Элдик Курултай
Элдик Курултай — коомдук өнүгүүнүн багыттары, коомдун жана мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү маселелерин чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, өнүктүрүү багыттары боюнча сунуштарды берүүчү кеңешүүчү, байкоочу, элдик өкүлчүлүк жыйыны. Кыргыз Республикасын бириктирүү, руханий-идеологиялык, жарандык коом, этномаданий өнүктүрүү жана жаңылоо маселелерин чечүүгө багытталган жана мыйзам чыгаруу демилгеси укугуна ээ болгон уюм. Кеңсеси Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан, 2022-жылы негизделген.
Элдик Курултайдын ыйгарым укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Конституцияда президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен мыйзам чегинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин ээлеген кызматтарынан бошотот деп жазылган. Элдик Курултай Адилет Кеңешине өзүнүн өкүлүн шайлайт. Акыркысы анын курамынын үчтөн экиден кем эмесин түзгөн бир катар судьялардан, ошондой эле анын курамынын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Жободо делегаттар төмөнкүлөрдү талкуулай алышат:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине тиешелүү маселелер;
- өлкөнүн гуманитардык жана маданий өнүгүүсү;
- улуттук маданиятты, тилди өнүктүрүү жана кыргыздардын улуттук мурастарын кайра жаратуу;
- Кыргызстандын элдеринин салттарын жана мурастарын сактоо;
- мамлекет менен диний конфессиялардын ортосундагы мамилелер;
- экология жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
- аймактар аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү;
- улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды азыркы турмуш чындыгына ыңгайлаштыруу.
Делегаттардын укуктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элдик Курултайдын делегаттары төмөнкүлөргө укуктуу:
- курултайдын органдарына шайлоого жана шайланууга;
- күн тартибиндеги маселелер боюнча талкууларга катышууга жана чыгып сүйлөөгө;
- жергиликтүү курултайдын атынан маселелерди Элдик Курултайдын кароосуна киргизет;
- ушул жободон келип чыккан башка укуктар.
Түзүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элдик Курултайдын Улуттук кеңеши – коомдук башталышта иштеген Элдик Курултайдын консультациялык-кеңеш берүүчү жумушчу органы, катчылыгы – туруктуу негизде иштеген Элдик Курултайдын органы, жумушчу тобу – курултай делегаттардан шайлануучу топ. Элдик Курултайда каралган маселелерди даярдоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды киргизүү үчүн түзүлгөн топ. Элдик Курултайдын эсептөө комиссиясы – каралып жаткан маселелер боюнча добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу үчүн Элдик Курултайдын делегаттарынын ичинен шайланган комиссия. Делегат Элдик Курултайга белгиленген тартипте шайланган өкүл болуп саналат.
Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары Кыргызстандын жана республиканын чегинен тышкары жерлердеги элдердин саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана башка укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Кыргызстан элдеринин конституциялык укуктарын коргоо жана ишке ашыруу болуп саналат. Кыргыз элинин тарыхы жана азыркы турмушу боюнча объективдүү маалыматтарды жайылтуу, кыргыздардын жана Кыргызстандын башка элдеринин улуттук маданиятын коргоо, изилдөө жана пропагандалоо, кыргыздардын жана Кыргызстандын башка элдеринин тарыхы жана маданияты, тарыхты чагылдырган илимий-популярдуу, адабий-көркөм жана публицистикалык-саясий журналдарга көмөк көрсөтүү ж.б.
Элдик Курултайдын төрагалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кадыр Кошалиев (2022-2023)
- Мыктыбек Абдылдаев (2023-2024)
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бүл бөлүм бүтө элек. Аны толуктап, Википедияны жакшырта аласыз. |
Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы — дүйнө жүзүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү катышкан жалпы жыйын. Курултай 1992-жылы 29—31-августта Бишкек шаарында өткөн. Ага дүйнөнүн дээрлик бардык континенттериндеги Кытай (Канат Абдубакир), Түркия (Арип, Рахманкул, Токтосун ажы Сыдык уулу), Сауд Арабиясы (Амит ажы Мырзахмат уулу, Абдурахим Абдрахман), Афганстан, Тажикстан, Өзбекстан, Америка (Сыдык Алдаш), Нигерия (Кемелбаев Нургазы), Австралия (Азиз Абдукар), Европа өлкөлөрү (Франциядан Ожурова Турсун) ж. б. мамлекеттерде жашаган кыргыздар келишкен. Курултайда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргызстандын экономикалык оор абалы жана андан чыгуу, улуттук кайра жаралуу, көз каранды эместикти бекемдөө, саясий туруктуулук, маданий деңгээлди көтөрүү ж. б. маселелер каралган[булак?].
