Эйзенхауэр Дуайт Девид

Википедия дан

Эйзенхауэр Дуайт Девид (14. 10. 1890, Техас штаты, Денисон - 28. 3. 1969, Вашингтон) - америкалык мамлекеттик жана аскер ишмери, армиянын генералы (1944), АКШнын 34-президенти (1953 - 61).

  • Вест-Пойнт аскер академиясын бүтүргөн (1915).
  • 1922-25-ж. АКШда аскер кызматында,
  • 1933-35-ж. генерал Макартурдун армиясында штаб начальнигинин жардамчысы,
  • 1935-39-ж. Филиппинде аскер кызматында,
  • 1941жылдан 3-армиянын штаб начальниги, бригадалык генерал, Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) мезгилинде генерал Жорж Маршалл башында турган армиянын штабында жетекчилик кызматтарда,
  • 1942-1943-ж. Түндүк Африка, Сицилия, Италиядагы союздаштардын аскерлерине командачы,
  • 1943-ж. Тегеран конференциясынан кийин союздаштардын Батыш Европадагы экспедициялык күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы, фашистерди талкаланган соң, Германиядагы АКШнын оккупациялык аскер күчтөрүнүн командачысы,
  • 1945-ж. ноябрдан 1947-ж. февралга чейин АКШ армиясынын штаб начальниги,
  • 1945-ж., 1950-1952-ж. НАТОнун Европадагы куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы болгон.

Согуштан кийин Эйзенхауэр маршал Жуков менен достук мамилени колдогон. Эки жолу жогорку деңгээлде советтик-америкалык жолугушуу уюштурган. Бирок ядролук куралдарды өркүндөтүүнү, «кансыз согушту» улантууну көздөгөн. АКШнын жана чет мамлекеттердин орден медалдары менен сыйланган. Анын ысмында почта маркалары жана монеталар чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4