Адель

Википедия дан
Адель (ырчы)‎»‎ барагынан багытталды)
Адель
Adele
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Adele Laurie Blue Adkins

Туулган датасы

5 -май 1988(1988-05-05) (35 жаш)

Туулган жери

Тоттенхэм, Лондон, Англия

Өлкө

 Улуу Британия

Кесиптери

ырчы
ырлардын автору

Аспаптары

гитара
фортепиано

Жанрлары

поп
соул
инди-поп
джаз

Лейблдар

Divided By Law Records
XL Recordings
Columbia Records

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

Адель Лори Блу Эдкинс ( Adele Launie Blue Adkins) 5 майда 1988 жылы Энфилде (Түндүк Лондон шаары) туулган. Адель – бул Англиянын ырчысы жана жазуучусу, поп-жаз/соул жанрында ырдайт, 2007 жылы аны “жаңы Эми Уайнхаус” деп жарыялган. Бирок бир жылдан кийин Этты Джеймстын и Дасти Сприлфингтин улантулучусу деп эсептелет.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адель Эдикинс биринчи жолу сахнага мектепте “Rise” деген ырды аткарып чыккан (Габриэлдин хитин). Ушул убакытта ал өзунун жакшы көргөн ырчылардын (ЭттД жеймс, жана Дасти Спрингфилдин) кол астында болчу, бирок өзүнүн айтышы боюнча алардын пластинкаларына капыстан туш болгон.

Адель, Лондондук аткаруу маданият жана технология мектебинде Кройдон шаарында окуган, (ал жерде Эми Уайнхаус,Кэти Мелуа, Леон Льюис жана Клейт Нэш менен чогуу окуган, мектепти 2006-жылы май айында аяктаган).

Эки ай өткөндөн соң Адель өзүнүн эки композициясын төртүнчү имаратында онлайн арт-журналында Platforms Magazine.com басып чыгарган.

Аделдин карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адель “21” аттуу экинчи альбомун 2011 жылдын башында чыгарган. Альбому жакшы сынгарлып, дебютуна ийгиликтерди алып келген. 2012 жылы Аделге “21” атту альбому алты Гремми сыйлыгын, ошондой эле “Жылдын альбому” сыйлыгын алууга жардам берген.

Adele[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң көп Гремми сыйлыктарын Адель бир кечеде алган. бул альбом Аделяга ушундай эле көп – көп сыйлыктарга жетүүгө жардам берген, ошондой эле эки Bit Award жана үч америкалык Muzic Award сыйлыктарына ээ болгон.

Adele Kids[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул альбом 16 жолу платин менен Улуу Британияда сертификатталган. Башка 1985 жылдын альбомдоруна салыштырмалуу АКШда бул альбом биринчи оруну ээлеп турган.

Аделдин ийгиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Андан соң 2007 декабрь айында Адель Brit Awards Critics' Choice Award алды. Ал ушул XL Recordings контракт түздү жана экинчи сингл жазган Chasing Pavements. 2008 март айылында Адель Columbia Records менен келишим түзүп, АКШ жана Канадада ийгиликтүү гастролдорун өткөрдү. 2008 20 июльда дебюттук альбому АКШда чыккан.

Өзүнүн биринчи Британиядагы турнесине Адель 2007-жылы чыккан. Бул убакытта My Spaceте анын демо-пленкасы чыккан. Бул демо-пленканы Адель жаш кезинде эле жазган болчу, кийинчерээк досуна белек кылынган. Досу аны My Spaceке жайгаштырган. Интерент тармакта жетишкен ийгилиги үчүн ал өзүнүн биринчи контрактына ээ болгон.

2007-жылдын 22 октябрында (Джейми Тиге таандык болгон) Pacemaker Recoldings аттуу лейблде Адельдин дебюттүк “Hometown Glory” синглы чыкты. Бул өзүнчө Тотенхемге арналган трибьют болуп, iTunesте “Жума синглы” деп тан алынган. Сингл «Skins» сериалынын саундтрекинде колдонгондон кийин, 2008-жылдын апрелинде кайрадан Британиянын топ-40 (топ-кырк мыкты ырларына) кирет.

2010 жылы Адел “Грэмми” (эң жакшы аял поп-ырчы) сыйлыгына татыктуу адам деп коюлган “Hometown Glory” синглы үчүн. Сентябрда (The X Factor ырынан кийин) анын баштапкы-версиясы «Make You Feel My Love» Боб Дилан кайра британдык чартка кирди жана 4-орунга чейин көтөрүлгөн.

24 январьда 2011 жылы Улуу Британияда экинчи студиялык 21-албому чыкты, 22 февралда америкалык релизи болду. Критиктер пластинкадан бир канча өзгөртүүлөрдү табышты,бул кантри музыкалык жактан байланышкан. Биринчи сингл альбому «Rolling in the Deep» 7 жума ичинде Billboard Hot 100дө биринчи орунду ээледи. Бул британдык ырчылар үчүн аз кездешет.

Бул альбом Улуу Британияда, Германияда, Голландияда, Жаңы Зеландияда, Швейцарияда, Австрияда, Бельгияда хит-параддарында биринчи орунду ээледи (6 жума бою лидерлик көрсөттү), ал эми 2010ж. Март айында Billboard Hot 100дө биринчи орунга чыкты.

2012-жылдын 20-май айында Лас-Вегаста болуп өткөн “Billboard Music Award” сыйлык тапшыруу аземинде Адель 12 сыйлыкты алган. Мындай салтанатты “Billboard” журналы жыл сайын уюштуруп турат. Адель “Мыкты аткаруучу”, “Мыкты поп ыр жыйнак”, “Мыкты альтернативдүү ыр” жана башка көп сыйлыктарга ээ болду. Бир гана салтанатта минтип бакыт кушун бекем кармаган ырчылардын арасынан Адель үчүнчүсү. Буга чейин бир эле сыйлык тапшыруу аземинде Жанет Жексон – 15 (1990), Майкл Жексон 13 (1983) сыйлыкка татыган болчу.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Британдык поп-ырчы Адельдин сыйлык тизмесине ошондой эле наминациялары жана сыйлыктары кошулган.Ал музыкалык карьерасын баштаганда эле 2008-жылы сыйлыктарга ээ боло баштаган.

Бир канча синглдери биринчи альбомунан 19 АКШ хит-паратына(Billboard charts) жана Улуубританиянын хит-паратына(Singles Chart) түшкон, ошондой эле <<Chasing Pavements>>,<<Cold Shoulder>>,<<Hometown Glory>> жана <<Make You Feel MY Love>> ,ушул ырлары Гремми сыйлыгында “Эң мыкты жаңы аткаруучу” деген наамга ээ болушка жардам берген.

21 февралда 2012-жылы Brit Awards музыкалык сыйлык ыйгаруу кечесинде 2012-жылга Адель эки сыйлыка ээ болгон:Эң мыкты британдык альбом жана эң мыкты аткаруучу деген сыйлыктарга ээ болгон.

Адельдин 2012-жылга май айына эсептелген сыйлыктарынын саны 77 сыйлык жана 122 номинациясы бар.