Өтө өткөргүч магнит

Википедия дан

Өтө өткөргүч магнит - оромолору өтө өткөргучтөрдөн жасалган соленоид же электр-магнит.

Өтө өткөргүчтүк абалдагы оромдордун омдук каршылыгы нөлгө барабар. Өтө өткөргүчтүн температурасы кризис температурадан Тк жогору болгондо жана оромодо ток күчү кризис токко Тк же магнит талаасынын чыңалышы кри­зис чыцалышка жеткенде Өтө өткөргүч магнит өзүнүн касиетин жоготот.

Ошондук­тан Өтө өткөргүч магниттин оромолору үчүн Тк жана Нк маанилери чоң болгон материалдар алынат. Ото өткөргүчтүү оромолордун материалдары ичке зым же шина түрүндө жасалып, сырты жог. электр, жылуулук өткөрүүчүлүккө ээ болгон металлдар (жез же алюминий) менен капталат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.