Шайдылда Базар

Википедия дан
Кең-Кыя айылындагы 9 жылдык мектептин көрнөгү. Шайдылда Базардагы кыргыздар балдарын ушул мектептен окутушат. Гума ооданы, Хотан аймагы, КЭР. 27.7.2015.

Шайдылда Базар (англисче Xaidulla) – азыркы Кытай Эл Республикасынын Хотан аймагына таандык кыргыз кыштагы. Болжол менен деңиз деңгээлинен 3,646 метр бийиктикте жайгашкан. Хотан аймагындагы Гума (кытайча Пишан) ооданына карайт. Каракаш дарыясынын башатында, Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында, Каракорум ашуусунан түндүгүрөөктө жайгашкан. Негизги калкы – түндүк-батыш тибеттик кыргыздар. Бул кыштактан 25 км батышыраакта Мазар жергеси жана 139 км чыгышыраакта Базар Дара жергеси жайгашкан.

Шайдылда Базар менен Кең-Кыя (Кеңкыр) кыштактары 1984-жылдан тартып биригип, кыргыз автоном айыл аймагын түзүшөт.

Тарыхый таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көөнө доордогу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул Шайдылда Базардын аймагында байыркы доордо Жихэ падышалыгы орун алгандыгы жоромол кылынат. Бул падышалык тууралуу “Эрте Хан сулалесинин тарыхы” (Хоу хан шу) эмгегинде айтылган.

Бул падышалык байыркы Кашкар шаарынан 1,000 ли (416 чакырым) түштүктө тоо арасында жайгашкан өлкө катары баяндалган. Мында 350 түтүн, б.а. 4,000 киши бар, анын 1,000 жоокерден турган аскери бар деп сыпатталган.

“Хан шу” эмгегинде бул Жихэ аймагы менен Жаркент аймагы бирдиктүү падышалыкка баш ийчү, эми ар бири өз алдынча падышага баш ийип калышты, деген да маалымат учурайт.

Тарим өрөөнүнөн Тибетке жана Индияга (Жамму менен Кашмирдин бөлүгү болгон Ладах аймагына) карай кетчү байыркы тоо жолунун таманында жайгашкандыктан, Шайдылда Базар жергеси байыртадан Улуу жибек жолунун бир бучкагын түзгөн десек болот.

Бутпарас (буддизм) дини дал ушул жол аркылуу байыркы Индиядан Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарим өрөөнүнө таркаган.

19-кылым[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Британдык соодагер Роберт Б. Шоу (Robert Shaw) 1868-жылы Шайдылда Базарга саякат жасаган. Ал оболу Индиянын Кангра жергесинен чыгып, Ладах аркылуу түндүккө – Жаркент шаарын көздөй жол кезип, Каракорум тоосунун чоң ашуусунан өтүп, Каракаш дарыясынын башатындагы бул чек ара бекетине келип, бир нече күн жашаган. Ал кезде аймакты Кашкарды бийлеген Жакыпбек бадөөлөттүн бийлигин тааныган Жаркент беги көзөмөлдөп турган.

Роберт Шоунун жээни, айтылуу дипломат, тыңчы жана саякатчы Фрэнсис Йаңгхазбэнд (Francis Younghusband) мырза 1889-жылы Шайдылда Базар жергесин көргөн. Бул жерде туруктуу жашаган эч ким жоктугун, эски чептин калдыгы бардыгын, бирок жакын арада кыргыздар байырлап, кой-эчки, төө жана чакан жылкы багышаарын Фрэнсис Йаңгхазбэнд эскерген (Younghusband, Francis. Wonders of the Himalayas. (1924) Reprint (1977): Abhishek Publications, Chandigarh. – 108-бет). Ал “чөл сымал, эч кимдин көөнүнө жакпай турган” деп сыпаттаган тоолуу жерде, бирок, көчмөн кыргыздар кылымдар бою байырлап, мал багып келишкен. Бул жайды ал деңиз деңгээлинен 3,658 метр бийиктикте деп аныктап көрсөткөн.

Шайдылда Базарга ундук эгинди тээ алты күндүк узактыктан, Хотан аймагынан 5,182 метр бийиктиктеги ашуу аркылуу ташып келип турушат, деп жазган Ф. Йаңгхазбэнд. Шайдылда Базардан индиялык Ладах аймагынын эң жакынкы кыштагына чейин болжол менен 5,486 метрдик жана андан ылдыйыраак бийиктиктеги үч ашуудан өтүп, 290 чакырымдай жүрүп анан жетүүгө болот, деген британдык саякатчы.

20-21-кылымдарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымдын башында Шайдылда Базар аймагын цин-манчжурдук Кытай көзөмөлдөп турган. Бул жер Шинжаң (“Жаңы чек”) аймагына караган.

1949-жылы уюшулган Кытай Эл Республикасы бат эле бул аймакты көзөмөлдөп калган.

