Мазмунга өтүү

Көк дептер

Википедия дан
«КӨК ДЕПТЕР»‎»‎ барагынан багытталды)

Китеп жөнүндө

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Көк дептер»
Өлкөсү Кыргызстан
Тили Кыргызча
Жанры Публицистикалык
Басмакана Турар
Беттери 664

«Көк дептер» эркин журналист, жазуучу Жеӊишбек Эдигеевдин публицистикалар жыйнагы. Автордун бул эмгеги он беш жашынан бери жазып келген күндөлүгүнүн негизинде жазылган. Эч бир калемгердин жазганына окшобогон стили менен жашоосунда, жан дүйнөсүндө эмне болсо, ошону кооздобой, болгонун болгондой, жашоо кандай сезилсе, кантип туюлса, ошондой берген окуялар. Баш сөз ордуна бата менен башталган китептин өзгөчөлүгү ­– кыска-нуска баяндардан тургандыгында. Окурман философиялуу, адамды толгонткон ой толгоолорду китепти кай жеринен болсо да уланта алат.

«Азыркы заманда окурман визуалдык таасирлерге көбүрөөк берилет. Калыӊ романдарды окуп эмес, көрүп маалымат алганга ылайыкташып калды. Убакыттын бат өтүшү, ыкчамдык. Айтор, маалымат алуунун башкача жолундагы доордо окуганга жеӊил, көздү чарчатпаган, кыска-кыска саптар болсо деп ушул стилге өттүм. Ал адабияттын өйдөдө өбөк болчу өкүл баласы – жаӊы жанры. Менин кыялымда «Көк дептер» аталган жанр болуп калса дейм. Себеби мен айта турганымды поэмага, ырга киргизе албашым мүмкүн, балким, роман кылып узарта албашым мүмкүн, бирок «Көк дептерге» батыра алам. Мен үчүн бул стиль. Адабияттагы жазмакердин жеӊиши – стили. Ал баарын утат, жеӊет. Адамды өзүнө тарта алат. Ошого эгедер болгон жазуучу, демек, ал эӊ жөнөкөй нерсени дагы стили менен жугумдуу кылат».

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Китепте автордун балалык сезимдери, бой жеткен курагы, аскердик, СССР кыйрай электеги коллективдик жашоо, ал кулагандагы доордун үнү, челноктук турмуш, демократия, ыӊкылаптар, саясий куугунтук, баары бар. «Көк дептер» турмуштун дал өзүнөн алынган окуялары менен окумдуу. Ал тургай анын мукабасындагы жазуунун да тарыхы бар:

«Мен 3-курста Кыргыз драма театрына спектакль көргөнү бардым. Эки катар алдыда Чыӊгыз Айтматов отурган болчу. Анан спектакль көрүп отурганда эле жалп этип свет өчүп калды. Зал жылчыксыз капкараӊгы. 15 мүнөттөй убакытта жарык келди. Ошого чейин мен ал кишини артынан карап отурдум. Бул мен үчүн бир башкача таасир болгон. Ошону жазып койдум эле».

Эгемендүү Кыргызстандын жашоо агымына жараша адабиятында да «имиграциялык адабият» пайда болду. Анын башатындагы өкүлү эсептелген бул китептен мекенден сырттагылардын башка сезими, башка туюму болорун байкоого болот. Китеп «Энем Сакинге жана Мекенине бараткандарга арнайм!» деп башталат.

«Көк дептер» 9 бөлүктөн турат:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II – БАЛАЛЫКТЫН ЭКИНЧИ ӨМҮРҮ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

III – КҮНДӨЛҮК

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V – КЫЗЫЛ РОССИЯ

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI – СЕН АЛИ ЖАЗЫЛА ЭЛЕКСИӉ, МЕН ОКУЛА ЭЛЕКМИН

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VII – СЕНИ КҮТҮП АК БАШ БОЛДУ ЫШКЫНДАР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VIII – МИӉГЕМЕЛЕР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

IX – КҮНДӨЛҮКТӨН КҮБҮЛҮП КАЛГАН САПТАР

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Китеп жазуучунун эмне үчүн, кантип Женевага барып калганынан башталат. Калган дээрлик 90 пайызы бүт эле Кыргызстандагы окуялар. Анын маӊызы – мекенди, тууганчылыкты, достукту, жаштыкты, тирүүлүктү, ар бир күндү барктоо, дүйнө салган жакындарды эскерүү.

Жазылыш тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Көк дептер» кантип жаралды? 2003-жылы «Агым» гезитинде «Көк дептер» деген рубрика ачылган. Анда журналист Жеӊишбек Эдигеевдин өспүрүм кезинен бери жазып келген күндөлүгүнөн иргелип, тандалган баяндар чыгып турган. Анын качан, кантип башталып кеткенин китепте төмөнкүчө эскерет:

«Агымдын» летучкасы. «Эмки санга кимде эмне план?» деген редактордун адеттеги суроосу болчу. Четинен айтып кирчүбүз. Бир күнү: «Менде жаӊы рубрика бар, көк дептер деген» дедим. «Ал эмне көк дептер?» – дейт кожоюн Мелис Эшимканов. «Неме, менин, анан жашоонун өйдө-ылдыйы, ой-чуӊкуру...» – дедим өзүм да жеткире айта албай. Мелис байке мени бир карап койду. Ал киши баарыбызды бир карап эле түшүнчү. Унчукпай кийинки «планчыга» өттү. 2-3 күн өтүп гезит чыкты. Көк дептер биринчи ирет чыкты. Кийинки летучкада Жолдошбек Зарлыкбеков сөз алып сындап калды: «Көк дептер» деп бир бетке толук чыккан экен, башы жок же аягы жок, түшүнүксүз...» – деп. Эрнис Асек уулу: «А мага жакты! Өзгөчө болгудай, уланта бер», – деди. Жокем да туура сындаган башы менен аягы жок экенин. Көк дептердин чындап эле башы да, аягы да жок болчу. Бул жазуулар өзүбүз башталгандан түгөнгөнгө чейин улана берсе дегем... Ошону менен улана берди. Бүгүн карасам, гезиттин ошол летучкасындагы үч адам теӊ арабызда жок экен. Бирок алар менде, дептеримде калды. Мына, көк дептердин маӊызы ушул болсо керек: замандын, адамдын, өмүрдүн акканы...»

Аталган рубрика кийин «Де-факто», «Кыргыз Туусу», «Азия Ньюс», «Ачык саясат», «ПолитКлиника», «Айгай» гезиттерине чыгып турду. 2014-жылдан тарта заманга, китептин стилине жараша автор социалдык тармактардан байма-бай жарыялап турду. Анын жакшы жагы – окурмандар сынды ошол эле саатта жазышат. Ыкчам кайтарым байланыш бар. Ошол учурдан бүгүнкү күнгө чейин 3200 колдонуучу кайра бөлүшүп, он миӊдеген пикирлер калтырылган. Элдин кабыл алуусунан улам китеп кылып басып чыгаруу идеясы жаралып, ага эки жыл убакыт корогон. «Көк дептер» 2022-жылы китеп болуп басылып чыккан. Мындан сырткары «Көк дептерди» француз тилине которуу аракети жүрүп жатат.

