аман жатат. Алгараны көп минип арытып-ачырып алдым, жылкыга кошуп семиртип алайын. Манастын уулу Семетейден кообум бар, сак бол келип калбасын деп, Алгараны жылкыга кошуп, өзү көк жоргону минип жолуна түштү. Коңурбай кеткенден кийин Карагул жылкычыларын чогултуп бүгүн чагандын күнү майрам, сексен бээ союп тамаша кургула деди. Алар арак ичип, бий бийлешип, эч капарсыз жатканда Семетей барды да жылкычылардын баарын кырып, төрдө олтурган Карагулдун төшүнө минип, сакал-мурутун жулду. Амалдуу Карагул: "Сен Манастын уулу Семетейсиңби? Мен сенин тууганың Байболдун баласы Жоодур болом. Атам кытайлар Каракандын сегиз уулун туш-тушка таратканда кытайга келген, ошол боюнча элге кете албай жүрөбүз. Мен сени келет го дегем, эчактан бери күтүп жүргөмүн, — деди. Ала көөдөн Семетей ага ишенип, сабап койгону үчүн кечирим сурады. Коңурбайдын жылкыларынан мингидей күлүк тандап бер, — деди. Ал Коңурбайдын Алгарасы ушул деп Кыйдыкара атты Семетейге көрсөттү. Семетей Тайбуурулду агытып, жылкыга коё берди да ээрин Кыйдыкара атка токуп, аны минди. Тайбуурул жылкыны баштап, Күрпүлдөктүн Сары-Суусунун аркы өйүзүнө өттү. Семетей жылкынын артынан кечмек болгондо астындагы Кыйдыкара суу ортосуна жыгылды. Атынан ажыраган Семетей суудан агып олтуруп, дөмөрчөгө келип токтоп, Тайбуурулду чакырды. Семетейдин үнүн уккан ал келип куйругун карматып, аны жээкке чыгарды. Коңурбайдын Алгарасын өзү минген Карагул жылкысына барып сайкүлүктөрүн бөлүп алып Кыр-Кайыңдын оюна жашырып коюп, суу ичинен өлтүрмөк болуп, Семетейге келди да, суудан жаңы чыгып эси оогон аны укурук менен чокуга тартып жиберип качып жөнөдү. Тайбуурулга жайдак секирип минген Семетей Карагулду кууп жүрүп олтуруп, Коңурбайдын дарбазасына жакындаганда, атын куйруктан алып сүйрөп жөнөдү. Карагул Алгараны камчы менен чапканда ал алга умутулуп, куйругу чычаңынан үзүлдү. Күндү жайлап, туман түшүрүп, араң кутулган Карагул Коңурбайга кабар жеткирди. Алгаранын үзүлгөн куйругуна алтындан жасалма куйрук таккан Коңурбай жылкысын ажыратып алганы Семетейге жөнөдү. Сайкүлүктөрдүн Карагул бөлүп барып катып коюп, чабал-чубал жылкыларды айдап барган Семетейге
Бакай капа болду. Жылкынын бир жагын Бакай айдап, асты жагын Семетей айдап келе жатып, Семетей Коңурбай келип калат деп кооп санап койбой ат үстүндө таш өбөк салып, уйкуга кирди. Арттан аңдып келген Семетейди уктап жатканын көрүп атынан түшүп чынарга байлап, өзү кара ташка жашынып, очогорун октоп атууга белендеди. Семетейди алыстан мээлеп, телегейи тең келген баатыр экенин көрүп, көпкө чейин атууга колу барбай турду. Акырында душмандын баласы эл болбосун ойлоп, атууга мажбур болду. Очогордун үнү күр эткенде Тайбуурул жалт берип, огу калпысыраак тийди. Аттан кулап түшкөн Семетейдин башын кескени барган Коңурбай аны өлтүрүүгө колу барбай турду. Аттарын Мурадылга алдырып ай талаада жөө калган Күлчоро, Семетей айдап келген жылкынын ичинен Көкчөнүн Көгаласын кармап минди (Көгала