Каспий деңизи

Википедия дан
Каспий деңизи

Каспий деңизи, Каспий (байыркы жана о. кылымдарда Гиркан, орус жыл баяндарында Xвалын, Xазар деп аталган) – дүйнөдөгү ири туюк көл-деңиз. Европа менен Азиянын чегинде, негизинен чөл жана жарым чөл зоналарында жайгашкан; Орусия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан жана Ирандын жээктерин чулгайт. Батышынан жана түштүгүнөн Кавказ, Эльбурс тоолору менен чектешет. Каспий деңизинин деңгээли океан деңгээлинен төмөн (–27 м).

1929-жылдан 1977-жылга чейин Каспийдин деңгээли 25,9 мден 29 мге чейин төмөндөгөн (бул 400 жыл ичиндеги эң төмөнкү чек болуп саналат). 1978-жылдан деңгээли кайра көтөрүлүп, 1995-жылы 26,6 мге жеткен. Аянты (26,6 м деңгээлдеги) 390 миң км2, көлөмү 78 миң км3. Деңиздин жазылыгы 200–400 км, меридиан боюнча 1030 кмге созулат. Түндүк бөлүгү тайыз (22 мге чейин), түштүгүндө 1026 мге чейин тереңдейт. Түндүк жээги түзөң, батышы менен түштүгү негизинен бийик, тоолуу, чыгышы көтөрүңкү; ири булуңдары: Түркмөн-Башы (Красноводск), Түркмөн, Маңкыштак, Казак, Кара-Богаз-Гол; батышында: Кизляр, Аграхан, Кызылагаж, Бакы бухтасы; түштүгүнө тайыз лагуналар мүнөздүү. 50дөй чакан (жалпы аянты 2 миң км2) аралы бар, алардын көбү Түндүк бөлүгүндө. Волга, Урал, Кура, Терек, Сулак, Сефидруд жана башка дарыялар куят. Суусунун кышкы температурасы түштүгүндө 12°Сге чейин, түндүгүндө 0°Сден төмөн, жайында 23–28°Сге чейин жылыйт. Кышында деңиздин түндүк бөлүгү 2–3 айга тоңот. Туздуулугу түндүк-чыгышында 12,6–13,6‰, Кара-Богаз-Голдо 300‰оге чейин, Волганын чатына жакын 0,05‰ге чейин азаят. Деңизден балык (осётр, судак, лещ, каңылтыр, килька) көп кармалат; түлөн промысели бар. Нефть жана газ казылып алынат. Суудагы нефть продуктуларынын жана фенолдордун концентрациясы булгануунун коопсуз концентрация чегинен (ККЧ) ашык (ККЧ 2ден 16га чейин). Азов, Кара, Ак жана Балтика деңиздери менен ички суу жолдору аркылуу туташат.

Башкы порттору: Баку (Азербайжан), Астрахань, Махачкала (Россия), Шевченко (Казакстан), Энзели (Иран), Түркмөн-Башы (Түркмөнстан), Баку жана Түркмөн-Башы шаарын темир жол парому байланыштырат. Каспийдеги углеводород сырьёлорун өндүрүү жана балык кармоо ургаалдуу жүргүзүлгөндүктөн, деңиздин экологиялык абалы кыйла жабыр тарткан; жээктен алыс бөлүгү гана салыштырмалуу туруктуу абалда.

Этимологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

т лат. Caspium mare или др.-греч. Κασπία θάλασσα, Kaspía thálassa


Хазар деңизи

араб тилинде – Бахр-аль-хазар
перс – Дарья-е хезар
түрк – Hazar denizi
азербайджан – Xəzər dənizi
түркмөн – Hazar deňizi
кумук – Хазар денгиз
крымтатар – Хазар денъизи

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]