Мазмунга өтүү

Черняев, Михаил Григорьевич

Википедия дан

Михаил Григорьевич Черняев (1828-жылы 3-ноябрда Могилёв губерниясынын Тубышки кыштагында туулган - 4-август 1898-жылы Могилёвдө каза болгон)

1840-жылдан баштап Дворяндык полкто курстан өтʏп,

1847-жылы Павл полкунун Лейб-гвардиясында кызмат өтөгөө киришкен. Андан сон академиянын генералдык штабынын курсунан өтʏп, Дунай армиясына жолдомо алган.

1849-жылы Кичи-Валах отрядынын составында Венгер жʏрʏшʏнө катышкан.

1854-жылы кʏзʏндө 4-корпустун составында Крымга князь Меншиковго жардамга жөнөтʏлгөн . Севастополдун алдында гарнизондун баардык иштерине катышкан, Инкерман, Хрулеве салгылаштарында катышып, ыйык Владимир ордени менен сыйланган жана «Эрдиги ʏчʏн»деген жазуусу бар курал алган. Туркестандагы ишмердиги.Согуштун аягында з-жөө аскердик дивизиянын башкармалыгына дайындалган. Кийинчээрек Оренбургдук генерал-губернатор Катениндин алдына которулган.

1858-жылы Бутаковдун Аралга экспедициясына катышып, Хива хандыгына каршы көтөрʏлгөн Кунграддыктарга жардам берʏʏ максатында отряддын командычысы болгон.

1859-жылы Кавказга жөнөтʏлгөн , Кавказ тынчыганда кайра Оренбурга генерал Безактын штабына жөнөтʏлгөн.

1864-жылы Безак менен башкирлерди башкаруу жөнʏндө талашка тʏшʏп, Петербурга кетип калган. Ошолучурда Орто Азияда талаа губерниялары оренбург жана сибирди бириктирген кʏчтʏʏ аскер линиясын тʏзʏʏ ʏчʏн номиналдуу Коконго баш ийген аймактарды басып алуу керек болгон.

Черняев 1864-жылы Сибирь тилкесинин «Зачуйский» отрядына командирлике дайындалган. Замандаштарынын пикиринде жана жасаган иштерине караганда согуштук полководчулук таланты болбогонуна карабай өзʏнө жогору ойдо ,саясатты терен изилдеген, ар тараптуу ойлонуп иш жасаган колониалдык доордун «алга» дегенинен башкасынын баарын четке каккан тез ийгилике жетʏʏнʏ энсеген инсан болгон. Сибирь жана Оренбург губернияларын бириктирʏʏ жөнʏндөгʏ ой Александр II тарабынан жактырылгандан сон, Черняев Сибирь тилкесинин командири болуп шайланган. Бир аз даярдыктарды көргөн соң ал Кастектен чыгып Токмок чебине келген.Ал жергиликтʏʏ элдер менен ар кандай жол менен сʏйлөшʏп аларды орус бийлигине өтʏʏгө көндʏргөн. Андан ары Олуя-Атага жөнөгөн. Ал аз гана отряд менен Олуя-Ата жана Чымкент чептерин басып алган .

1865-жылы Черняев Ташкентти басып алууга жөнөп, 2000 аскер менен 100000 калкы, 30000 коргоочусу бар шаарды басып алган. Ташкентти басып алгандыгы ʏчʏн ал «Ташкент арстаны» атка конгон.Тʏркстан облусуна аскер губернатору болгон , Черняев Ташкентти Бухара эмири басып алганы жатат деген шылтоо менен Бухарага жортуул кылганы жатканда, британдык дипломаттарЕвропада Россиянын Орто Азиядагы колониалдык ишмердигин кʏнөөлөгөн билдирʏʏлөр чыгып, Орто Азиянын тегерегиндеги ызы - чуулар эл аралык денгээлге чыгып, Черняев кайра чакыртылып алынган. Черняев аскерден эрте оставкага кетип, газета тармагында дагы алектенген.

1882-жылы кайрадан Тʏркстан генерал-губеннатору болуп шайланган. Ал ишти жʏргʏзʏʏдө консервативдик лагерден кенешчилерди алып, алардын жардамы менен колуна соттук ж.б. бийликтерди топтой баштаган. Ошондуктан ал иштен кайрадан кеткен.


Халфин Н. А. Политика России в Средней Азии (1857—1868). М., 1960.

Аттокуров .С.КыргыздарXIXкылымда .-Б.,2003.