Үбөлөнүү
Үбөлөнүү, тоо тектердин үбөлөнүүсү - жер бетиндеги жана ага жакын жаткан тоотектердин хим. жана мех. жол менен бузулушу, талкаланып өзгөрүшү.
Температуранын өзгөрүшүнөн, жаан-чачындын, шамалдын, суунун, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ж. б. таасиринен болот. Тоотектердин жайгашуу чөйрөсүнө карай атмосферадагы жана суу астындагы үбөлөнүү болуп бөлүнөт. Үбөлөнүү процессинин жүрүшү боюнча физ., хим. жана органикалык үбөлөнүү болуп бөлүнөт. Физикалык үбөлөнүү көбүнчө кургак жана ысык климаттык шартта жүрүп, тоотек аябай ысып, түнкүсүн муздагандыктан алардан үстүнкү бетинде жаракалар пайда болот да аларга суу кирип, тоңгондо көлөмү кеңейип, тоотектерди жарат. Химиялык үбөлөнүүдө тоотектердин хим. составы өзгөрүп, туруктуу жаңы минералдар пайда болот. Негизги факторлору: аба, айрыкча туздуу, кислоталуу жана жегичтүү суу. Органикалык же биологиялык үбөлөнүү организмдин тоотекке тийгизген таасиринен аларга мех. талкалоо же хим. өзгөрүү түрүндө өтөт. Үбөлөнүүдөн тоотектер талкаланууга гана дуушарланбастан, о. эле рельефтин өзгөчө формалары, түрдүү эриндилер, жаңы минералдар жана тоотектер, көптөгөн кен байлыктар (каолин, жошо, отко чыдамдуу чопо, кум, темир, алюминий, марганец, никель, кобальт рудалары, алтын, платина ж. б. кен чачындылары) пайда болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2