«Женевада мен өз чөйрөмдү бат таап алдым, ошол жактын жазуучулары, чыгармачыл адамдары менен. Аларга «китебим чыкканы жатат, 700 беттик» десем, баары «эмне жөнүндө?» деп чалкасынан түшүштү. Анан мен айрымдарын айтып бергенде ошол замат «келгиле, француз тилине биргелешип которолу» деп сунуш кылышты. Кийинки максатым ошол, буюрса. Мунун баарын эмес, аларга туура келгенин, аларга кызыгын которсом деп жатам».

2024-жылдын жазында Facebook, Instagram социалдык тармактарында «Көк дептер» баракчасы ачылды.

Журналистикадан жазуучулукка

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин бүтүрүп, «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, «Де-факто» гезитин негиздеген журналист Жеӊишбек Эдигеев 2008-жылы Бакиевдик бийликтин куугунтугунан улам Швейцарияга кеткенден кийин да Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушу жөнүндө «Азаттыкка», социалдык тармактагы баракчасына пикирин жазып келет. Журналистикадан жазуучулукка өтүп жатканын:

«Чыӊгыз агабыздын каарманы Ильяз эске түшөт. Долонго баратып машинасынан ашыкча күчтү сезип, анан бул машинага дагы прицеп чиркесем болот экен деп чечет эмеспи. Ошол сыяктуу мен журналистикадан сырткары дагы бир башка күчтү, мени тынч койгобогон нерсени сезер элем. Ошол жазуучулукка ыктоо окшойт».

Жазуучу Жеӊишбек Эдигеевдин 2018-жылы «Дайралар артка агышпайт» деген китеби жарык көргөн. Аны атасы, партиялык саясий кызматкер Кадырбек Эдигеевдин жаркын элесине арнаган. Ага чейин 2015-жылы «Сапарлаш» аттуу кыргызча-французча сүйлөшмө сөздүктү жана Кыргызча-французча тематикалык сөздүктү чыгарган.

Китептен үзүндүлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

* * * 2007-жылдын күзүндө Бишкектин Аламүдүн-1 аталган этегинде жубайым Чолпон экөөбүз «Чынар» деген базарын, БЧК аталган каналын бойлоп өзгөчө бир кеп учугун улачу болдук. Ал кеп төркүнү – экөөлөп саясий гезит чыгаруу болчу. Чолпон «Азаттыкта», мен «Агымда» иштейм. Ошону менен экөөбүз эки жактан чыгып, бир жакка келдик. Ошентип «Де-факто» гезити чыга баштады.

2005тин мартында кыргыз эли биринчи ирет төӊкөрүш жасады. Ал көз жайнаган үмүт менен жасалган эле. Тилекке каршы, ал үмүт акталган жок. Акталмак тургай, чекеге муштумун, каарын, тапанчасын такаган боору таш заман келди. Өлкөдө төбө чачты тик тургузган жагымсыз окуялар башталды. «Де-фактонун» жаӊы саны чыккан сайын бийлик тараптан кыйыр да, түз опузоолор күчөй баштады. Биздин үй-бүлө үчүн анын туу чокусу 2008-жылдын июнь айынын ортосуна барып такалды.

* * *

Күндөрдүн бир күнү деп айтылгандай, 2008-жылы менин мектепти бүткөнүмдүн 20 жылдык кечеси болуп үй-бүлөм, калың топ парталаштар болуп айылга бардым. Айылымда жүргөндө айтылуу бир чоң окуя болуп өткөн. Бакиевдик режимдин желдеттеринен улам бир нече күн тоодон тоого өтүп из жашырып турууга туура келген. Куугунтук ошентип башталды.

* * *

Иш аны менен бүткөн жок. Жубайым Чолпонго кылмыш иши козголду. Соттон сотко сүйрөй баштады. Биз ошондо арга-амал издедик. Өлкөдөн чыгып кетели деп чечтик. Саналуу гана күн ичинде ошондой ой, ошондой чечим кабыл алдык. Бул биздин оюбузга эмес, түшүбүзгө кирбеген чечим эле. Бул жеӊил эмес, ушунчалык оор эле! Арга жок, жайдын жарык таӊынын биринде Бишкек артта калып, Алматы шаарын көздөй чыгып кеттик. Алматыга келген күн, келген саатта БУУнун КВКБ, Качкындар боюнча башкы Комиссариатына бардык. Кырдаалды, абалыбызды, башыбыздан кечирип жаткан окуяларды толук билдирдик. БУУ бизге туура 25 күндөн кийин статус берди. БУУнун чечиминен соӊ биз кайсы өлкөгө кетерибизди күтүп Алматыда туура 4 ай турдук. Убакыт текке кетпесин деп англис тилин окудук. Швейцарияны биз тандаган жокпуз. Ал тандоо – БУУнун амиринде болчу. Биздин тандообуз эске алынмак эмес.

* * *

Баарыбыз балалыктан келгенбиз...

Кичинемде болпойгон, жоош, бирок ашкере көк, урушкан кезде өзүмдүкүн өлсөм да бербеген кежир, өжөр элем. Көбүнчө, мына деп дасторконго тамак келерде арзыбаган нерсеге таарына кетип, терезенин тактысына колумду коюп башыма жаздап, саттап тикемен-тик тура берчүмүн. Бир жолу рекорд коюп 5 саат бою турдум, терезеге башымды койгон бойдон. Тамак да ичпей, эшикке да чыкпай.

* * *

Мен 10 жашымдан баштап колхоздун кой кыркымына барып иштей баштадым. 14кө келген жылы Залкар, Майрамбек болуп үч классташ кыркымга чогуу иштедик. Эң кызыгы, кыркымга биз курактуу балдар-кыздар да көп барат. Анан жумуштан кийин кечинде күндө чоң оюн болот. Ак чөлмөк, жоолук таштамай, ортого түшмөй, жашынмак, айтор, керемет оюндар ойнолчу. Түнкү саат эки-үчкө чейин ойноп, кайра таңкы саат алтыда жумушка турчубуз. Жаш кез, балакат кез, өспүрүм кез тура ошол, көрсө…

* * *

9-класс болгонумда сураштырып атып «Миң бир түндү» таптым. Аны кайда катсам экен деп атып акыры колдонулбай калган эски кол машиненин көтөрүп койсо ачылма ичине салып коюп окуп жүрдүм. Кыш болчу. Төркү муздак үйлөргө эч ким кирчү эмес. Аны иним Маратка «эч кимге айтпа» деп сыр кылып айттым. Күндөрдүн бир күнү Марат экөөбүз үйдү «сен жыйна, мен жыйна» болуп атып урушуп кеттик. Апам жумуштан келер замат Марат алдынан чыгып «Жүрсөңүз, мен сизге бир нерсе көргөзөм!» деди. Төркү үйгө жөнөштү. «Жо-ок, китепти айта көрбө» деп ичимен тиленгенче болгон жок, түз эле кийим тиккен машиненин жанына барышты да, Марат ачып туруп «Мына, бул Жеңишбектики!» деди. Апам «эмне экен бу?!» деп карады да, мукабаны көрөрү менен «ай, басчы бери!» деди. Мен оозгу үйдү көздөй качтым. «Муну кара! Эмитен жазганы күндөлүк, окуганы «Миң бир түн» деп туруп мешти ачып күйүп аткан отко ыргытты. Баса, ага чейин жарым дептер толгон күндөлүгүмдү да иним менен «туура эмес» маалда урушуп алып андан да куру-жалак калгам. Дегеле, советтик тарбия ошондой болчу, күндөлүк жазууга мугалимдер да катуу күрөш кылышчу.