Чоң казатта Көкчө курман болгондо кытайдын колуна түшүп кетип Коңурбайдын жылкысында экен). Көгаланы минген Күлчоро эки жагына абай салса Коңурбай Семетейдин башын алууга камынып жатыптыр. Кайыңдын түбү менен жулуп чокмор кылган Күлчоро аны качырып келип чокусуна чаап айласын кетирди. Күлчородон качкан Коңурбайдын Алгарасы Көгалага жеткирбей кутулуп кетти. Күлчоро Семетейге кайтып келип, Каныкей берген эбеп, себеп деген дарыны күл азыкка кошуп сууга эзип ичирди. Семетей эс алды. Бакай келип: "Манас мындай жараттарга бой берчү эмес", — деп Семетейди кайраттандырып, жылкыны элге айдап жеткирип, быйыл сергип алып эмдиги жылы кун кууйлу деп кеңеш айтты. Баатырлар жылкыны айдап келе жатышса Кырымдын уулу Мурадыл мурун колго түшүрүп алган он төрт атты — Коңурбайга тартууга алып жөнөп калган экен. Семетей, Күлчоро, Канчоро үчөө Мурадыл менен беттешкени кетип, Бакай жылкыда калды. Мурадыл кокус жашынып качып Бээжинге кабар бербесин деп шек санаган Бакай жолду абайлап келе жатса Мурадылдын жөө желдети чын эле кабарга жөнөп калыптыр. Анын жолун тосо чыккан Бакай беттешип башын кесип, ал минип бараткан, колго түшүп кеткен он төрт аттын бири, Абыкенин Көктелкисин коштоп алып кармаш майданына келсе, Күлчоро минген Көгала чарчап калган экен, ага берди. Төрт баатыр Мурадылдын колун бүтүн кырып, Семетей анын өзүн кулата сайып, Күлчоро башын кесип кетти. Жоону жеңип, эс алып жатышканда уруштун кызуусу менен Семетей Коңурбай аткан жарасын унутуп калыптыр, эми кайра ооруп чыкты. Семетейдин оорусу жакшы болбой кыйнала бергенде Бакай Күлчорону ок аттап берсин деп Таластагы Айчүрөккө жиберди. Күндөп-түндөп жол жүргөн Күлчоро күн кылкылдап батканда, элдин асты жатканда Айчүрөктүн сарайына келип түшүп, ага болгон акыбалды айтты. Айчүрөк ак куу болуп учуп жаралуу Семетейге келди. Семетейден бөлөк жан этегин ачпаган, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын паашасы Айчүрөк Семетейди аттаганда анын жарасындагы ок түшүп калды. Каныкей Күлчородон берип жиберген дарыларды бергенде Семетейдин жараты бүтүп, кадимки абалына келди. Айчүрөктү кайра Таласка жиберишип, төрт баатыр кытайдан кандай кабар болор экен деп кайгуулга чыгып жол карап калышты. Алоокенин Коңурбай каарданып, колун чогултуп Мурадылдын өчүн алганы Таласка жөнөдү. Уйкудан чочуп ойгонгон Бакай Кароол-Ташына чыгып караса, оргуп-оргуп чаң чыгып, Коңурбайдын калың колу каптап келе жатат. Ал чоролорду чакырып душмандын жолун тосуп чыгышты. Жекеге Күлчоро чыгып, Түктүү камандын баласы Токшукер менен сайышып аны жеңди. Кызыл камчы Шыпшайдардын уулу Орокбаш жекеге чыкты эле аны да жайлады. Орокбаш өлгөндө көп колун каптатып жиберди. Бакай майданга чыгып Күлчорого жардамга келди. Семетей Коңурбайга жекеге чыгып, кезегин берди. Коңурбай качырып келип сайган найзасын ал кенебеди, өз кезеги келгенде Коңурбайды сайды эле, анын эки кабыргасы быркырап, качып кутулду да алтымыш күн дарыланып күч жыйнады.
