Мазмунга өтүү

Чосон

Википедия дан

Чосон Өөлөтү (кор. 조선) же Улуу Чосон — Чыгыш Азиядагы 1948-жылга чейин өкүм сүргөн мамлекет. Корея жарым аралында, ага туташ материк бөлүгүндө жакынкы аралдарда жайгашкан тарыхый мамлекет

Улуу Чосон
кор. 조선

мамлекет
1392 — 1897


Желек Герб
Ураан
«광명천지»
Гимн
«대한제국 애국가»
которулганда, «Улуу Корей Империясынын мекенчилдик гимни!»
Борбор калаа Хансоң, азыркы Сеул
Тил корей тили
кытай вэньян тили
Дин конфуций окуусу
Акча бирдиги Мун (1423—1425)
Яң (1897—1902)
Аянт 220 748 км²
Калк 5,730,000 (1400)
13,300,000 (1907)
Сулале (династия) Ли өөлөтү
Ван
 - 1392—1398 (биринчи) Тхэжо
 - 1863—1897 (аяңкы) Кожон
Өтүүчүлүк
Корё
Тхамна-гук
Корей Империясы

Пхеньян шаарына жакын аймактардан табылган Комынмору, Кымпхари тургун жайлары, Тэхёндон үңкүрү ж. б. Корея жарым аралында палеолит доорунда эле адам жашагандыгын далилдейт. Б. з. ч. 1-кылымда Корея аймагында уруу союздары түзүлүп, анын негизинде феодалдык мамлекеттер — Когурё, Пэкче жана Силла (б. з. 1—7-кылымдар) пайда болгон.

6-кылымдын ортосунда Корей жарым аралына үстөмдүк кылуу үчүн бул мамлекеттердин ортосунда күрөш башталган. Силланын башкаруучулары Кытайдын Тан империясы менен келишим түзүп, 660-ж. Пэкчени, 668-ж. Когурёни караткан. Бириккен Силла Кытай менен саясий, экономикалык жана маданий жактан тыгыз байланышта болуп, башкаруу жана жер иштетүү системасы кытай үлгүсүндө уюшулган. 8—9-кылымдарда конфуцийлик билим берүү системасы ишке ашып, корей элдик тили жана маданияты калыптана баштаган. 9—10-кылымдарда Бириккен Силла мамлекетинде бытырандылык башталып, анын аймагында Тхэбон (901), Корё, Хупэкче (900) ж. б. мамлекеттер негизделген. 936-ж. Корё башкаруучусу Ван Гон өлкөнү кайрадан бириктирген. 993, 1010—11-жылдары, 1018—19-жылдары Корёго жасаган кидандардын тынымсыз жортуулдарынын мизи майтарылган.

Өлкөдө кол өнөрчүлүк, соода өнүгүп, монета чыгарылган. 992-ж. конфуцийлик жогорку мектеп ачылган. 12-кылымдын 1-жарымынан Корё начарлай баштаган. 1170-ж. аскер төңкөрүшүнөн кийин бийлик (1270-жылга чейин) аскер төрөлөрүнүн колуна өткөн. 1231—59-жылдары Корёну моңголдордун Юань династиясы караткан. 1356-ж. ван Конмин моңголдорду өлкөдөн кууп чыккан, бирок алар узак убакыт Корёго таасир тийгизип турган. 1392-ж. кытайлардын колдоосуна ээ болгон аскер башчысы Ли Сон Ге жаңы Ли династиясын негиздеп, ал башкарган мамлекет Чосон («Таңкы серүүн өлкө») деп аталган. Борбору Хансон шаарына (азыркы Сеул шаары) көчүрүлгөн. 15-кылымдын 1-жарымында Улуу Сежон башкарган мезгилде мамлекет гүлдөп, корей фонетикалык алфавити чоным (окумуштуулар Чон Нин Джи жана Сон Сам Мун) түзүлүп, китеп чыгаруу өнүккөн. 16-кылымдын башында чосон ак сөөктөрүнүн бийлик үчүн өз ара күрөшү курчуп, 1580-ж. өкмөткө каршы бир нече топ түзүлгөн. Имчжин согушу (1592—98) да борбордук бийликтин кризисин күчөткөн. Корей эли боштондук согушка көтөрүлүп, япон баскынчыларын талкалаган. 1627-ж. жана 1636-жылдарда маньчжурлар Кореяга кол салып, 1637-ж. Цинь династиясынын вассалына айландырган. 18-кылымдын 2-жарымында Кореянын экономикалык өнүгүшү токтогон. Жерлер ак сөөктөрдүн колуна өтүп, эзүү күчөгөн, дыйкандардын социалдык абалы начарлаган, 1811—12-жылдары Пхёнан провинциясында, 1813-, 1815-, 1833-жылдары Сеулда дыйкандардын көтөрүлүштөрү чыккан.