* * *

Жеӊишгүл эжем 9-10-класста окуп калганында классташ кыздарынын үйүндө кезектешип шырдак шырышчу. Эжем кыздарынын үйүнө кеткенде: «Эми эжем эртеден кечке үйдө жок болобу?!» – деп, иним экөөбүздүн жинибиз келчү. А кыздарын үйгө чакырганда, ого бетер аларды шыкаалап карап жыргайбыз. Шырдакка чакырганда апам аябай жакшы тамак жасап берип, эӊ башкысы, дүкөндөгү эӊ кымбат шоколаддан сатып алып берчү. Бир жолу Кудай жалгап, ошол шоколадды сатып келгенге мени жиберишти. Дүкөндөн чыгып эле чөнтөккө экини салдым. Орто жолго жеткенде: «Мейличи, билинбейт деле», – деп дагы бирди солойм. Үйгө мына кирерде көзүм кыйбай дагы бирди кымтыйм. Ошол «Загадка», «Вечер» деген шоколаддарды өтө эле чанда жечү элек.

* * *

Биз анда 16да, алар 15те. Биз балдар, алар кыздар. Анан дос болчубуз. Ушинтип. Бир класс кичүүлөр менен. Баары ушинтчү. Бизден улуулар да. Алардан улуулар да. Бул эреже сыяктуу, салт сыяктуу болчу ошол замандын. Советтик мектептин. Советтик жаштык, советтик балалыктын. Бизге ошол балалык буйруду. Дос болмок болдук. Балдар ошентип сүйлөштүк. Үч күн кат жаздык. Үч күн аны аларга бере албай жүрдүк. Эки барак кат. Артында сүрөт. Анан калса дос болгонубуз башка кеп, ар бирибиз арасынан бирден кызды эбактан эле «жакшы көрчүбүз» да жаман алыбызда. Сүрдөбөй көр анан.            

 * * *

Илгери биздин айылга маал-маалы менен «дуңгандар келчү». «Дуңгандар келиптир!» дегенде баарыбыз базар көргөнү барчубуз. Алар эки же үч эле болушар эле. Төрт кошкондогу көк дүкөндүн алдына барып жайгашышчу. Алар эмне сатышчу: картөшкө, сабиз, пияз, кызылча, жусай, укроп, редиска, чеснок, жыгачтан кармагычы бар короз момпосуй, сагыз, семичке… Ушулардын бири да айылыбызда өсчү эмес, бир-экөөнөн башкасынын бири да дүкөнүбүздө сатылчу эмес. Коммунисттик партия бизди космоско үндөгөнү менен, басып жүргөн жериңди иштеткенди үйрөтчү эмес экен. «Жолдоштор, Нарынга эч нерсе өспөйт эмес, айдасаң эле баары өсөт, кана айдагыла, анткиле, минткиле!» деп сөз айткан, акыл айткан жетекчи болбоптур. Анан калса советтик маңыроо, анан калса тоолук момун, сомодой жоош эл болчу экенбиз. Пландан бөлөк пландарды ойлобогон. Советтик бийлик бизди ошентип бир типтүү жашоого салып «бул болот, бул болбойттон» ашык эчтемени ойлонтпогон, жатып ичер, күн карама эл кылып салган экен. Ошол эки дуңган келип айылыбызды майрамга бөлөп, агрардык маданиятыбызды агартып, байытып, эттен бөлөк «чөп» жебеген денебизге витамин тартуулап коюп кетишер эле. Ал эми мага окшогон балдар үчүн андан бетер майрам: семичке менен сагыздуу болуп, биз өзүнчө агарчубуз.

* * *

Балалыкта э-эң узак күткөн, болгондо да суктантып, саматып күткөн нерсенин бири ушул болду. Ата-аң көрү Индия десең! Балалыкта биз үчүн кол жеткис болду го. «Индийский кино келиптир» деп төрт кошкондогу көк дүкөнгө түстүү боёк менен жазылган ак кагаз илингенде көзүбүз чанагынан чыгып, күндү тоого устун менен тиреп койгонсуп кеч кирбей койчу... Ал күнү үйдөгүлөр жибербей койбосун деп жумуштун баарын чуркап бүтүрмөй. «Танцор диско» 1982-жылы жарыкка чыгып, бирок СССР аймагына 1984-жылдын жай айынан баштап толук прокатка жайылтылган экен. Эң жаманы, анын атагы жар салынып, борбордук калааларга коюлганы менен, тээ тоо койнундагы бизге такыр жетпей койду. Ошо менен 1988-жылдын жайында мектепте акыркы коңгурообуз болду да, шаарга окууга аттанып кеттик. Бир күнү анан кыялдарды орундатып шаарга келген классташ балдар, кыздар кинотеатрга «Танцор диского» кирдик...

* * *

Жаштык биздин үч жерибизде жашайт: денебизде, жүрөктө жана акылда. Кызыгы, карылык да дал ошол жерибизде жашынган. Биз баарыбыз бир бүтүнбүз, каршылашпыз, душманбыз... Эң биринчи дене карыйт, анан барып акыл карыйт, а жүрөк жаш бойдон калат экен. Ушул биздин жүрөк экен – дайыма арман кылган.

* * *

Ташкентти эстеп... «Кичкинтой Вера»... 10-классты бүтөрүм менен Ташкентке мединститутка окууга өтүп кеттим. Анда СССР кез. САМПИ дешчү аны. Ой бир сүйүнгөнүмдү айт. Окууга өтүп алып айылга барсам, агам Бакыт мотоциклдин люлькасына салып алып Четинди деген жайлоого алып барды. Баратып «Ээ-ээй, тоолор, мен Ташкентке окууга өттүм» деп кыйкырганымды эстейм де... Ошентип көп күн өтпөй апам мени өмүрүмдө көрө элек Икарус деген зор автобуска салып Ташкентке узатты. Андай автобустун баары кечки рейс менен жүрчү. Кечинде отурасың, эртең менен Ташкентте болуп каласың. Ошентип АДАМДЫ окуй баштадык. Лекцияга ак халат, чепчиксиз киргизбейт. Анатомиядан берген мугалим адамдын баш сөөгүнүнүн же жото жилигинин бир тешигине темир указкасын сайып илип алып маңдайыңа келип үн-сөзү жок тура берчү. А сен ошол тешиктин латынча аталышын жатка айтып беришиң керек. Кадимки сөөктөрдү сумкаңа салып алып жатаканаңа кетесиң. Анан ар бир сөөктү өткөндө анын сүрөтүн колго тартасың. Ушул жерден башты катып туруп бир мактанып алайынчы, сүрөттү жакшы тартчумун. «Жеңиш ака, расм чизип бериңң... ханамызга борып чой ичиңң...» деп бөлмөмө өзбек кыздары келе берер эле.

Киного да барар элек. Бир күнү көчөдөн «Кичкинтой Вера» деген киноафишаны көрүп калдым. Анан ошого бардык. Ал «Маленькая Вера» деген 90-жылдардагы советтик жаштар жөнүндө эң биринчи ирет «кызыл сызыктан» ашкан кино эле. Мага кинодон мурда «кичкинтой» деп өзбекче жазылып көчөгө илингени шок кылган. «Кантип батынып өзбекче жазып коюшкан, ыя?» – деп таң калгам.

