Тыгыздык

Википедия дан

Тыгыздык (ρ) – бир тектүү зат үчүн анын бирдик көлөмүндөгү массасы аркылуу аныкталуучу физикалык чоңдук. Бир тектүү эмес заттын анык бир чекитиндеги Тыгыздыгы катары көлөм ушул чекитке чогулган кездеги нерсенин m массасынын анын V көлөмүнө болгон катышынын предели алынат. Бир тектүү эмес нерсенин орточо Тыгыздыгы катары да m/V катышы эсептелет. Кээде салыштырмалуу тыгызды деп аталган түшүнүк колдонулат, мис., суюктуктун ж-а катуу нерсенин Тыгыздыгы 40С кезиндеги таза суунун Тыгыздыгына салыштырмалуу, ал эми газдардыкы нормалдуу шарттагы кургак абанын же суутектин Тыгыздыгына карата аныкталат. Тыгыздыктын СИдеги бирдиги – кг/м3, СГСдегиси – г/см3. Заттын Тыгыздыгы, эреже катары, температура жогорулаган сайын азайып, басым чоңойгондо өсөт. Заттын агрегаттык абалы өзгөргөндө Тыгыздык кескин өзгөрөт, б.а. газ абалга өткөндө кескин азайып, катуу абалга өткөндө көбөйөт. Заттын Тыгыздыктары ар кандай түрдөгү Тыгыздык өлчөгүчтөр (пикнометр, ареометр ж.б.) менен өлчөнөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.
  • ISBN 9967-14-010-0