Алтымыш күндөн кийин кайра колун жыйнап кыргыз менен аргынды чаап алганы жөнөдү. Семетей кытайдан тийип келген жылкысынан жалгыз тайын да калтырбай бөлүп берип, эли жыргап жаткан эле. Карыя Бакай Жамгырчыны чакырып, Манастын уулу Семетей атасынын кунун кууйм деп Бээжиндиктерге катылдык, бейпайга минтип чатылдык, кол курап камынбасак Коңурбай быйыл бизди соо кылбайт деди. Ал эштектердин колун чогултту. Сарыкан Сары-Өзөнгө жер чалып барып Коңурбайдын колу каптап келе жатканын көрүп, Бакайга айтып келди. Семетей, Күлчоро, Канчоро, Сарыкан, анын баласы Калык, Бакайдын уулу Байтайлак, Жамгырчы эли эштектердин колу жоону тосо чыкты. Кытайлардан Кара-Жагал Борончу менен Ороңгу элчиге келип, салышсаңар, салышкыла, эгер корксоңор Бакайдын Көкчологун, Семетейдин Тайбуурулун баш кылып, Семетей кытайдан тийип келген жылкыны бергиле деп талап кылды. Күлчоронун муну укканда каары келип, элчилердин башын кесип салды. Коңурбай колун каптатты. Кыргыз баатырлары да тартынбай кол салып, душмандардын көп жоокерлерин жок кылышты. Жекеге Канчоро менен Карагул чыгып, найзалашып, андан айла болбогондо башка куралдарын колдонушту. Канчоро чоюн баш менен Карагулду жанчып, кылычтап башын алды. Карагул өлгөндө Нескара калың колду каптатып, Канчорону тирүү байлап алгыла деп буюрду. Канчорого Күлчоро жардамга барып душманга байлатпай ажыратып чыкты. Кыргыз баатырлары кытайдын кыйласын кырып жибергенде Манжу каны Нескара, тыргооттун каны Ороңгу биригип күндү жайлап жайдын күнүн кыш кылып, малдарды суукка тоңдуруп кырды, кытай колу кыргызды Таласка айдап кирип, ичерине суу бербей, кырк бир күн сасык камал кылды. Бакай, Жамгырчы баш болуп, кеңеш курушуп, Күлчорону чалгынга жиберишти. Күлчоро байкап караса Коңурбай элинин көптүгүнө салып өзөндүн суусун тостуруп, Түктаман баш болгон токсон балбанга кайтартып салыптыр. Ал Түктаманды кангурлуктун канымын деп алдап жакын келди. Кытайлыктын салты боюнча канды көргөндө букарасы келинче жүгүнгөн адаты бар эле, Түктаман ошол салт боюнча жүгүнгөндө Күлчоро шарт башын кесип, кийимин кийип, токсон балбанга барып Коңурбай кыргыздарды багындырган экен, олжо алууга чакырып жатат деп аларды да алдап жайлады. Коңурбай сууну буруп көл кылган тосмону бузуп, кытайдын колун каптатты эле, сууга агып көп адам кырылды. Буга каары келген Коңурбай колун кайрадан кыргыздарга каршы кыстап айдап ортодо көп кан төгүлүү, кайра-кайра беттешүүлөр болду.
Бет алышып турушуп,
Бек кыргын болуп урушуп,
Найза сынып, тоо түшүп,
Адам өлүп, боо түшүп,
Сезбей серпиш салышып,
Кытай, кыргыз кыжылдап,
Камалышып турушуп,
Эрендер качпай урушуп,
Жер көрүнбөй чаң болуп,
Эр былчыйып нан болуп,
Эсеби жок чоң жаңжал
Эрен Калча чоң балбан
Каканды айдап каптатып,
Түз киришип алышып,
Түгөнүшө салышып,
Эрен өлүп, кан өлүп,
Кез келгендин баары өлүп,
Таш сайынган таза өлүп,
Күрмө кийген күчтүү өлүп,
Найзакерден ыктуу өлүп,
Эренден мынча мыктуу өлүп
Алышкан жери коо болуп,
Адам өлүп тоо болуп,
Чапчышкан жери коо болуп,
Ат өлүгү тоо болуп,
Жаңжалды адам биле албай,
Кол кырылып өлгөн жер,
Ат булкучтап жүрө албай,
Эки чоро — эр болуп,
Эр Семетей шер болуп,
Айгайлатып кытайды
Кайра тийди сапырып (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 247).