* * *

«Чакыртты бизди Советтик Армия!» деп ырдаган бойдон аскерге кеттик. 1989-жылдын 11-декабры. Аскерге бардым. Эң алгачкы алты айын Белоруссиянын Марьина Горкасында болдум. Кылыч деген Токмоктун кайсы бир айылынан келген аскерлеш досум бар эле. Бир күнү дед орустар менен тамашалашып күрөшүп атып, дөңкөйгөн орус анын колун артына кайрып кармап алды. Ошондо жаны чыдабай ооруткан экен, Кылыч күлкү ызасы аралаш «Эээй-эй, подожди, стой- стой...» деп келип маңдайында турган мага: – Колум кайрылып калды дегенди эмне дечү эле-ее, ыя? – деди көзүнөн от чыгып. Десе, капилет сурай калса мен дагы таппай туруп калсам боло... Бир топто барып анан бошонду. Анан айда күлдүк. Ошондон баштап экөөбүз тең орусча «колду кайырбаны» унутпай калдык. Биздей элеттик далай жигиттерге армия ошентип көп жагынан мектеп болчу.

* * *

«Ошол мезгилде менин бир тууган агам Бакыт Чехословакиянын Ружомберок деген шаарында аскерде кызмат кылып аткан. Мага 6 ай, агама бир жарым жыл болуп калган кез. Мен үчүн чечүүчү күн келип, катар тизип эки өлкөгө барчуларды командир айтып кирди. Бир кезде кезек мага жетти: «Сержант Эдигеев, Чехословакияга!» дегенде чыдамым кетип какайып честь бере калып: «Служу Советскому Союзу!» – деп болгон күчүм менен бакырдым. Ошентип Бакыттын жанына бардым. Арадан бат эле 6 ай өтүп Бакыт «дембель» болду. Экөөлөп аскердик альбом жасадык. Ошо менен бир күнү аны Кыргызстанга, Кош-Дөбөгө узаттым. «Ружомберок» деген розалуу өрөөн деген маанини берчү. Тоо-таш, токою керилген жомоктой сулуу жер. Ошо менен арадан айлар өтүп, 90-жыл келип, биз Чехословакиядагы советтик аскер бөлүгүн биротоло түп орду менен СССР аймагына көчүрүп, биротоло чыгарып кеттик. Тыным алып 9 сутка поезд менен жол жүрүп, кайрадан Белоруссиянын Марьина Горка деген шаарына көчүрүп келдик.

* * *

Союз кезинде эл аскерден жаңы келгенде бери жагы бир жума эркелеп, шаарга чейин кетип ойноп келишер эле. Мен келип эле (7-декабрь, 1991-жыл) биринчи уккан жаңылыгым: «бизде дыйкан чарба деген чыккан» деген кеп болду. Ошо менен аскерден келген күнүмдөн эки күндөн кийин тоого жүк жүктөш керек деген чоң маселе чыгып жүккө кеттим. Ошо менен дыйкан чарбанын чынжырына чырмалдык. Бул учур ар бир кыргыздын, ар бир айылдын, өлкөнүн бурулуш тарыхы эле.

* * *

Эсимде, 90-жылдары эң алгачкы чет элдик сериалдар чыга баштады. Апам анда айылдык ооруканада иштейт. Медайым. Айылда телевизор бирөөндө бар, көбүндө жок. Анан түшкү тыныгууда оорукананын коллективи кезектешип телеси бар үйлөргө барышат, тизилип алышып. Чай ичкенче сериал көрүшөт. Апам коллективин жаш-карысын деле аралаштырып «бальницанын кыздары» деп айтар эле. «Бальницанын кыздары сериалды эртең баланчаныкынан көрмөк болдук» деп айтып калар эле, аябай кызыгып, толкундап. Анткени кыргыз эмес, советтик элдин баарын ал сериалдар аң-таң калтырып, ичкен ашты жерге койдуруп аткан кез эле. Бир кезде апам топ «кыздары» менен шаракташып «Баскыла, бол, кечиктик!» деп кардын калыңына карабай, телеси бар үйдү көздөй шашып баратышкан болор эле...

* * *

1992-жыл, 31-август. Студенттер Ала-Арча айыл аймагындагы Мраморное деген кыштакта дарбыз терип жүрөбүз. «Бүгүн айыл өкмөтү студенттерге кой союп берет экен» деп сүйүнчүлөштү. «Эмнеге?» дешти. «Бүгүн бир майрам дейт го…» «Эмне майрам?» «Эгемендик дейби?» Биз ушинтип таанып, ушинтип тосуп алганбыз 31-август майрамын.

* * *

Университет. 1994-жыл. 10-жатакана. Бир күнү бөлмөдө олтурсам Кутман келди. Юрфакта окуган теңтуш жигит. Ал окуп атып бизнести да кошо сүйрөгөн тың жигиттерден болчу. «Жүрү, сага бир нерсе көргөзөм» деди. Эшикке чыктык. Чыгып эле жаткана маңдайында токтоп турган «иномарканын» жанына келдик. Келип эле машинанын эшигин ачты: «Жүрү, кичине кататься этели, ушуну балдар болуп сатып алдык!» деди. «Койчу эй!» десем «Чын!» деди сыймыктана башын көтөрүп.

«Мазда» экен. Мен ошондо өмүрүмдө эң биринчи жолу иномаркага олтургам. Ошол жылдары биз үчүн көп «иномаркалар» бар тарабыбыздан агылып кирип аткан мезгил эле: машиненин да, ар түркүн техниканын да, «Адидас» өңдүү, «кожа курткалар» өңдүү кийимдердин да, жеген тамак, ичкен суусундук, арак-шараптардын да «иномаркалары» жаңылык болуп каптап аткан заман болчу. Көргөн кинолор, уккан музыкалар, бийлеген бийибиз да өзгөчө жаңы болчу. А тургай «иномарка» сүйүүлөр чыкты. Атактуу «моссоветтер» пайда болду. Дүйнөлүк жаңылыктар коомубузду аралап, жан дүйнөгө жабышып, мээбизге эми-эми орноп аткан анык өткөөл мезгил эле.

* * *

Биздин кыла элегибиз ушул эле калды эле... Бир жылы августта Калмурат (Рыскулов) болуп жатакананын чатырынын үстүнө, эшикке түнөчү болдук. Ошол августтун бир түнүндө жууркан-төшөгүбүздү чатырга алып чыктык. Асман тиктеп жатабыз. Калмурат комузун алып ырдайт. Жылдыздарды карайбыз. Бир убакта көзүнө бир нерсе урунгандан ойгоносуӊ. Ал – күн болчу. Улуу күндүн эӊ биринчи нурлары болчу. Ошондо, «Кечиктик!» деп атып турганбыз. Автобуска жөнөгөнбүз. Узун «мягкий» автобус менен Баетовго кеткенбиз.

* * *

Жаш өлбөсүн адамзат... Сапар...