Хотан аймагынан учугу башталган автоунаалардын канжолу Шайдулла аркылуу өтүп, андан ары Аксай-Чын аймагына келет, андан ары КЭРдин Тибет автономиялык аймагынын түндүк-батыш өңүрүнө жетет.

Аксай-Чын аймагы азыр КЭРдин көзөмөлүндө, бирок Индия бул аймакты өзүнө таандык деп дипломатиялык талаш-тартышты улантып келет.

Кең-Кыя кыштагынын кыргыздары менен карым-катнаш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тибеттен түндүк-батыштагы Шайдылда Базар кыштагында туулуп-өскөн, учурда Кең-Кыя (Кең-Кыр) айылында жашап жаткан Абдысамат Нуракун уулу. Хотан аймагы, КЭР. 26.7.2015.

Хотандын Гума ооданынын Кең-Кыя (Кең-Кыр) айылынын тургундары менен Шайдылда Базардын кыргыздарынын урук-туугандык карым-катнашы үзгүлтүксүз улантылып келет. Эки кыштактын калайыгы бири-бирине бийик тоо ашуусу аркылуу бир нече күндүк ат жол менен каттап турушкан.

Эми болсо, бул жолдон тышкары, Кашкардан чыгып, Каргалык аркылуу Тибетке карай өткөн азыркы заманбап канжол (G219) аркылуу автоунаа менен он саатта эле бул эки кыштактын тургундары бири-бирине каттай алышат.

Шайдылда Базардагы жана Кең-Кыядагы кыргыздардын арасында кыпчак, тейит, бостон, найман, черик жана башка уруулардын өкүлдөрү бар.

Соңку мезгилде мындагы кыргыздардын балдары кытай (ханзу) жана уйгур мектептеринде таалим алышат, ал эми кыргыз тилин жана арап арибине негизделген кыргыз жазмасын балдарга ата-энелери өз алдынча үйрөтүшөт.

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанканов, А. Жунго Шинжаң кыргыздары (Монография) / Сунуштуу редактор Макелек Өмүрбай; жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу. - Артыш: Кызыл-Суу Кыргыз басмасы, 2013. - ISBN 978-7-5374-1355-8. - 2+2+1+307 б., сүрөттөр.
  • Бернштам А.Н. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер /Түзгөн, алгы сөзүн жазган жана которгон Мамбеталиев Сатыбалды. - Б.: Кыргызстан-Сорос кору, 2004. - 576 б. - ISBN 9967-11-197-6.
  • Громбчевский Б. Доклад подполковника Громбчевского, читанный в Николаевской Академии Генерального Штаба 14 марта 1891 г. // http://militera.lib.ru/research/grombchevsky/01.html
  • Жумабаев Б.М. Памир: Улуу державалардын ортосундагы геосаясий күрөш / Жооптуу ред. Э. Ж. Маанаев. – Бишкек: Учкун, 2009. – 192 бет. – ISBN 978-9967-02-583-7.
  • Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.
  • Каратаев, О.К. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. - Бишкек, 2013. - 290 б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-27-070-1. - (Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин басылмалары. № 174. Окуу китептер тизмеси. № 47.)
  • Кожобеков, М. Ч. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б., карта, сүрөттөр. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ.] - ISBN 978-9967-02-942-2.
  • Рерих Ю.Н. По тропам Срединной Азии. - Самара: Издательство "Агни", 1994. – URL: http://www.centre.smr.ru/win/books/po_tropam/about_book.htm Archived 2015-09-11 at the Wayback Machine

Турдуева А.С. Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалы (1950– 1990-жж.). / Ред. Эгемберди Маанаев.– Бишкек, 2001. - 173 бет.

  • Shaw, Robert. Visits to high Tartary, Yârkand, and Kâshgar (formerly Chinese Tartary), and return journey over the Karakoram pass, London, J. Murray, 1871. xv, [1], 486 p. incl. col. front., illus. col. plates, 2 fold maps. - Reprint with new introduction (1984): Oxford University Press. ISBN 0-19-583830-0.
  • Stanton, Edward. (1908) Atlas of the Chinese Empire. Prepared for the China Inland Mission. Morgan & Scott, Ltd. London.
  • Tchoroev, T. ‘The Kyrgyz’; in: The History of Civilisations of Central Asia, Vol. 5, Development in contrast: from the sixteenth to the mid-nineteenth century / Editors: Ch. Adle and Irfan Habib. Co-editor: Karl M. Baipakov. – UNESCO Publishing. Multiple History Series. Paris. 2003. - Chapter 4, p. 109 – 125. (ISBN 92-3-103876-1) URL: http://unesdoc.unesco.org/images/0013/001302/130205e.pdf
  • Younghusband, Francis. Wonders of the Himalayas. London : John Murray, 1924. vii, 210 pages, [2] leaves of plates: illustrations, map.
  • Younghusband, Francis (1896). The Heart of a Continent. John Murray, London. Facsimile reprint: (2005) Elbiron Classics. ISBN 1-4212-6551-6 (pbk); ISBN 1-4212-6550-8 (hardcover)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]