Фольклористика же фольклор таануу

Википедия дан

Фольклорристика же фольклор таануу — бул же тигил улуттун элдик оозеки чыгармачылыгын үйрөнүүчү, узак убакыттан бери өнүгүп келе жаткан илим.

Советтик мезгилде илим катары кыргыз фольклористкасы жаңы баскычка көтөрүлдү, бирок тарыхый туура принциптери бузулууга дуушарланып айрым мурастарга партиялык-саясаттык көз менен кароонун кесепетинен бүлүнүүгө да учурады. Кыргыз фольклористкасынын өнүгүшүнө Ч. Валиханов, М. Ауэзов, С. Абрамзон, М. Богданова, К. Мифтаков, Ы. Абдырахманов, Б. Юнусалиев, Б. Керимжанова жана башкалар илимпоздор чоң эмгек сиңиришти. Кыргыз фольклорунун түрлөрүнө жана жанрларына илимий анализ берүүгө алгач аракет жасашкан окумуштуулар М. И. Богданова, Ө. Жакишев, Т. Саманчин, К. Рахматуллин. Булардын эмгектери “Кыргыз адабиятынын очерктери" деп аталып, фольклордун айрым жанрларына мүнөздүү өзгөчөлүктөр илимий анализден өткөн. Кыргыз фольклористика илиминин калыптанышына окумуштуу М. Богданова бир кыйла эмгек сиңирген. Окумуштуу кыргыз элинин оозеки поэтикалык чыгармаларын биринчилерден болуп, илимий негизде классификациялоого аракет жасаган.

Кыргыз фольклорискасынын илиминин калыптанышы жана өнүгүү тарыхы көптөгөн карама-каршылыктарга учурап, кээде бир жактуу мамилеге дуушарланган. Совет доорундагы искусство менен адабиятка жасалган таптык мамиле, ашкере идеологиялык саясий талап кыргыз фольклористикасына айрым терс таасирин тийгизген. Ошентсе да оозеки поэтикалык чыгармаларды жыйноо, аларды басмадан чыгаруу, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү такыр токтоп калган эмес. Бирок, бул эң маанилүү ишке мурун айрым бир гана саналуу адистер катышса, кийин КРУИАнын Тил жана адабият институту толук бойдон активдүү катышкан. Институтун атайын секторлору, бөлүмдөрү жана КМУ тарабынан жыл сайын экспедициялар уюштурулуп, элдик мурастардын баалуу үлгүлөрүн жыйнап, кагаз бетине түшүргөн. Басмадан өзүнчө китеп, жыйнак түрүндө жарык көргөн. Айрыкча эл акындарынын чыгармалар жыйнактары, макал-лакаптар, эпостор өзүнчө бир китеп болуп басылып чыккан. 50-жылдарда Кыргызстан адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн декадасына карата оозеки поэтикалык чыгармалардын ондогон мыкты үлгүлөрү орус тилине, боордош элдердин тилине, ошондой эле айрым чет тилдерге которулган. Ал демилге эң күчтүү фактор катары кыргыздын оозеки чыгармаларына чет элдик кызыгууну арттырып, илимий изилдөөнүн чөйрөсүн кеңейткен. Кыргыз фольклористикасына арналган башка элдердин илимпоздорунун эмгектери жарык көрө баштаган. Бул кыргыз фольклористикасы илиминин өнүгүшүнө, байышына зор таасир тийгизген.