Биринчи курсумда Кубат Оторбаев анан Сапар Исаков үчөөбүз бир бөлмөдө чогуу жашадык. Кубат Ат-Башынын Пограничнигинен, Сапар Кара-Суунун Отуз-Адырынан. Алар менден эки курс өйдө окушчу. Бир ишембиде демейдегидей бөлмөнү генералдык уборка кылып аттык. Сапар идиш-аяк коюлчу шкафты жыйнап аткан. Биз болсо пол шыпырып, жууп атабыз. Бир кезде Сапар: – Эй, достор, мына кумшекер сурап келгенге дайыма мобул кружканы пайдаланалы, бул жерге койдум! – деди кызыл айнек кружканы көргөзүп. «Аа, макул» деп биз ишибизди улап кирдик. Ортодон бешпи, онбу секунд өтпөй Кубат экөөбүз тең тура калып «Имне дейсиң? Сурап келгенге дейсиңби?..» дедик да, кыраан каткырык салдык. Эмне дегенин аңдай калган Сапар өзү да тарс жарылды. Тим эле темир керебеттерге жата калып, ичти тытып күлдүк. Бирок бул чынында далай ирет сурап келип күн көргөнүбүздүн жыйынтыгы болчу. Сапар ичинде кири жок, айкөл жигит эле. Кыйышпайбыз, ажырашпайбыз дей берер элек. Бирок биздин романтикабыздын бат эле быт-чыты чыкты. Аны – Сапарды 25 жашында болгондо да бир биянкеч, селсаяк бычак менен сайып кетти...

* * *

Зайырбектин, Элмирбектин элесине...

* Жашап жашоонун да, жазып жазуунун да, өлүп өлүмдүн да көркүнө чыгардыңар! * Жөн акындыктан Эл акындыкка… Эл акындыктан түбөлүк акындыкка!

Жашоо – бул чоң таймаш экен, сөздөн башталып некрологдон бүткөнчө… Бала кез. Окуучу кез. Студент кез. Жаштык кез. Мастык кез. Жүргөн кез. Сүйгөн кез. Эргүү чапчып турган кез. Ичкен-таштап койгон кез. Кырктын кырын ашкан кез. Бир күнү эле… Мунун баары тирүү кез! Менин муунум! Обондо кайрык болуп Калмурат калды, айтыштын актаңдайы болуп Элмир калды, жазуу болуп Эрнис калды, акын болуп Зайырбек калды… Таланттарды эстедим да: Атай Огомбаев 49 жашында, Жоомарт Бөкөнбаев 34, Мукай Элебаев 39, Касым Тыныстанов 37, Жусуп Абдрахманов 37, Алыкул Осмонов 35, Муса Баетов 47, Мидин Алыбаев 42, Турар Кожомбердиев 48, Жолон Мамытов 48, Жусуп Турусбеков 34, Сүймөнкул Чокморов 53, Таттыбүбү Турсунбаева 37, Бүбүсара Бейшеналиева 47, Барчынбек Бугубаев 52, Чубак Сатаев 33, Медер Кадыршаев 42, Мелис Эшимканов 49, Эрнис Асек уулу 49, Калмурат Рыскулов 30, Улан Эгизбаев 28, Элмирбек Иманалиев 42 жаш… Булар узак өмүр сүрүшкөн жок. Бирок өмүрүн тарыхка калтырып кетишти. Сабалап, камчыланып, өмүрдү санабай өнөрдү самап, жашоону санабай жазганды самап, жылдыздай жарык бергенди самап, сандарда калбай санаада калып жашап өтүштү.

* * *

2006-жылдын башында апам каза болуп калды. Ошондогу январдын кары ай! Баарысы, а тургай апам да ошол кардын алдында калган соң «Агымдын» терезесинен көчөнү жалдырап карап далай отурбадымбы. Бир күнү: «Эми дүйнө мага эки нерседен: энелүүлөрдөн жана энесиздерден турат. Мен эми экинчи тизмеге кошулдум...» – деп жаздым.

* * *

50дөн кийин да эки чет тил үйрөнсөң болот, бирок жаштайыңда ал батыраак болор эле. 50дөн кийин да булчуңду чыңап өстүрсөң болот, бирок жаштайыңда ал керемет чыгар эле. 50дөн кийин да көп оку, бирок жаштыктагың чоң казына болор эле. 50дөн кийин да дос күтсөң болот, бирок жаштыктагың тамыры терең кирер эле. 50дөн кийин да ыр жазып канат бүтөт, бирок жаштыктагы канаттар алыс шилтенет эле. 50дөн кийин да максаттар бүтпөйт, бирок жаштагы жасаганың эбак бел ашып калган болор эле. 50дөн кийин да али менде жок нерсени күтөм! Эңсөөлөр менен тилектер карыбайт экен, талыбайт экен, бүтпөйт экен…

* * *

Бул окуяны женевалыктарга айтып берсем ансыз да коммунисттик режимди жек көрүп келген европалыктар баштарын чайкап наалып жатып калды:

7-классты бүтүп калган кезибизде бизди комсомол уюмунун мүчөлүгүнө алганга даярдык башталды. Бир күнү биздин айылга райондук Комсомол Комитетинин катчысы, анан да аны коштоп эки киши кошо келди. Бизди актовый залга чогултту. Анан четибизден доскага чакыра баштады. Бир маалда классташым Жолдошбек чыкты. Комиссия: «Кана Болотакунов, сенин атаң ким?!» – деди. «Атам Карагул...» деди Жолдошбек шарт эле. Баарыбыз тарс жарылып күлүп жибердик. «Ии, анан ким?..» деп кызарып кеткен Жолдошбек көзүнүн үстү менен бизди акырая бир карап алды. «Ээй, Ленин дебейсиңби, жинди» деди арабыздан бирөө шыбырап. Ошондо анан туура жоопту тапканына сүйүнүп кеткен Жолдошбек «Аа-а!» деп уялып калган эле. Эгерде СССР күнү бүгүнкүгө чейин жашаганда Ала-Тоону айланган анык маңкурттарга айланат белек, ким билет?..

Менин сүрөт тартканга чымыным бар эле. Бир күнү мектептеги чоң дубал гезит үчүн В.И.Лениндин сүрөтүн тартыш керек болду. Гезиттерден Лениндин башынын сүрөттөрүнөн таап келдим да, бош класска кирип алып тартып кирдим. Бир убакта комсомол уюмунун катчысы кирип: «Сен жакшы тарт, э-эй! Эгер окшошпой калса Ленинди шылдыңдады деп сотко кетишиң мүмкүн» – деди. Аны угуп алып оюмдун баары бузулуп үйгө жөнөдүм. Апама айтсам «биринчи тартчы, анан окшоштубу, мен айтам» деген эле мени менен кошо коркуп. Коммунисттик партия ошентип кары-жаш дебей ар бирибиздин жүрөгүбүзгө жол башчынын портретин кадап тарбиялады.

Адам ар кандай жашоо нукка бат көнөт экенбиз да. Биз, кыргыздар, чак түштө революция жасаганга да, жакшы күндүн эртеси эле митингге атып чыкканга да, башкаруудагы парламенттикке да, президенттикке да даярбыз. Биз алеки саатта той кылганга, той үстүндө свет өчүп калганга да, капилет өлүк чыкса, аны койгонго да даярбыз. Биз ошол кечте капыстан кулдук уруп кудалар келгенге да, аларга деп алеки саатта дасторкон жайганга да даярбыз. Намыс жайын айтса тикеден-тик турганга, алдына келсе атанын кунун кечкенге даярбыз. Биз бир гана нерсеге даяр эмеспиз: Биз, кыргыздар, бизди басынтканга даяр эмеспиз...

