Ысакбек Монуев

Википедия дан

Ысакбек (Искакбек) Монуев же Мониев (араб. إسحاق بك موني) - Алай районунун Нура айылында 1902-жылы туулган – Алма-Ата шаарынын жанында учак кырсыгында 1949-жылы көз жумган) – расмий түрдө таанылбаган Чыгыш-Туркестан республикасынын (азыр КЭРдин Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун) аскер ишмери.

Алайдагы атактуу кыргыз ак сөөк тукумундан келип чыккан. Атасы, – чоң соодагер, Синьцзянга көчүп кеткен. Ысакбек 25-жашында Кызыл-Суудагы кыргыздардан топ куруп советтик-кытай чек арасынан өткөн басмачылар менен согушкан. Бул ишмердүүлүгү үчүн Гоминдан өкмөтү ага генерал-майор наамын ыйгарган.

Кийинчээрек анын Гоминдан бийлиги менен пикир келишпестиктер пайда болду. Алма-Атага качкан Монуев, ал жерде аскер бөлүм түзүп, Шинжаңга кайтты жана Гоминдандын аскерлерин талкалап салды. 1944-жылы Ахметжан Касими башында болгон таанылбаган Чыгыш-Туркестан республикасы түзүлдү. Монуев анын аскер күчтөрүнүн башчысы болду.

1949-жылы Чыгыш Туркестандын өкмөтү КСРБге сүйлөшүүлөргө жөнөгөн. Бирок учак Алма-Ата шаарынын жанында кырсыкка учураган. (П.Судоплатовдун эскерүүлөрү боюнча кырсык советтик атайын кызматтары тарабынан уюштурулган, себеп дегенде Сталин Мао Цзэдун менен Кытайдын территориалдык бүтүндүгү тууралуу сүйлөшүп койгон, ошондуктан көз карандысыз Чыгыш Туркестандын түзүлүүсү экөөнүн тен кызыкчылыгына дал келбеген).

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мониев Абдувахаб. Генерал Ысакбек. Бишкек, Бийиктик, 2006. (кыргыз тилинде).