50-жылдары кыргыз фольклористикасынын айрым жанрларына, бөтөнчө эпосторуна арналган илимий конференциялар көп өткөрүлгөн. Элдик поэтикалык чыгармаларды ар тараптан кеңири иликтөө боюнча илимий талкуулар өткөрүлүп турган. Кыргыз фольклористикасы илиминде баяндама мүнөзүндөгү эмгектерден тышкары конкреттүү чыгармаларга арналган проблемаларды көтөргөн изилдөөлөр жарык көргөн. Фольклористика илимин өнүктүрүүдө жана анын идеологиялык-теориялык табылгалар менен байытууда кыргыз окумуштуулары К. Рысалиев, Б. Керимжанова жана башкалар салымы зор. Алар поэтиканын эң татаал бөлүгү болгон кыргыз ыр түзүлүшүнө кайрылып, бул кубулуштун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, бөтөнчө элдик, акындык поэзиянын эстетикалык, көркөмдүк касиеттерин терең иликтешкен. Шарттуу түрдө кенже эпостор аталган “Кожожаш”, “Эр Төштүк”, “Жаныш, Байыш”, “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Саринжи-Бөкөй”, “Эр Солтоной”, “Жаңыл Мырза”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жоодар Бешим”, “Кедейкан” 20-жылдардан бери бир нече ирет кыргыз, орус тилдеринде басылып, айрымдары чет элдерге да таанылды. Мисалы, түрк тилдүү элдердин көбүнө таандык “Эр Төштүк” эпосунун варианттарынын, версияларынын ичинен кыргыз тилиндегиси эң мыкты чыгарма катары эсептелип, Париж шаарында француз тилинде которулуп басылган. Мурдагы ар түрдүү басылыштарын айтпаганда да соңку 70–80-жылдардын ичинде элдик оозеки чыгармачылыктын жанрлары боюнча нечендеген жыйнактар Б. Кебекова, А. Токомбаева, С. Закирова, Ж. Төлөев, П. Ирисов , Ж. Мусаева, С. Кайыпов, К. Ибраимов, Т. Абдыракунов жана башкалар тарабынан түзүлүп, удаама – удаа жарык көрдү: “Айтыштар” (1–2 т. 1972), “Балдар фольклору” (1972), “Кыргыз элинин санат-насыят жана терме ырлары” (1973), “Кыргыз элинин сүйүү ырлары” (1974), “Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз эл ырлары” (1975), “Кыргыз эл жомоктору” (1975), “Эл ырчылары” (1981), “Табышмактар” (1984).

Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн жыйноо, жарыялоо менен бирге аларды илимий теориялык, тарыхый жактан изилдөө иштери да жигердүү жүргүзүлгөнүн монография тибиндеги төмөнкү эмгектер далилдей алат: С. Закиров “Кожожаш” эпосунун кээ бир маселелери” (1959), “Кыргыз элинин макал-лакаптары” (1962), “Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүгү” (1965), “Эр Төштүк” эпосунун варианттары жана идеялык көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” (1965), Ж. Субанбеков “Кыргыз элинин баатырдык кенже эпостору” (1970) жана башкалар

Азыркы учурда эл чыгармачылыгынын 40 томдугун жарыялоо кызуу жүрүп жатат. Мындай иш кыргыз Фольклористикасы тарабынан биринчи жолу колго алынып, өтө масштабдуулугу менен айырмаланат. Кыргыз эпосторунун ар биринин бардык варианттарын жарыялоодон тартып, майда жанрлар: макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, балдар ырларына чейин киргизилди.

Советтик доордо кыргыз фольклористика илиминде албан ийгиликтер менен бирге бир катар мүнөздүү кемчиликтер да орун алган. Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнө обьективдүү, туура тарыхый баа берүүнүн ордуна таптык көз караш үстөмдүк кылат. Салттуу поэзиянын үлгүлөрүнүн жаралыш доорун, элдин ошол кездеги көз карашын, идеясын эске албастан, көбүнчө аларды эстетикалык баалуулугун экинчи планга калтырып, аларга өтө курч саясаттын, идеологиянын талаптары коюлган. Өзгөчө айтылган тенденциялар “Манас”, “Жаныш, Байыш” эпосун баалоодон ачык байкалат. Бул чыгармаларды вульгардык-социологиялык көз карашта илимпоздор айрым бир сюжеттик мотивдерди жазып алып, аларды жасалма түрдө жалпылап, чоң идеялык-саясий каталарды табышкан. Ушундай зыяндуу тенденциялар акындар поэзиясына баа берүүдө ачык байкалат. Кыскасы, кыргыз фольклористика илиминин алдында сандаган олуттуу милдеттер тургандыгы жалпыга белгилүү. Анткени, дагы көптөгөн маселелердин чечилиши атайын илимий-теориялык изилдөөнүн объектиси боло элек. Экинчиден, буга чейин изилденген фольклордун көптөгөн үлгүлөрү кайрадан терең илимий талдоону талап кылары да талашсыз факт. Ошентип, кыргыз фольклористика илиминин чече турган маселелери, көтөрө турган илимий проблемалары дале болсо алдыда

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine