Жээнбай Түрк

Википедия дан
Күлөнбек уулу Жээнбай Түрк
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Күлөнбек уулу Жээнбай Түрк
Туулган жылы: 1949-жылы 5-февраль
Туулган жери: Күркүрө-Кайыңды айылы, Жети-Өгүз району,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, жазуучу


Акын, жазуучу, публицист Жээнбай Түрк Күлөнбек уулу Жети-Өгүз районунун Күркүрө-Кайыңды өрөөнүндө 1949-жылы 5-февралда туулган. Эмгек жолун Жети-Өгүз райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган. 1968-1970-жж. аскердик кызмат өтөп, 1970-1971-жж. Граждандык коргонуунун райондук штабынын начальниги, Ысык-Көл облустук социалдык камсыздандыруу башкармалыгынын башкы текшерүүчү-инспектору, комсомолдун баштапкы уюмунун катчысы кызматтарында иштеген. Айылдык Кеңешке депутат, соттун катышуучусу болгон. 1971-жылы облустун «Ысык-Көл правдасы» гезитинин кабарчысы, ошол эле жылы Пржевальск педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетине өтүп, үч жылдан кийин СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине кабыл алынып, 1982-жылы аяктаган. 1993-жылга чейин Тоң райондук «Эмгекчил», Түп райондук «Эл үнү», кийин «Жети-Өгүз жаңылыгы», Ысык-Көл облустук «Ала-Тоо таңы» гезиттеринде бөлүм башчы, жооптуу катчы кызматтарында иштеген. 1993-жылдан тартып республикалык «Кыргыз руху», «Заман Кыргызстан», «Дил», 2003-жылдан «Кыргыз Туусу» гезитинин Ысык-Көл облусу боюнча өз кабарчысы болуп эмгектенип келет. 1962-жылы «Кышкы кеч» аттуу алгачкы ырын жазып, А.С.Пушкиндин, С.А.Есениндин ырларын кыргызчага которуу менен поэзия дүйнөсүнө кадам таштаган. Алгачкы, «Эки жолоочу» чыгармалар жыйнагы 1985-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көргөн. 2004-жылы «Тагай бий» тарыхый драмасын жазган. Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча жооптуу катчысы болуп иштеген мезгилинде жаш калемгерлердин «Тескей күүлөрү», «Каркыра», Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин алдында «Закым» адабий ийримдерин уюштуруп жетектеген. 1976-жылдан СССР Журналисттер, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эки жолоочу: Аңгемелер, новелла, легенда. Ф.: Мектеп, 1985. 76 б.
  • Көз ирмем: Ырлар. Каракол басмаканасы, 1998. 87 б.
  • Асылым. Каракол басмаканасы, 1999. 90 б.
  • Тоо пир: Прозалар. Б.: Турар, 2009. 210 б.
  • Аура: Ырлар. Б.: Турар, 2009. 195 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]