19-кылымдын ортосунан Кореяга чет мамлекеттер кызыга баштаган. Корея 1876-ж. Япония, 1882-ж. АКШ, 1883-ж. Улуу Британия жана Германия, 1884-ж. Италия жана Россия, 1886-ж. Франция менен басмырлаган тең укуксуз келишимдерине кол койгон. Натыйжада эл массасынын чет элдиктерге жана өкмөткө каршы нааразылыгы күчөп, 1882-ж. 23-июлда Сеулда ири көтөрүлүш чыккан. Кытайлар ушундай абалдан пайдаланып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өз бийлигин орноткон. Кытайлардын зомбулугуна нааразы болгон Ким Ок Кюн баштаган топ япондордун колдоосуна таянып, 1884-ж. декабрда мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Бирок эки күндөн кийин, бийликти кайра кытайлар тартып алган. 1885-ж. апрелде Кытай менен Япония Тянь-цзинь келишимине кол коюшуп, Корея аймагынан япон жана кытай аскерлери чыгарылган. 1890-жылдары өлкөнүн экономикасында чет элдиктер, биринчи иретте япон соодагерлери жана ишкерлер маанилүү роль ойногон. Чет элдик соодагерлер корей базарын өздөрүнүн товарлары менен толтуруп, өлкөдөн айыл-чарба азыктарын (күрүч, буурчак), ошондой эле алтын, күмүштөрдү ташып кетип турушкан. 1893—94-жылдары чет элдик зомбулукка жана өкмөткө каршы дыйкандардын көтөрүлүшү чыккан. 1894-ж. июнда Корей өкмөтү көтөрүлүштү басыш үчүн Кытайдан жардам сураган. Япония Кытай бийлигин Тянь-цзинь келишимин бузду деп күнөөлөп, 1894-ж. 25-июлда Асан аймагында кытай аскер кемелерине кол салган. 1894—95-жылдары Кытай-япон согушу Симоносеки келишимине (1895) кол коюу менен аяктап, Кытай Кореянын үстүнөн болгон сюзерендиктен баш тартып, Японияга Ляодун жарым аралын берген. Орус-япон согушунун (1904—05) убагында Япония Кореяны караткан. 1905-ж. 17-ноябрдагы протекторат жөнүндөгү келишимге ылайык Корея Японияга толук көз каранды болуп, башка мамлекеттер менен өз алдынча алака жүргүзүү укугунан айрылган. Өкмөт япон генералдык резиденти — Ито Хиробуминин көзөмөлүнө өткөн. Протекторат режимине каршы корей элинин куралдуу күрөшү күчөгөн, бирок алардын негизги күчтөрү Япония бийлигинен талкаланган. 1910-ж. 22-августта Корея императорунун тактан кетиши япон императорунун пайдасына чечилген. Корея Япония империясынын курамына кирген. Өлкөдөгү мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги, ошондой эле Корея армиясы жана флоту генерал-губернатордун колуна өткөн. 1911—18-жылдары япон бийлиги айыл-чарба тармагында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жер каттоо жүргүзгөн. Япония өкмөтү Кореяга аскердик-полициялык режим орноткон. Япон тили мамлекеттик тилге айланып, саясий уюмдарга, илимий, маданий жана спорт коомдоруна катышууга корейлерге тыюу салынган. Япония үстөмдүгүнө каршы Кореяда улуттук-боштондук кыймыл күчөп, ар кандай саясий уюмдар түзүлүп, партизандык отряддар калыптанган. Россиядагы Октябрь революциясынын (1917) таасири астында Кореяда Япония саясатына жооп катары Биринчи март элдик кыймылы кеңири жайылган. 1919-ж. 1-мартта Сеулда массалык демонстрациялар башталып, аларды япон полициясы күч менен баскан. 1919-ж. апрелде Шанхайда жашаган корей эмигранттарынын Корей улуттук конгресси деп аталган чогулушунда Корей Республикасы (Тэхан мингук) жарыяланып, саясатчы Ли Сын Ман жетектеген «өкмөт» түзүлгөн. 1920-жылдары Кореяда алгачкы жумушчу жана профсоюз уюмдары пайда болуп, 1925-ж. Корея Компартиясы (КП) түзүлгөн. Маньчжурия жана Кытай аймактарында партизандык отряддар (лидерлери Ким Ир Сен ж. б.) уюшулуп (кийин бул отряд Кытай Кызыл армиясынын 32-корпусуна айланган), Кытайдын элдик-революциячыл күчтөрү менен бирге япон баскынчыларына каршы күрөшүп, бир нече жолу жеңиштерге жеткен. Берлин (Потсдам) конференциясында (1945) союздаш мамлекеттер Япониянын капитуляциясын жана Корей мамлекетинин эгемендигинин калыбына келтирилишин талап кылышкан. Советтик жана америкалык аскерлердин биргелешкен күчтөрү Корей жарым аралын бошотууга киришкен. 1945-ж. августта СССРдин Тынч океан флоту менен 25-армиянын 2-Ыраакы Чыгыш фронтунун бириккен күчтөрү Корея аймактарына кирген. АКШнын сунушу менен Корей жарым аралы 38-параллель боюнча түндүк жана түштүк зонага бөлүнгөн. Бирок Кореянын түндүгүнө АКШ армиясы 1945-ж. 8-сентябрда согуш аракеттери токтогондо кире баштаган. 1945-ж. 8-октябрда Түндүк Кореянын 5 провинциясынын элдик комитеттеринин өкүлдөрү жолугуп, убактылуу башкаруу органы — 5 провинциянын административдик бюросун түзгөн. 1945-ж. 10-октябрда Түндүк Корея өкүлдөрүнүн жыйынында Корея КПнин түндүк-корей уюштуруу бюросу түзүлгөн. 1946-ж. августта КП Түндүктө Жаңы элдик партия (1946-ж. негизделген), түштүктө Элдик жана Жаңы элдик партия (1945-ж. негизделген) менен биригип, Түндүк Корея Эмгек партиясы жана Түштүк Корея Эмгек партиясы болуп түзүлгөн. 1946-ж. февралда элдик бийликтин жогорку органы — Түндүк Корея Убактылуу элдик комитети түзүлгөн. 1945—48-жылдары Түндүк Кореяда жер реформасы жүргүзүлүп, транспорт, өнөр-жай, байланыш, банк, тышкы соода ж. б. улутташтырылган. Түштүк Кореяда америкалык аскер администрациясы элдик комитеттердин ишмердигине жана реформалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылып, консервативдик саясий күчтөр менен кызматташкан. 1948-ж. 10-майда Түштүк Кореянын Улуттук чогулушуна шайлоо өткөрүлүп, 15-августта Корея Республикасы жарыяланып, борбору Сеул шаары болгон. Америкалык аскер администрациясы Кореядагы өзүнүн ыйгарым укугун Ли Сын Манга тапшырган. 1948-ж. 9-сентябрда Түндүк Кореяда Ким Ир Сен жетектеген Корей Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) түзүлгөн. Конституция боюнча КЭДРдин борбору Сеул эсептелген, бирок иш жүзүндө Пхеньян шаары борбор болуп калган.