Туут качтылап кытайлар кача баштады, калың колу бузулган Коңурбай да аргасыздан Каканды көздөй качты. "Керишип кекти алганга кыргыздын колу аз экен, кытай-калмак чөптөн көп экен, Коңурбайды эбин таап жок кылбасак болбойт" — деди Семетей Күлчорого. Күлчоро Тайбуурулду минип, Аколпокту кийип, Аккелтени асынып, Коңурбайга арачылыкка жөнөдү. Көп колунан айрылган Коңурбай да Семетей атасы Манастан өткөн эр экен чарпышып чама жетпеди, эбин кантип табабыз, элин кантип кырабыз, колдун көбүн кырдырып, Каканга кантип барабыз? — деп кеңеш салды. Нескара арага элчи салып элдешели, Манастын кунун берели — деди эле. Коңурбай намыстанып ал акылга макул болбоду. Аңгыча Күлчоро кытайдын чек арасындагы айры белеске келип токтоду. Кытайлар анын келбетин көрүп таң калышып, кимдигин билип келүүгө сынчылыгы күчтүү Нескараны жиберишти. Нескара Күлчорону алысыраак туруп сынап, сынына толтуруп, өзү батынып ага кол сала албай качып келди. Анын артынан удаа келген Күлчорону кытайлар дүргүп тосушту. "Түп атабыз бир киши — Чылаба экен. Кыргыздан сизге атайы качып келдим, тууган кылып алыңыз деди Күлчоро Коңурбайга. Коңурбай Күлчоронун жүйө менен айткан сөздөрүнө ынанып, аны өз санап, Семетей менен элдешсем деген сырын айтты. Күлчоро арага түшүп берүүгө макул болуп, Коңурбайга ээрчитип келгени Семетейге жөнөдү. Күлчоронун кеңеши боюнча Бакай, Сарыкан, Семетей, Канчоро аттан түшүшүп, Чоң-Каркырадагы Каралды-Дөбөгө келип олтурушту. Арага жүргөн Күлчоро Коңурбай менен Нескаранын аттары Алгара, Чоңкүрөңдү алысыраак байлатып, өздөрүн жөө Семетейлер олтурган дөбөгө ээрчитип жөнөдү. Алгарадан алыстап басып барганда Коңурбай Күлчородон шек санап, артына тартмак болду. Күлчоро "бас, аба" деп аны согончоктой бастырып шаштырды. Коңурбай кайра тартып булкунуп, элин атка мингиле деп буюрду. Ачуусу келген Күлчоро айбалта менен аны шилиге тартып жиберди. Ал кулап түшкөндө Нескараны да Зулпукор менен бир салды, анын денесинен башы бөлүнүп түштү. Дөңдө олтурган Семетей жөө чуркап жетип келип, өлөр-өлбөс жан менен жаткан Коңурбайдын башын кесип алды. Нескаранын Коңурбайдын кунун кууйлу деп кытай колу боз ала желек туу болуп, бой-бойлогон чуу болуп жабылып киргенде кыргыздар да жан аябай салгылашты. Маңдай-тескей турушуп, мылтык атып, жаа тартып былчылдашып урушуп, кан төгүлүп, эр өлүп бузук согуш болду. Арстан көкжал Семетей эки чоросу менен жоонун туу ортосун бузуп кыра баштады. Кытайдын кара курттай сансыз колу Коңурбайды бел тутуп келишкен эле, эми кайрат кыла алышпай качып жөнөштү. Ошентип кыргыз колу бөксө жол менен кытайды желбегендей кылышты, кан доолашып кыргызга келбегендей кылышты, кун кубалап Таласты көрбөгөндөй кылышты, Мунарык тарткан Чоң-Бээжинге чейин сүрүп жеткиришти. Радлов жазып алган вариантта бул эпизод жазылбаган. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, ТМВ, Багыш Сазановдун вариантында бир катар майда эпизоддор, мотивдер, деталдар Саякбай Каралаевдин варианты вариантынан айырмачылыктарга ээ. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей отуз жашка келип, аскери кырк миң болуп, Манастын кунун кууп Бээжинге барууну ой кылат да: "Он сегиз менен кырк экинин ортосундагы адамдарынан кол курап жардамга келсин", — деп туш-туштагы кандарга кат жаздырат. Катын молдолоруна окутуп, Бакайдан кеңеш сурайт. Ал кечээ Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак жана башкалар бар чакта Бээжинге казат кылганбыз. Тогуз айлык жолу бар Бээжин оңой жер эмес, Коңурбай оңой жоо эмес. Эки чороң жаш, элдин баары сага кас, Манастын чагындай чама жок, тилимди алсаң барба. Эр Манастын барында бир атанын уулундай, бир бээнин кулунундай болуп ынтымак менен барып Бээжинди алганбыз, эми элиңдин баары чогулуп айтканыңдай жүрөбү?" — деди. Айтканынан кайтпаган Семетей туш-тушка кабар жибергенде Бараңдын каны Балтамат ("Канаттуу атты мингени, канча аскерди