* * *

Швейцария. Саат 10:10. Сааттар өлкөсүндө сатыктагы бардык сааттын 95 пайызы саат жебеси дайыма 10дон 10 мүнөт өтүп турат. Эмне үчүн? Жакшы көрүнөбү? Болушу мүмкүн, бирок эң башкысы саат жебеси 10дон 10 мүнөт өткөнүн көргөзүп турганы – бул жылмайганды (смайлик) билдирип, көрсөтүп турат экен. Анысы чын! Маркетологдордун таппаганы жок, кардарга 10:10 болуп турган саатты көргөзгөндө саат ага жылмайып карап, жакшы маанай тартуулайт дешет. Ар бир эл өз өндүрүшүнө, өз тирилигине ыңгайлашат жана мүнөз күтөт. Кыргыздар малын сатарда суу ичирип курсагын чыгарып алгандай кеп. Швейцариялык адамдын мүнөзүн, турпатын билгиң келсе, көзүнө чоңойткуч лупаны тагып алып, сааттын колго эмес, көзгө араң илешкен тетигин эртеден кечке былк этпей чукулап олтурганын элестете бериңиз. Булар ушундай кадалып эмгек эткен, ашкере иштерман калк. Булар өз маркасы үчүн жанын берген, өз бренди үчүн казыктай кагылып иштеген, ар тетикти эмес, ар бир кылды кырааттап өз ордуна коюп иш кылган өжөр эл.

* * *

Мен бул жактан күткөндү үйрөндүм. Ушунчалык кыйын күткүч болушат экен! Башында билчү эмесмин. Көрсө, ал укмуштай сапат экен. Күтүү – бул сабыр экен. Сабыр болсо – ал таалим экен. Ыйман экен. Эрк экен. Кезекте да, жолдогу тыгында да, ар түркүн жолугушууну, жумуштагы, бийликтеги маанилүү жоопту да жыргап күтүп атышкан болот. Аны карап жашоом өзүнөн-өзү жеңилдеп калат.

* * *

Үй. Сыртка чыктым. Биз үчүнчү кабаттабыз. Үн угулду, пианинонун. Ошол үчүнчүдөн. Ачык калган терезеден. Ал кызым, Нурайым. Ал ушинтип чертет. Ушинтип көнүгөт. Бахтан, Бетховенден, Моцарттан… Тапшырма берет. Консерватория. Кыйын, жумушун сүйгөн, музыка сүйгөн, аптаппы, суукпу, карантин-пандемиябы, эмеспи, былк этпей ишин сүйгөн мугалимдер бар. Кесипкөйлүк ушундай болсо, принциптер ушундай болсо, эрежелер, адамдар ушундай болсо дейсиң. Ошондо келечек да, ээрчиген шакирттер да ошондой бекем жолго түшөр эле… Үй. Үчүнчү кабат. Мен ошентип ачык турган терезени карадым да, кайрыктарын туура тапкан Нурайымды ичтен алкап ары карай жолумду улайм.

* * *

Үйдүн эле жанында атактуу клиника бар. Швейцариянын. Көбүнчө байлар келип дарыланат. Ар кыл өлкөдөн. Дүйнөлүк атактуулар келет. Бирок клиника аны сыртка чыгарбайт, маалыматты. Жашыруун. Ошондой болгону оң. Менчик оорукана. Шарты укмуш. Ооба, баасы да укмуш. Баса, ара чоло биздикилерден да көрүп калабыз. Кирип баратканын же чыгып келатканын. Бирок ден соолук деген – ден соолук. Ким, колу канчалык жеткенинче жашай берсин. Бирөөнү талдаган туура эмес болор. Эрксизден көп ойлодук, ата-энеңди ушул жакка алып келсек, балким, узак жашашат беле деп… Бирок аным болбогон кеп, болбогон ой… Өмүрдү сатып атышыппы?! Андай эмес да… Ушинтип кайра өзүмдү тилдеп коём. Бул клиниканын эң үстү – бешинчи кабатында жалаң рак менен ооругандар жатат. Эреже-шарты ошондой түзүлгөн экен. Айтышат, өлөрүн билгендер акыркы күндөрүн тынч, таза, комфорт жайда, эч кимге мүшкүлүн артпай, жаны тынч узаш үчүн атайылап ушул жакка келишет деп…

* * *

Швейцария окуу системасында орто мектепти бүткөн окуучу ЖОЖго баруу үчүн ортодо дагы 4 жыл колледжди окумайын ага түз бара албайт. Чынында, 16-17 жаш – бул эмне кесипке ээ болууң керек экендигин толук түшүнчү курак эмес. Мен да башында үйдөгүлөрдүн тилеги менен догдур болуп чыкмакчы болгом. Бир жыл темселеп Ташкентте окугам. Андан соң эки жыл алыста аскерде кызмат кылдым. Мына ошондон кийин гана араң мага бир белги чындап сезилген. Ал – калем тагдыры болчу...

Кичинекей бөбөк дарыканага кирет. «Эже, мага керемет, «чудо» берип коёсузбу?» Дарыканачы таң калып, эркелетип: «А сен ал кереметти эмне кыласың?» Анда бөбөк: «Доктур айтат, апаңар бир керемет болуп эле айыгып кетпесе деп...»

* * *

Манастын урпагы экениӊди тарыхтан, китептен издей бербе. Сенсиӊ ал, азыркы сенсиӊ – Кыргыз!

* * *

Жашоону көйгөй кылбаш үчүн биз көп суроону жоопсуз калтырып жашаганга көнүшүбүз керек...

* * *

Элден изде, жерден изде, китеп менен турмуштан изде, бирок, эӊ башкысы, өзүӊдү аӊтарганды унутпа. Кенч өзүӊдө.

* * *

Азаптар Кыргызстанда көппү же Европадабы? Бир күнү эрксизден ушул суроо оюма келди. Көп өтпөй тереӊден жооп таптым: азап жерде жашабайт, мээде жашайт деген. Күрөштү мээден баштайлы.

* * *

Кылкылдаган эл ичинде келатып «атасын көрбөй калгандар, колуӊарды көтөргүлө!» деп суранар элем... Силерди да уккум келет, тагдырлаштар.

* * *

Менин экинчи кесибим бар – ирмемдерди токтото билгич деген.

* * *

Идеология – бул Кыргызстанды кучактап туруп сагынуу.

* * *

Аял бизге караштуу эмес, аял сүйүүгө гана караштуу. Жетсе, сүйүүң менен ээлик кыл бүт ааламга.

Социалдык тармактарда жазылган пикирлер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлзада Станалива, Бишкек:

– Жеңишбек Эдигеевдин «КӨК ДЕПТЕРИ» учурда студенттерим кызыгып окуп жаткан китеп. Автор өзү айткандай, башы жок, аягы жок өмүрдүн өзүндөй, Жеңижоктун аккан суусундай жазыла берген китеп. Эгемендик алган өлкөнүн али белгисиз жашоого умтулган адамдары тууралуу, дүйнө кезип кеткен кыргыздын басып өткөн жолу тууралуу китеп. Жашоо тууралуу, андагы жылуу көз ирмемдердин таттуулугу тууралуу, жүрөктү каңтарган кайгы-касырети тууралуу китеп. Эне тууралуу, достор тууралуу, кесиптештер тууралуу китеп. Бакыт менен сүйүү тууралуу, жаштык тууралуу мээрим менен жазылган китеп. Мен жана сиз тууралуу, ал тууралуу – баарыбыз тууралуу кайра өзүбүзгө айтып берген китеп...