Корея адабияты б. з. башындагы байыркы корей фольклорунан башталат. 19-кылымга чейин расмий ханмун тилинде (кытай тилинин корейлешкен формасында) жана корей тилинде жаралган. Корей тилиндеги адабияттын байыркы үлгүсү — чакан ырлар — хянга (7—11-кылымдар). Бул мезгилдеги чыгармалардын көпчүлүгү сакталган эмес. Корей акындары ырларын кытай ыр түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык жазышкан. Поэзияга Чхве Чхи Вон (9-кылым) чоң салым кошкон. Корё мамлекети мезгилинде кытай тилиндеги проза жана поэзия биринчи планга чыккан. Ким Бу Сектин «Үч мамлекеттин тарыхый баяны» (1145) деген конфуцийчил хроникасы, пхэсоль жанрында Ли Ин Нонун, Ли Гю Бонун жана Ли Же Хёндун лирикалары маанилүү роль ойногон. Чосон мезгилинде улуттук маданиятка басым жасалып, поэзия менен проза улуттук тилде өнүккөн. Поэзияда сижо (үч сап ырлар; Юн Сон До) жа каса (поэмалар Чон Чхол) жанрлары өнүккөн. 19-кылымдын акыры — 20-кылымдын башында кытай тилинен баш тарткан жана агартуучулук идеясын даңазалаган «жаңы адабият» пайда болгон. Корей тилиндеги проза поэзиядан кийин пайда болгон (Ман Жундун романдары, 17-кылым). 20-жылдары адабияттын мааниси тууралуу талаш-тартыш келип чыккан: агартуучу, прозачы Ли Гван Су адабиятты үгүт-насыят каражаты катары эсептесе, кыска аңгеменин чебери Ким Дон Ин адабияты, «Таза искусство» деп түшүнгөн. Адабиятта ар кандай багыттар: модернизм (акын, жазуучу Ли Сандын чыгармалары) «жаңы багыт мектеби» (Чхве Со Ханин аңгемелери, Ли Сан Хванын ырлары) пайда болгон. Пролетар жазуучулардын Корея ассоциациясы (Ли Ги Ен, Чо Мен Хи, Сон Енди, акындар Пак Се Ен, Пак Пхар Ян, Лим Хва ж. б.) түзүлгөн.

