Кулубаев Жээнбек Молдоканович
Көрүнүш
Жээнбек Кулубаев Кулубаев Жээнбек Молдоканович | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
29.04.2022 | ||||
Өкмөт башчысы: | Акылбек Жапаров | |||
Президент: | Садыр Жапаров | |||
Андан мурунку: | Казакбев Руслан Айтбаевич | |||
| ||||
2018 — 2021 | ||||
Туулган жылы: | 5 -апрель 1963 (61 жаш) | |||
Туулган жери: | Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чырпыкты айылы | |||
Билими: | 1) Москва Аскер институту
2) Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институту | |||
Кесиби: | дипломат | |||
Жээнбек Кулубаев (1963-жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл облусунда туулган) — кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмер, дипломат, 2022-жылдын 22-апрелинен бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр кызматын аркалайт. Бул кызматка чейин Кыргызстандын дүйнөдөгү элчиликтеринде жооптуу кызматтарды аркалаган.
1963-жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган.
Москва Аскер институтун жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун аяктаган.
Жетишкендиктер тизмеси:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1992-1996-жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан өлкөлөрү боюнча департаментинин экинчи катчысы, биринчи катчысы, кеңешчиси;
- 1996-1998-жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы;
- 1998-2001-жылдары - Кытайдагы элчиликте кеңешчи;
- 2001-2003-жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы,
- 2003-2004-жылдары - Тышкы иштер министринин орун басары;
- 2004-2007-жылдары - Шанхай кызматташтык уюмунун жооптуу катчысынын орун басары;
- 2007-2009-жылдары - Малайзиядагы элчиси;
- 2009-2013-жылдары - Кытайдагы элчи;
- 2010-2013-жылдары Монголия жана Сингапурдагы толук эмес элчи;
- 2013-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин директору.
- 2016-жылдан 2018-жылдын октябрына чейин – КР Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору.
- 2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын августуна чейин Казакстандагы элчиси;
- 2021-жылдын августунан 2022-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.
2022-жылдын 22-апрелинен тартып КР Тышкы иштер министрлигинин Министрдин милдетин аткаруучу жана 2022-жылдын, 29-апрелден баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- II даражадагы «Даңк» медалы
- «Достық» ордени (Казакстан Республикасы)