билгени") Кырымдын Кантемир, Букардын каны Шамурат, Эштектердин Жамгырчы, Урумдун каны Сейдалы, Көкчөнүн уулу Үмөтай, кара жаак эр Үрбү болуп токсон түмөн кол менен жөнөшөт. Токсон күн жол жүрүшүп, Күрпүлдөктүн суусун кечип өтүшүп кытайдын чеги Дабаншанга жетишет. Бакай адамдын тилин билүүчү Коңурбайдын кабарчы жандыктарын жок кылалы дегенине Семетей: "Өрдөктөн киши коркобу? Чалгын чалбай эле барам, Далдаланып баргыдай ууру эмесмин", — деди. Кол дагы жыйырма күн жол жүрүп Тал-Чокуга токтойт. Сыйкырдуу жаныбарлары Куу өрдөк менен кулжа кабар жеткирген Коңурбай көп кол менен урушка чыгат. Топуракка көмүлүп, аккан канга чөмүлүп, андан-мындан сороңдоп тирүү пенде көрүнүп, катуу кыргын болду. Салгылашта Семетей эки чоросу менен, канаттуу ат минип асмандап уруш салган Бараңдын каны Балтамат эрдик көрсөтүштү. Үч ай согушкандан кийин кытайлар жеңилип, кача баштады. Коңурбай элдешүү үчүн элчи жиберет. Кытайдан төрт, кыргыздан төрт калыс чыгып, Коңурбай менен Семетейди элдештирмек болушуп алардын куралдарын таштаттырып ортого алып келип жөөлөштүрөт. Күлчоро Тайбуурулду, Карагул Алгараны коштошуп, эки колдун арасында бастырып турушат да, бирин-бири кул деп кемсинтишип чабыша кетишет, калыстар арачалайт. Күлчоро колуна зулпукорду алып, Суркоён менен Коңурбайды качырып башын алат. Карагул күндү бүркөлтүп, Алгара менен Тору айгырды ала качат. Семетейге Канчоро Тайбуурулду мингизип кайрадан уруш башталып, кытайлар жеңилип, кыргыздар көп олжо менен жерине жөнөшөт. Семетей чоролору менен жайма-жай колдун арт жагында келе жатканда астынан жашынып тосуп турган Карагул атып качат. Артынан Канчоро менен Күлчоро кууп барып аны өлтүрүп кайтышат. Айчүрөк аттап, Семетейдин жаратындагы ок түшүп, ал айыгат. Элине келип тынч жашап балалуу болуп атын Сейтек коёт. Багыш Сазановдун вариантында Семетей атасынын кунун кууш үчүн жакын санаалаш кандарга кабар жиберет.
Кол Талгардын жайык оюна чогулат. Кошой, Үрбү, Төштүктүн колу келет, Кыргыз колу Бээжинди камайт. Кытай колу менен кыргыз колу көп сапар беттешет. Күлчоро, Канчоро, Төштүктүн уулу Суркоёндор эрдик көрсөтүшөт. Күлчоро менен Коңурбай биринбири жарадар кылышып, дарыланып айыгышат. Коңурбай аткан октон Семетей Айчүрөктүн жардамы менен айыгып, кийинки бир беттешүүдө Коңурбайды аттан кулата саят, артынан жүргөн көзөмөлчү Күлчоро жой болот менен башын алды. Коңурбай өлгөндө Эсенкан Кангайга кабар берип кол чогултту. Дагы көптөгөн беттешүүлөр болду. Бир жолку беттешүүдө кытайдын темир торчондору Семетейди торго түшүрүштү. Семетей башын чулгаган торду кылыч менен кесип сыртка чыкканда, Нескара анын атын куйруктан кармап коё бербей турду. Күлчоро Нескаранын башын алып Семетейди куткарды. Нескара өлгөндө Эсенкан капкасынын оозун жаптырып, коргошун уютуп куйдуруп бекиттирди. Эсенкандын капкасын буза албай кыргыз колу жерине кайтты. ТМВ жогорку эки вариантка сюжет жагынан жакын. Айрым айырмачылыктар булар кун кууган Манастын кырк чоросунун ар биринин уулдары Семетейге чоро болуп катышат. Коңурбайдын чек кайтарган сыйкырдуу Куу өрдөгүнүн эти мүрөктүн суусуна тете касиетке ээ болот. Анын этин жеген Бакай, Каныкей өлбөй ушул убакка чейин тирүү жүрөт имиш. Байкатпай Таласты басып кирген Коңурбай Тайбуурулду колго түшүрүп алат. Күлчоро кытайдын суу кайтарткан кароолун өлтүрүп, анын кейпинде Коңурбайдын чайчысы болуп Тайбуурулду куткартып Семетейге жеткирет. Урушта теңдеше албаган Коңурбай менен Нескара Семетейге достошкону элчиликке келишет. Эки жак сүйлөшүп жатканда Күлчоро ары-бери бастырып турат. Ошол учурда Тайбуурул Алгараны тээп жиберет. Ага ичи ачышкан Коңурбай Семетейге: "Тетиги кулуңду тыйсаңчы, аялуу ат майып болуп калса эмне болот, кул кутурса кузгунга жем" — дейт. Коңурбайдын кордоосуна ызаланган Күлчоро анын жана Нескаранын башын кылыч менен шыпыра чабат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4