Архитектура жана сүрөт искусствосу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б. з. ч. 1-кылымдагы көрүстөндөрдө (дольмендер, үкөк формасындагы мүрзөлөр ж. б.) металл шаймандар жана кооз чопо идиштер калган. Когурьё мамлекетинин башкаруучулары менен ак сөөктөрдүн 4—7-кылымдардагы көрүстөндөрү көпчүлүгү байыркы борбор Куннэсондун жана 5-кылымдан кийин борбор болгон Пхеньяндын айланасында жайгашкан. Көрүстөндөр эки типке бөлүнөт: тепкич түрүндөгү таш пирамидалар жана имаратты көөмп турган коргон дөбөлөр. Алардын дубалдары менен шыптары сүрөттөр менен кооздолгон. Кореянын 8-кылымда Силла мамлекетине биригиши анын маданиятын жаңы бийиктикке көтөргөн. Шаарлар курула баштаган. 4—6-кылымдарда Кореяда буддизмдин таралышы менен храм ансамблдери пайда болгон: 8-кылымда Кёнжуда Соккурам үңкүр храмы, Пульгукс комплекси (14-кылымда кайра курулган), Таботхап менен Соккатхап пагодалары менен курулган. 7—10-кылымдардагы Корея скульптурасында Индия менен Кытайдын будда оюу-чийүүлөрү образдардын жандуулугу менен формалардын ийкемдүүлүгүн айкалыштырган (Будданын статуясы жана Кваным ботхисатванын горельефи — Соккурам храмы, 8-кылым). Кёнжудагы көрүстөндөрдүн жанынан табылган жоокерлердин, айбанаттардын ж. б. таш эстеликтери сомдолгон монументтүүлүгү менен айырмаланат. Бул мезгилдеги жасалга-колдонмо өнөрүнө таш жана металл иштетүү, жибек токуучулук, лак буюмдарын чыгаруу, бамбук буласы менен чөптү эшүү ж. б. мүнөздүү, Корё мамлекетинин доорунда (918—1392) пагодалардын формасы татаалдап, ярустарынын саны көбөйгөн (Кёнгидо провинциясындагы Хёнхвас храмынын 7 ярустуу пагодасы, 11-кылым), салттык 4 кырдуу пагодалар менен катар 6—8 кырлуу курулуштар (Канвондо провинциясындагы Вильжонс монастырынын 9 ярустуу октагондук пагодасы, 11—12-кылымдар) салынган. Стилдик жактан да көп түрдүү болгон. Бул доордун архитектурасы жасалгага бай. Монумент скульптурасы мыкты өнүгүп, тушь жана суу боёк живописи кеңири тараган. Таштан жана фарфордон, карападан идиш жасоо өөрчүгөн. Сүрөт искусствосун өнүктүрүүдө 14-кылымда сарайда уюштурулган Тохвасо мекемеси олуттуу роль ойноп, живопись академиясынын кызматын аткарган. Чосон мамлекети мезгилинде көркөм маданиятка неоконфуцийчилик зор таасир тийгизген. Буддисттик храмдар алыскы тоолуу райондордо курулган. Сакталып калган храмдардын көбү Чосон мезгилинин экинчи жарымында тургузулган. Падыша сарайларын курууда бай жасалга менен зор салтанаттуулук айкалыштырылып (Кёнбоккун ак сарай комплекси,1395, 1592-ж. өрттөлүп, 19-кылымдын 2-жарымында калыбына келтирилген; Чхандоккун комплекси, 1405—12, 1592-ж. бузулган, 1607—10-жылдары калыбына келтирилген), ландшафт композициялуу бак-парктарды түзүүгө көп көңүл бөлүнгөн (Чхандоккун комплексиндеги Сырдуу бак). Чосон мезгилиндеги Корея живописинин тарыхын 3 мезгилге — эрте (1392—1550), ортонку (1550— 1700) жана соңку (экиге бөлүнөт), 1700—1850, 1850—1910) чосон мезгилдерине бөлүп карашат. Эрте мезгилде Го Си, Ми Фу жана уулу Ми Южен, Ан Гён, Кан Хи Ан ж. б. белгилүү болсо, ортонку мезгилдин ири чеберлери Ли Жин, Ким Мён-чук ж. б. болгон. «Гүл-чымчык» (хваджохва) жанрында көп сүрөтчүлөр ийгиликтүү иштешкен. 18-кылымда өнүккөн пейзаж живописи — чингён сансухва багытында (чыныгы көрүнүштөгү пейзаж) Чон Сен, Ким Ын Хван, Ким Хон До ж. б. иштеген. Соңку мезгилдин аягында Ким Чон Хи, Хо Рён, Тен Сын Обо заманбап живопистин пайда болушуна негиз түзүшкөн. Жасалга-колдонмо өнөрүндө мурункудай эле карапанын ролу зор болгон. Негизи бардык эле сүрөтчүлөр «гүл-чымчык» жанрында иштешкен. 19-кылымдын аягында май боёк живописи техникасы менен иштеген алгачкы сүрөтчү Токиодогу көркөм искусство окуу жайын бүтүргөн Ко Хи Дон болгон. 19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башында Корея искусствосуна Батыштын көркөм салттары кире баштап, европалык стилдеги имараттар курулган.

