Аба (атмосфера)

Википедия дан
аба
тоонун абасы

Абажер атмосферасын түзүүчү газдардын аралашмасы. Негизинен азот (78,09%) менен кычкылтектен (20,95%) турат. Абага гигиеналык баа берүүдө анын хим. курамы, физ. константалары, температурасы, нымдуулугу, кыймылынын ылдамдыгы, барометрлик басымы, ошондой эле аралашмалар (чаң, микроорганизмдер) эске алынат. Жердеги абанын жалпы массасы т. Адам үчүн кычкылтек өтө маанилүү. Жер атм-расында 1,18х гдай кычкылтек болот. Абадагы кычкылтектин запасын өсүмдүктөр бөлүп чыгарып, толуктап турат. Бизди өсүмдүк канчалык көп курчап турса, Аба ошончолук таза жана кычкылтекке бай болот. Адам тынч турганда 12ден 17 лге чейин кычкылтек сарптайт, ал эми иштегенде андан көбөйөт. Кандын кычкылтек менен каныгуусу анын Абадагы проценттик курамына эмес, кычкылтектин парциалдык басымына байланыштуу болот. Кандай гана бийиктикте болбосун А-нын проценттик курамы бирдей, бирок бийиктеген сайын кычкылтектин парциалдык басымы төмөндөйт, ага пропорциялуу барометрлик басым да азаят. Мис., деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте барометрлик басым 674 мм сым. мам., кычкылтектин парциалдык басымы 141 мм сым. мам., 3000 м бийиктикте барометрлик басым 525,98 жана парциалдык басымы 110 мм сым мам. барабар болот. А-дагы кычкылтектин парциалдык басымынын азайышы организмге таасир этет. Парциалдык басым 140 мм сым. мам. болгондо кычкылтек жетишсиздигинин биринчи белгилери — гипоксия байкалат. Анын 110 мм сым. мам. чейин төмөндөшүнөн түтөктүн белгилери — баш айлануу, булчуң бошоңдошу, дем кыстыгуу, жүрөктүн тез согушу ж. б. функциялык бузулуулар байкалат. Кычкылтектин парциалдык басымынын 55,7— 48,3 мм сым. мам. чейин төмөндөшү (8000—9000 м бийиктикте) адамды өлүмгө учуратышы мүмкүн.

А-нын курамындагы азот инерттүү газдарга кирет. Абада азоттун көбөйүшү андагы кычкылтектин парциалдык басымын төмөндөтөт жана наркотиктик таасир бериши мүмкүн, бирок атмралык А-да мындай кубулуш байкалбайт, анткени андагы азоттун өлчөмү көп өзгөрбөйт. Суучулдарда суу астындагы иштерди аткарууда инженер-тех. жана мед.-биол. эрежелердин бузулушунда азоттун наркотиктик таасири байкалат. Мында көрүү, угуу жана сезүүлөрдү кабыл алуу, эске тутуу начарлайт, тынчсызданып, кыймыл координациялары бузулат.

Көмүр кычкыл газы же көмүртектин кош кычкылы — атмосфералык Абанын туруктуу курамдык бөлүгү. Кадимки шартта алардын абадагы концентрациясы 591 мг/м3 (көлөм боюнча 0,03%). Көмүр кычкыл газы атм-рага тирүү организмдердин тиричилик аракетинин күйүү, чирүү, ачуу процесстеринин натыйжасында келип турат. Өнөр жайлуу шаарларда түрдүү отундардын күйүшүнөн Абада көмүр кычкыл газынын концентрациясы көбөйөт. Көмүр кычкыл газы дем алуу борборун козгойт. Адбада көмүр кычкыл газынын азайышы ден соолукка анча коркунучсуз, ал эми көбөйүшү зыяндуу. Ада көмүр кычкыл газы 3—4%ке жеткенде адам тынчсызданат, башы ооруйт, кулак чуулдап, тамыр жай кагат; концентрациясы 10%ке жеткенде эстен танат жана өлүмгө учурайт. Турак жай менен коомдук имараттарда А-нын тазалыгы көмүр кычкыл газынын өлчөмүнө жараша бааланат. Турак жайларда көмүр кычкыл газынын өлчөмү 0,1%тен ашпоого тийиш, анын концентрациясы жогору болгон жабык имараттарды тезинен келдетүү керек (к. Желдетүү).

Атм-ралык А-да аргон, неон, гелий, метан, криптон, азоттун чала кычкылы, суутек, ксенон, озон, радон болот. Булардан башка күкүрттүү газ, көмүртек кычкылы, азот кычкылдары, углеводороддор, күкүрттүү суутек ж. б. транспорттун жана өнөр жай таштандыларынан келүүчү башка заттар болушу мүмкүн. Атм-ралык А-да акырындык менен өзүн өзү тазалоо жүрөт, бирок өнөр жайдын тез өнүгүшү менен мындай табигый тең салмактуулук бузулууда. СССРде атм-ралык А-ны санитарйялык коргоо боюнча иш чараларды жүргүзүүгө чоң көңүл бурулат.

Анбанын температурасы организмдин жылуулук алмашуусуна таасир этет. Узак мезгил ысык Абада жумуш жасоодон дененин температурасы көтөрүлөт, тамыр тез кагат, жүрөк-кан тамыр системасынын иши начарлайт, реакция жайланат, кыймыл координациялары бузулат, тамакка табит жоголуп, тез чарчайт, акыл жана күч эмгеги төмөндөйт.

Абанын температурасы төмөн болгондо организмдин жылуулукту бөлүп чыгаруусу жогорулайт, ал организмдин муздашына, сезгенүү оорулардын пайда болушуна түрткү берет. Ден соолук үчүн температуранын кескин, тез өзгөрүшү өзгөчө зыяндуу болот.

Тынч абалда же жеңил жумушта иштеген адамдар үчүн имараттагы Абанын эң жакшы температурасы кыш мезгилинде 20—22°, жылуу мезгилде 22—-25°, салыштырма нымдуулугу 30—60% жана кыймыл ылдамдыгы 0,15—0,3 м/сек болуусу керек.

Атмосфералык Абада дайыма суу буулары болот. Абанын суу буусуна каныгуу даражасы нымдуулук деп аталат. Нымдуулугу ар кандай болгон бирдей эле температурадагы Аба адамдарга ар кандай сезилет. Нымдуулугу жогору абада киши өзүн начар сезет. Абанын кыймылынын ылдамдыгы кыш мезгилде 0,15 м/сек, жайында 0,2—0,3 м/сек болсо Аба нормалдуу деп эсептелет. А-да ар кандай микроорганизмдер (а. и. оору пайда кылуучу) болушу мүмкүн. Жабык имараттарда А. кээ бир жугуштуу оорулардын (грипп, кызылча, кептөөр, көк жөтөл) таралышына түрткү берет. Ошондуктан имараттарда А. таза болуу үчүн дайыма желдетүү, жууп-тазалоо, чаңдарды сүртүү талап кылынат.

Атмосфердик абанын экологиялык функциялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жердин жылуулук режимин жөнгө салат;
  • Газдык кабыкча – Жерди муздап же ысып кетүүсүнөн сактап туруучу «жуурканы»;
  • Жерде жашоочу тиричиликти ультрафиолет, рентген жана космостук нурларынан сактап турат;
  • Үндү таратуучу чөйрө. Жер бетинде абасыз жымжырттык өкүм сүрмөк;
  • Өзүн өзү тазалоочу касиетке ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]