Садык Шер-Нияз
Көрүнүш
(«Шер-Нияз, Садык» барагынан багытталды)
Садык Шер-Нияз | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
Андан мурунку: | Артыкпай Сүйүндүков | |||
| ||||
14-июль — 20-декабрь 2010 | ||||
Андан мурунку: | Султан Раев | |||
Андан кийинки: | Нурланбек Шакиев | |||
| ||||
2004 — 2007 | ||||
Дини: | ислам | |||
Туулган жери: | Чоң-Капка, Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР | |||
Балдары: | Эрлан, Эльмар, кызы Саадат | |||
Партиясы: | Ата-Мекен | |||
Билими: | Кыргыз Улуттук Университети (КУУ) | |||
Кесиби: | кинорежиссёр, продюсер, жазуучу, сценарист, юрист | |||
Сыйлыктары: | ||||
Садык Шер-Нияз (төр. 10-март, 1969; Чоң-Капка, Манас району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, ошондой эле жазуучу, продюсер, кинорежиссер, сценарист. «Айтыш» коомдук фондунун, "Калемгер" адабий клубунун, "Айтыш Фильм" киностудиясынын, «Кыргызстан – кыскаметраждык фильмдердин өлкөсү» эл аралык кинофестивальдын негиздөөчүсү[2], «Ак-Илбирс» кино сыйлыктын бирден бир негиздөөчүсү, Кыргызстан Кинематографисттер Союзунун Төрагасы. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1969-жылдын 10-мартында Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айлында туулган.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жогорку билимдүү.
- 1983—1987-жылдары Фрунзе машина куруу техникумунун техник-технолог адистигин бүтүргөн.
- 1994—2000-жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Укук факультетин юрист-укук таануучу адистиги боюнча бүтүргөн.
- 2007—2009-жылдары Москвадагы сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курстарын бүтүргөн. (Владимир Хотиненко, Павел Финн, Владимир Фенченконун өнөрканасында окуган).
Эмгек ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1994—1996 — «Шер» өндүрүш-коммерциялык фирмасында юрист-консультант болгон.
- 1996—1998 — «Ачекей»" жеке ишканасынын директору болуп иштеген.
Саясий ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1998 — 2004 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам Чыгаруу Палатасынын депутаттын жардамчысы.
- 2004 — 2007 — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен).
- 2005 — "Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.
- 2006 — Конституциялык Кенештин мүчөсү.
- 2010 — Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңештин, кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин астындагы Консультативдик кенештин мүчөсү болгон.
- 2010 — Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри кызматын аркалаган.
- 2012 – 2013 — «Замандаш-Современник» саясий партиясынын тең төрагасы болгон.
- 2015-жылдын 4-октябрында “Ата Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган
Коомдук ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Негиздегендери:
- 2001 — «Айтыш» коомдук фонду,
- 2004 — "Калемгер" адабий клубу,
- 2006 — Айтыш Фильм киностудиясы,
- 2011 — «Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» фестивал,
- 2015 — Эл аралык Азия өлкөлөрүнүн «Asian Word Film Festival» кинофестивал[3].
Мүчөсү
- «Кыргызстан маданияты» газетинин редколегиясы,
- Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу,
- Кыргыз Республикасынын маданий ишмерлердин ассамблеясы.
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Режиссёр:
- 2007 — «Биринчи кадр» 60 мүн. (Көркөм тасма)
- 2008 — «Чынгыз өлбөс болсочу» 10 мүн. (Документалдуу тасма).
- 2009 — «Форс Мажор» 6 мүн. (Кыска метраждуу).
- 2009 — «Аян» 10 мүн. (Кыска метраждуу).
- 2014 — «Курманжан Датка» 135 мүн. (Тарыхий көркөм тасма)[4][5].
Сценарийлери:
- 2007 — «Гүл» 4 мүн. (Анимациялык тасма).
- 2007 — «Биринчи кадр» 60 мүн. (авторлошу М. Алыкулов).
- 2007 — «Парз» 23 мүн. (авторлошу Т.Бирназаров).
- 2009 — «Аян» 10 мүн.
- 2009 — "Карусель" 15 мүн. (Ю.Чирковский, В.Шахкельдян Орусия-Кыргызстан).
Жарык көргөн китеби
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ак таңдайлар. – Б.: Бийиктик, 2005. – 250 б. (авторлош).
Сыйлыктары жана Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2004 — ЮНЕСКОнун генералдык директору Коитиро Мацууронун маданиятка кошкон салымна өзгөчө алкышы жарыялаган.
- 2006 — Мамлекеттик Кеңешчинин 3 классттагы ченини;
- 2006 — Президенттин Ардак Грамотасы;
- 2011 — Маданиятка Эмгек Сиңирген ишмери;
- 2015 — «Даңк» медалынын ээси;
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
Эскертмелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ История министерства. Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2014. Түп булактан архивделген күнү 12 -январь (үчтүн айы) 2014.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2017.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2017.
- ↑ Kurmanjan Datka (2014) - IMDb
- ↑ Sadyk Sher-Niyaz, Archived 2021-05-18 at the Wayback Machine Kurmanjan Datka
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Садык Шер-Нияз (англ.) Internet Movie Database сайтында
- facebook.com тармагындагы баракчасы
Категория:
- Webarchive template wayback links
- Pages with image sizes containing extra px
- Арип боюнча инсандар
- Талас облусунда туулгандар
- Кинорежиссёрлор арип боюнча
- Кыргызстандын кинорежиссёрлору
- Продюселер арип боюнча
- Кыргызстандын продюсерлери
- Сценаристтер арип боюнча
- Кыргызстандын сценаристтери
- «Даңк» медалы менен сыйлангандар
- Кыргыз Республикасынын жазуучулары
- Инсандар
- Инсандар:Кыргызстан
- Коомдук ишмерлер
- Саясатчылар
- Кыргыз жазуучулары
- Продюсерлер арип боюнча
- Режиссёрлор
- Сценаристтер
- Туулгандар 10 Март (Жалган куран)
- Туулгандар 1969-жылы