Корея улуттук музыкасы 4-кылымдан калыптана баштаган. Көп аспаптарды (комунго ж. б.) жасаган Ван Санака (6-кылым), ырчы жана 200дөй композициянын автору, каягым аспабын кураган Урыктын (6-кылымдын аягы) чыгармачылыгы ал кез үчүн маанилүү болгон. 14—16-кылымдарда борбордо чоң оркестр, хор оюн көрсөтүп, көрүнүктүү музыканттар иштеген. Корея музыкасынын өнүгүшүнө Пак Ен (15-кылым) көп салым кошкон. Ал туңгуч музыкалык окуу жайын негиздеп, байыркы аспаптарды классификациялап, өзү да элдик музыканын чебер аткаруучусу болгон. 1432-ж. нота жазуунун өзүнчө системасы түзүлгөндүктөн, эски обондор сакталган. Согуштун кесепетинен 16-кылымдын 2-жарымынан музыка өрүш албай, негизинен элдик ырлар гана өнүккөн. 19-кылымда пхансоринин обону боюнча үн таануу системасы иштелип чыгып, анын негизинде элдик музыкалык драма (чхангык) өсүп, кийин улуттук операга айланган. 20-кылымда европалык музыка кире баштаган, бирок 1910-ж. башталган япон колониячылыгы 1945-ж. чейин музыкалык маданияттын өсүшүнө кедерги болгон. 1920-ж. батыштын белгилүү музыкасынын таасиринде понсонхва жанры пайда болгон. 1945-ж. Пхеньянда биринчи Корея симфониялык оркестри түзүлгөн.