Кыргызстан калкынын биринчи курултайы — 1994-жылы 21—22-январда Бишкек шаарында өткөн расмий жыйын. Ага Кыргызстанда түзүлгөн 24 улуттук борбордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк меймандар катышып, Кыргызстандын келечектеги кызыкчылыгы жана анын максаты жөнүндө маселелер талкууланган. Анда жергиликтүү улуттун 40тан ашык өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан (А. Нурпейисов), АКШ (сенатор X. Хемпри) ж. б. бир нече мамлекеттен келген меймандар сөз сүйлөп, республиканын көп улуттуу элин биримдик, ынтымакка үндөшкөн. Мамлекеттик тилдин өнүгүшү, анын келечек тагдыры жөнүндө да маселелер каралып, азырынча кыргыз тилин окуп-үйрөнүү үчүн базанын али түзүлө электиги белгиленген. Курултайдын атынан «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» деген ураан алдында Кыргызстанда жашаган бардык элдерге кайрылуу жолдонуп, улуттук биримдик, улуттар аралык тынчтык, ынтымактуулукка чакырган декларация кабыл алынган. Курултайда Кыргызстан калкынын ассамблеясы түзүлгөн[булак?].
I Элдик Курултай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен түзүлгөн I Элдик Курултайы 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өттү[1]. Курултайга 1074 делегат, айыл аймактарынан жана шаарларынан – 1036 (452 айыл аймагынан жана райондук маанидеги 12 шаардан экиден, райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден), Бишкек шаарынан – 60, Ош шаарынан – 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28, диний жамааттардан – 10. Биринчи Элдик Курултайды курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов ачты. Курултайда аксакалдар кеңешинин төрагалыгына Кадыр Кошалиев шайланды. Курултайда өлкөнүн президенти, парламент төрагасы, өкмөт башчы, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын курултайында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер боюнча бардык аймактардан келген делегаттардын баяндамалары угулду. Жыйынтыктоочу резолюцияда Кыргызстанды өнүктүрүүнүн принциптери, улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди чыңдоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана башкалар белгиленип, Кыргызстандын элине кайрылуулар кабыл алынды. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн жана анын Конституциясын чыңдоо, Кыргызстандын жана Кыргызстан элдеринин социалдык-экономикалык, саясий жана улуттук-маданий өнүгүүсүнүн проблемалары талкууланды; республиканын чегинен тышкары жашаган кыргыздар менен байланышты тузуу жана енүктүрүү жөнүндө жана башкалар Кыргызстандын элине жана елкенун жетекчилигине кайрылуулар кабыл алынды. Элдик Курултайдын жыйынтыгы менен ачык добуш берүү менен токтом кабыл алынып, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш катары жиберилди[2].
II Элдик Курултай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]II Элдик Курултай 2023-жылдын 15-16-декабрында Бишкек шаарында өттү. Курултайга 700 делегат, айыл аймактарынан жана шаарлардан — 550, Бишкек шаарынан — 60, Ош шаарынан — 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 30, башка улуттардан ― 30. Алардын ичинен 143 аялдар жана 551 эркектер болгон. Экинчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов ачты. Курултайда улуттук кеңештин төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Курултайда өлкөнүн президенти, парламент төрагасы, өкмөт башчы, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын курултайында көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер боюнча бардык аймактардан келген делегаттардын баяндамалары угулду. Курултайдын резолюциясында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн принциптери, улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди чыңдоо, мыйзамдарды өркүндөтүү, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, кыргыздын улуттук билим берүүсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө милдеттери, улуттук билим берүү тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери белгиленди жана кыргыз тилин өнүктүрүү, демография, социалдык маселелер, республиканын калкынын экономикалык абалы жана башкалар изилденди. Кыргызстан элине, өлкөнүн жетекчилигине кайрылуулар кабыл алынды[3].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Конституционный закон Кыргызской Республики от 24 июля 2023 года № 146 О Народном Курултае
- Временное положение о Народном Курултае
- Положение о народном курултае представителей местного сообщества
- В Кыргызстане стартовал второй Народный курултай
- Второй Народный курултай: кто представляет страну
- В Бишкеке начался II Народный курултай
- В Бишкеке завершился первый народный курултай