Урарту

Википедия дан

Урарту (түркчө Urartu, фарсыча;jl jılıj) - Алдыңкы Азиядагы байыркы кул ээлик мамлекет (б. з. ч. 9-6-к.).

Урарту Армян тайпак тоолорун (азыркы Армения, Чыгыш Түркия, Түндүк-Батыш Иранга караштуу аймактарда) ээлеген. Борбору Тушпа ш. (азыркы Түркиядагы Ван ш.) болгон. Б. з. ч. 8 кылымда түзүлүп, б. з. ч. 6-кылымга чейин өкүм сүргөн. Урарту мамлекети акырындык менен аймагын кеңейтип, Менуа (б. з. ч. 810-778), Аргишти I (б. з. ч. 778-750), Сардури II (б. з. ч. 750-730) падышалык кылган мезгилдерде Месопотамиянын, Сириянын түндүк жактарын басып алып, Ассирияны Кичи Азияга (металл алуучу жерлерге) өткөрбөй начарлаткан. Ошондой эле Ван көлүнүн түштүк тарабындагы жерлерди, Урмия көлүнүн аймагын жана Түштүк Закавказьенин көп бөлүгүн караткан. Бирок, б. з. ч. 8-кылымда Урартунун Ассирия, киммерийлер, скифтер менен болгон согуштарда жеңилиши, ички көтөрүлүштөр аны алсыраткан. Б. з. ч. 6-кылымдын башында Урартуну Мидия мамлекети басып алган. Урартунун калкы малчылык, дыйканчылык жана багбанчылык менен кесиптенген, кол өнөрчүлүк, өзгөчө темир, коло, таш иштетүү мыкты өнүккөн. 1879-ж. Урартуну археол. жактан алгачкылардан болуп Ван Топурах-Кала тоосунан англ., 1898-99-ж. немис, 1911-16-ж. орус археологдору (И. А. Орбели, Н. Я. Марр) казып изилдешкен. Немис археологдору Аргишти ханга таандык байыркы буюмдарды жана жыл баяндарды, орустар Сардури II нин жыл баяндарын табышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4