Орто кылымда театрдын калыптанышына элдик ырчылар менен жомокчулардын өнөрү түрткү берген. 15-кылымда бий жана драмалык элементтер айкалышкан сандэгык театр жанры негизгилерден болгон. Комыгык театры 10-кылымдагы буддалык мистериянын элементтерин киргизген. 17-кылымда европалык ярмарка театрларын жакындашкан кыдырма труппалар кеңири белгилүү болгон. Алар музыкалык оркестр менен парадды баштап чыгышкан. Хвагык сүйлөшүү театры музыканы жана бийди пайдаланган. 19-кылымда Кореянын профессионал театры калыптана баштаган. Байыркы пхансори — жомокчулар искусствосунун негизинде чхангык музыкалык театры пайда болгон. 1908-ж. Сеулда «Вонгакса» театры уюшулгандан Корея театрынын тарыхы башталат. Анын түзүүчүсү Ли Ин Жик байыркы улуттук салт менен европалык бийдин техникасын бириктирүүгө аракеттенген. Батыш театрын жайылтуучу жана актёрдук билим алууну киргизген Хён Чол Япониядан окугандан кийин 1920-ж. Сеулда театр мектебин, кийинчерээк актёрдук окуу жайын түзүп, анда европалык жана кореялык пьесаларды койгон. 1923-ж. Япониядан билим алган корейлер тобу Пак Сун Хинин жетекчилигинде Сеулда «Тоулхе» театрын уюштурган (1932-ж. чейин иштеген). Япониядан билим алган режиссёр Хон Хе Сон 1931-ж. Сеулда «Спектаклди изилдөө» аттуу театрын ачкан. Кореяны балет өнөрү менен алгач 1926-жылдан Кореяда иштеген япон бийчиси, Сэ Ён Хан тааныштырган. Хореография өнөрүнүн андан аркы өнүгүшү Цой Сын Хинин ысымына байланыштуу Ал 1926-ж. Сеулда корей элдик жана батыш классикалык мектебин ачкан. Профессионал куурчак театры 1945-ж. ачылган.

Биринчи кино 1903-ж. көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы Сеулда чет мамлекеттик кинолорду көрсөтүүчү кинотеатр ачылган. Улуттук кинематографияда биринчи фильм «Сүйүшкөндөрдүн ай астындагы анты» болгон (1923, режиссор Юн Пэк Нам. Кино өнөрүнүн телчигиши япон баскынчыларынын көзөмөлүндө жүргөн. 1920-жылдардын башында тартылган «Чхунхян жөнүндө баян» фильми маанилүү окуя катары таанылган. Үнсүз кинонун ири чебери актёр жана режиссор Ун Гю («Ариран», 1926) болгон. Биринчи үндүү фильм — «Чхунхян жөнүндө баяндын» жаңы версиясы (1935, режиссор Ли Мён Ву). 1930-жылдардын аягында тыкыр көзөмөл кинону кризиске учуратып, көптөгөн кино ишмерлери ишин токтоткон же эмиграцияга кеткен. 1942-ж. корей тилинде кино тартууга тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]