Насыпбек Тобокелов:

– «Көк дептер» көп нерсени эске салды. Айрыкча, жашы орто курактан өтүп калган окурмандар үчүн табылгыс китеп дээр элем. Анткени айылда калган балалык, өспүрүм курактагы баёо, таза сезимдер, күүлдөгөн студенттик күндөр, колхоз-совхоздордогу кайнаган эмгек, коллективдүү жашоо образы улгайган адамдардын көбүнүн эле эңсеген көксөөсү болсо керек. Китепти окуганда ошол керемет, күрдөөлдүү күндөрдү кайра жашап өткөндөй бир эсе канагат алсаң, бир эсе кусаланасың.

Окуялар өз башыңдан өткөндөй, сенин өтмүшүң баяндалып жаткандай туюлат. Кыргыз айылдары, жайлоолору, айыл адамдары негизинен окшош эле эмеспи. Китепте ойдон чыгарылган бир да каарман, ойдон токулган бир да окуя жок. Бардыгы жашоодо болгон жана бар адамдар, алардын башынан өткөн окуялар тууралуу. Ал эми ошол турмушта күнүгө жолукчу нерселерди сезимге тийип, көңүлдө сакталып калгыдай жатык, мейин тил менен окурманга жеткирген-жазмакердик чеберчилиги десем ашыкча болбос.

Жеңишбектин балалыгы өткөн айылда, жайлоолордо биз деле жашап, анын китебиндеги каармандары менен күндө учурашып, аралашып жүрсөк дагы, алардагы боорукердик, ыймандуулук, адамкерчилик ж.б. бийик сапаттарга көнүмүш, үстүртөн мамиле кылып, бири-бирибизди баалабай жүргөнүбүздү жердештери китепти окугандан кийин түшүндүк окшойт. Айыл адамдарынын астейдил, таза мүнөздөрүн кемелине келтире ачып жалпы окурманга жеткирген Жекибиз менен сыймыктанып жатабыз.

Жеңишбек адамдардын жакшы сапаттарын гана көрөт, ошол жагын гана жазат.

Кыскасы, «Көк дептерден» көп эргүүлөрдү аласыз, көп терең ой-толгоолорду табасыз, окурман!

Каным Сулайманова:

– «Көк дептерди» окуп бүттүм. Ар бир бөлүмдөгү окуялар өзгөчө баяндалыптыр. «Сени күтүп ак баш болду ышкындар» бөлүмүн окуп бүтүшүм оор болду.... Көздөрүмө жаш келип, мен дагы көп жакындарымды эстедим. «Миңгемелери» мындан да кызыктуу. Мекениңди, айылыӊды баалаганың өзгөчө...

Бакытгүл, Москва:

– «Мекен – бул сен барып өлө турган жер. Биз башка жерде өлгөнгө акыбыз жок...»

Китепти ачканда эле ушул сөздөр мээге тык эле токтоду... Көптөн бери жетпей жүргөн китеп колго тийди. Бул айылдашым, чыгаан журналист-публицист, котормочу, биз сыймыктанган айылдын кулуну Жеңишбек Эдигеевдин «Көк дептер» китеби эле.

Мындан үч жыл мурда «Дайралар артка агышпайт» китебин окуп, андагы ата жөнүндө окуяны, ата-баланын бири-бирин көрбөй, ата мээримине кусамат болгон балалыктын кусалык күндөрү, Союз мезгилиндеги КПСС, партия, айылдын өнүгүшү, таза, так иштейм деп жүрүп кырчындай жаш кезинде өмүрдөн ажыраган Кадырбек агабыздын өмүрү жөнүндө көзгө жаш ала окуп бүтүп, «атаңдын көрү, бир кем дүйнө» деп ойго салган эле.

Эми минтип, «Көк дептерди» алыс жерде «келе, мага берип турчу» деп колдон-колго алып окуп жатып: Айылдагы жылт этип жок болгон оттун учкунундай, оозуңа салсаң канттай эрип кеткен балалык чакты, андан улай шаркырап аккан суудай, кармасаң да токтобогон жаштык, студенттик курактагы мезгилдин баарын эске салып, көз алдымдан кинодогудай чубуруп өттү. Мен эле эмес, менден башкалар да окуса жаштыктын бир кереметине барып келгенине ишенем. Окуп жатып тарс күлгөн жерлерим болду. «Биздин айылда да ушундай болчу экен да, ээ?..» деп жылмайган мүнөттөр болду.

Силер кичине чактан эле атанын мыкты уулдары деген ат менен чоӊойдуңар, бул сөздөрдү ата, апаларыбыз айтар эле. Сакин эжечи, сомодой созулган аялзаты эле. «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген кыргыздын жакшы сөзү бар, анын сыңарындай сенин китептериң келечек муундарга калат. Ар бир окурмандын жүрөгүнөн орун алып, азыркы тил менен айтканда, мотивация бере турган эң бир асыл сөздөр жазылыптыр.

* * *

– «Алай жаӊырыгы» радиосу китеп окуу маданиятын жайылтуу үчүн бул жылы билек түрө киришти. Эфир аркылуу «Көк дептердин» таасири, тапкан баалуулуктар жана китеп окуунун пайдалары тууралуу аз болсо да ой бөлүштүк. Бул китепти көп айдан бери окурман катары эфирден бет ачарын кылууга чакыруу алып жатып, бүгүн убакыт-сааты чыгыптыр.

Жамиля:

– Жеңишбек Эдигеевдин «Көк дептер» чыгармасын окуп чыктым. Мыкты жазылыптыр. Эр жетип келаткан балдарыма: «Ушул китепти окугула, студент болосуңар жакында, студенттик жашоо менен тааныша бергиле, адам алыс-жакынга чыкканда кандай сезимдер келерин, андайда кандай жол туткан оң болорун үйрөнгүлө», – деп коём. Мемуардык чыгармаларды жакшы көргөн жайым бар. Анткени мындай чыгармаларда сөздөр шөкөттөлгөнү, көркөмдөлгөнү менен, окуянын мазмуну чыныгы жашоонун өзү болот. Кантсе да мындай керемет чыгармаларды окугандан кийин руханий ааламым алда канча бийиктеп, көзүм дагы курчуп алысыраакты көрүп калгандай, зээним тунуп, дилим дагы да агарып, көңүлүм жайрап калганы байкала түшөт. «Көк дептерден» кийин дагы бир топ бийиктей түшкөндөй болдум...

Дархан, Монголия:

– «Көк дептерде» көпчүлүк окурмандар айткандай эле, турмуш тажырыйба менен жазылган «көп кептер» бар экен. Жеңишбек Эдигеев агайыбыз «адам кандай болуш керек? Кандай адамдык сапаттарга ээ болуш керек?» деген суроолорго дааналап токтолуп, мекенчилдик, чынчылдык, жөнөкөйлүк, жоомарттык, акылмандуулук, көрөгөчтүк, элпектик ж.б. бир канча мыкты адамга тиешелүү сапаттарын «Көк дептердин» ичине катып, өзүнүн буга чейинки бүтүндөй басып өткөргөн өмүр жолу менен тастыктап, баяндап бериптир.

