Үшүү

Википедия дан

Үшүү — суукта көпкө болуудан жалпы организмдин өтө муздашы.
Абанын температурасы канчалык төмөн болсо, ошончолук адам тез үшүйт. Ага ачка болуу, өтө чарчоо, мас болуу да түрткү болот. Адам сууда тез үшүйт. Үшүгөн адам алгач калтырайт, дем алуусу тездеп, тамыры тез-тез кагат, териси бозорот. Андан соң дене температурасы төмөндөйт, денесинин калтыраганы басылып, уйкусу келет. Теридеги кан тамырдын кеңейишинен дене бир аз жылыгандай сезилет, бирок жылуулук организмден көбүрөөк бөлүнүп үшүү күчөйт. Мында жүрөктүн кагышы жайлап, кан басымы төмөндөйт, үстүртөн, сейрек дем алат, эсинен танат. Ушу мезгилде адам өлүп калышы мүмкүн.

Көргөзүлүүчү чаралар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жабыркаган адамды тезинен жылытып (жылыткыч коюу, жылуулап жабуу), бир аз ичимдик берсе болот. Ал бир аз жылыгандан кийин ооруканага жеткирилет. Анткени көпкө үшүүдөн жүрөк-кан тамыр, заара бөлүп чыгаруу системаларынын иши бузулушу, мээ жана өпкө күпшөгү болушу мүмкүн. Бул учурда денесин кар менен сүрүүгө болбойт, себеби оорулуунун ал-абалын оордотот. Суукта сыртта иштегендер, кышында жүрүшкө чыккандар үшүп калбоо үчүн жылуу кийим кийип, өзү менен ысык чай, тамак алуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8