Аны окусак гана толук аңдап, түшүнүп, мөлтүрөп турган көзүбүз жанып, жүрөгүбүз кубаттанып, демибизге дем кошулуп, келечекке карай жаңыча кадамдарды таштай алабыз. Эң башта эле өзүбүздү моралдык жактан байытууну, интеллектуалдык-маданий, физикалык жөндөмдөрүбүздү арттырууну, ар тараптуу өнүгүүнү кааласак, анда «Көк дептерди» окуйлу демекчимин. Анткени «турмуштун бүгүнү жана эртеңи кандай болот?» деп, өзүн туш тараптан издеп жүргөндөр, дегеле өзүн бул жашоодон издеп жүргөн инсандар үчүн автордун жашоо тажырыйбасында чоң сабак бар. «Көк дептердин» убакыт өткөн сайын улам баалуулугу арта берет. Келечек муун үчүн мыкты тарыхый чыгарма да боло аларына ишенем. Анткени элибиздин эгемендүүлүккө жеткенден кийинки жашоосу, басып өткөргөн жолу тарых болуп «Көп дептерде» кенен жазылыптыр. Татыктуу жашоо образы менен айланасындагыларга жана «Көк дептердеги» өмүрү менен чыгарманы окуган ар бир адамга жарык тартуулай алат.

«Көк дептер» менин кайталап-кайталап окуй берчү китептеримдин катарына кирди.

Ат-Башынын, Ак-Сай, Арпа, Чеч-Дөбөнүн баяны мага Нарындын төрт районун, эң алыскы Кош-Дөбөнү көргөзүп, Жеңишбек Эдигеев сыяктуу бир канча жарык адамдар менен жолуктурду. Кең Бычандын, Кош-Дөбөнүн, Ак-Талаанын баяны мыкты адамдыкка, мыкты жашоого умтулууга жол ачты десем жаңылышпайм.

«Көк дептер» үчүн терең ыраазычылык билдиребиз, агай! Чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Үй-бүлөңүз менен саламатта болуңуз!

Талант Акуналиев:

– «Ааламга кетчү жол айылдан башталат» деген сөздүн бүгүн чын-бышыгына жетип отурам. Агабыздын жүрөгүндөгү мекенди сүйүүсү, баары бир өз мекениңдей болбосун, өзүнүн китебинде жазгандай, мекенден кеткендер эмес, мекенге келгендер бактылуу болорун баса белгилеп өттү. Кудай буюруп, китеп менин колума дагы тийди. Өзүңүз айткандай, коштошкон эмес, жолугушчу күндөр көп болсун. Мен китепти алып эле кудуӊдап үйгө жөнөдүм. Мурун Фейсбуктан апама «Көк дептердин» үзүндүлөрүн окуп берсем, азыр толугу менен окуп берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Каныбек Иманалиев, коомдук-саясий ишмер, экс-депутат, акын:

– Дүйнөдө ушундай агым бар миграциядагы адабият деген. Орустун улуу жазуучулары Набоков да, Солжиницын да эӊ улуу шедеврлерин чет жакта жүрүп жазган. Мекениӊ, тагдырыӊ башкача көрүнөт болушу керек. Биздин, теӊтуш журналисттердин, жолубуз дээрлик окшош, Жеӊиштики Кыргызстандан куулгандан баштап башка. 19-кылымда орустун диний философу болгон Розанов «Мигрант – улуттун бир тамчы каны, анализге алынган» деп айткан. Мисалы, Россияда же Швейцарияда ишиӊ түшүп калса аким байкеӊ жок, прокурор таанышыӊ жок. Ким экениӊ ошондо сыналат. Бул китептин, балким, ички жанры роман эмес, поэма да эмес, бул драма да эмес, бул дегеле бүгүнкү күн эмне болсо ошол. Бүгүнкү күндүн бала чагы да бар, карылыгы да бар, сүйүүсү бар, жаштыгы бар, митинги бар, качып кеткен президенти бар, муну куугунтуктаган УКМКсы бар. Дегеле баарыбыз. Ошол 30 жылдагы Кыргызстандын автопортрети. Бул китеп мигранттарга жетсе дейт элем.

* * *

– «Көк дептерде» көп кептер бар. Китепти колума алып, бетин барактай элек ушул сөз эсиме келди эле. Анткени китеп элдин колуна жете элек учурда автордун ар бир макаласы менен Фейсбук баракчасынан таанышып жүргөм. Көбүнесе пандемия учурунда чет өлкөдө жүргөн мага ар тараптуу даба болуп берди. Ар учурда дароо Фейсбукка кирип, кыргыз адабиятын сагынганда автордун баракчасын көп барактадым. Дагы деле күтөм. Себеби Жеӊишбек Эдигеев кыргыздын эле эмес, дүйнөнүн казанында кайнаган белгилүү публицист, эркин журналист, котормочу жана айлана-чөйрөсүндө жакшыны гана көрө алган, жакшы сөзгө жан дүйнөсү толуп турган бактылуу адам.

* * *

– Азыр сабак берген студенттериме “эс алуу күндөрү китепти окуп келгиле” деп Ош шаарында китеп саткан дүкөндүн дарегин берип жөнөттүм. Учурда ЖРТга даярдап жаткан окуучуларга кечээ күнү «реклама» кылып келдим. Кийимдин модасы ансыз деле өтө тездик менен калың катмарга жетип жатат. Биз өнүккөн өлкөнү, бакубат турмушту куруу үчүн билим менен китептин модасын жайылта берели.

* * *

– «Көк дептер» кадимки эле жашоону чо-оӊ бир чыгармага айлантып ийгени мага өтө жакты. Менин балалык чагым, студенттик күндөрүм, мен жүргөн көчөлөр, мен уккан музыка, мен көргөн кино. 1969, 1984, 1988, 1993-жылдар. Мен кайрадан жаштыгыма, балалыгама кайтып баргандай болдум. Күлдүм, көзгө жаш алдым. Бар болуӊуз, Жеӊишбек Эдигеев! Лейлек – Ош – Бишкек

* * *

– Мен китептеги Элмураттын инисимин. Аябай жыргап окуп чыгарманын ичинде жашадым.

* * *

– Швейцариянын InfoMéduse басылмасы «Көк дептер» китеби жөнүндө жана анын француз тилине которулары тууралуу жазды. Китепке али кире элек Европа тууралуу тексттер кошулуп «Көк дептер» француз тилине жакында которулуп баштайт.

https://www.youtube.com/watch?v=7gKnd109BKo Жеңишбек Эдигеевдин «Көк дептер» китебинин бет ачары | Толук чыгарылыш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
https://www.youtube.com/watch?v=dgY5ZnvERSQ – Жеңишбек Эдигеев: «Көк дептер» китепке айланат деп ойлогон эмес элем»
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
https://www.youtube.com/watch?v=XpH7nGsC-ok – Жеңишбек Эдигеев: «Көк дептер», жазуучулук тагдыр, Женевадагы кусалык ж.б. жөнүндө»
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
https://www.youtube.com/watch?v=0PhNVqc5mcU&t=15s – Көк дептер | Обологон обондор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.infomeduse.ch/2022/07/23/ecrivain-kirghize-etabli-a-geneve-zhenishbek-edigeev-publie-un-nouveau-livre-les-cahiers-bleus/

Эрнис Кыязов үндөштүрүп «Көк дептерди» Ютуб каналына жүктөгөн.
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аудио китепке шилтемелер:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]