Мазмунга өтүү

Акаев Аскар Акаевич

Википедия — ачык энциклопедия
Акаев Аскар Акаевич
Акаев Аскар Акаевич
Желек
Желек
1-чи Кыргыз Республикасынын Президенти
31-август 1991  11-апрель 2005
Өкмөт башчысы: Исанов Насирдин Исанович (1991)
Турсунбек Чынгышев (1992—1993)
Жумагулов Апас Жумагулович (1993—1998)
Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (1998)
Жумабек Ибраимов (1998—1999)
Амангелди Муралиев (1999—2000)
Бакиев Курманбек Салиевич (2000—2002)
Танаев Николай Тимофеевич (2002—2005)
Бакиев Курманбек Салиевич (2005)
Вице-президент: Кузнецов Герман
(1991—1992)
Кулов Феликс
(1992—1993)
Андан мурунку: кызмат негизделген
Андан кийинки: Бакиев Курманбек Салиевич
Желек
Желек
Кыргыз ССРинин президенти
желек
желек
27-октябрь 1990  31-август 1991
Вице-президент: Исанов Насирдин Исанович
Андан мурунку: кызмат негизделген
Андан кийинки: кызмат жоюлган
Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти
1989  1990
Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын вице-президенти
1987  1989
 
Дини: атеизм
Туулган жылы: 10 -ноябрь 1944(1944-11-10) (81 жаш)
Туулган жери: СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе облусу, Кемин району, Кызыл-Байрак айылы
Уруусу: сарыбагыш
Атасы: Токоев Акай
Апасы: Токоева Асел
Жубайы: Акаева Майрам Дүйшөновна
Балдары: уулдары: Айдар, Илим
кыздары:Бермет, Саадат
Партиясы: СССР КП
Алга, Кыргызстан!
Билими: Ленинград так механика жана оптика институту
Илимий даражасы: физика-математика илимдеринин доктору
Илимий наамы: академик
Кесиби: инженер-математик
 
Автограф: Кол тамгасы
 
Сыйлыктары:

Акаев Аскар Акаевич (10-ноябрь 1944-жылы, Чуй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылы) — кыргыз мамлекеттик жана саясат ишмери, илимпоз. 1990-жылдын 27-октябрынан 1991-жылдын 31-августуна чейин Кыргыз ССРинин президенти. 1991-жылдын 31-августунан 2005-жылдын 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын президенти[1].

Нью-Йорк Илимий Академиянын мүчөсү (1992)[1]. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, физика-математика илимдеринин доктору, ядролук физик. 1989-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти. 2006-жылдын май айынан бери Орусия Илимдер академиясынын чет элдик мүчөсү. Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген илимпозу (2025).

2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын төңкөрүлүшүнөн кийин чет өлкөгө чыгып кеткен.

Өмүр баяны

Балалык чагы жана илимий жолу

1944-жылы Жетинин айынын (ноябрдын) 10унда мурдагы Кыргыз ССРинин Кемин өрөөнүндөгү Кызыл-Байрак айылында (азыркы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында) колхозчунун уй бүлөөсүндө туулган. Уруусу — сарыбагыш[2].

1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Мектептен кийин Фрунземаш автомобиль чогултуу заводунда механик болуп иштей баштаган жана Фрунзе политехникалык институтунун механика факультетине тапшырып, бир жылдан аз убакыт сырттан окуган[3].

Аскар Акаевдин студенттик билети

1962-жылы Аскар Акаев Ленинград так механика жана оптика институтуна тапшырып, аны 1967-жылы ЭЭМ боюнча инженер-математик адистиги боюнчан артыкчылык диплому мененаяктаган. Ленинградга орус тили нбилбей келип, окуу аяктаганга чейин орус тилин эң сонун өздөштүргөнү тууралуу маалыматтар бар. 1967–1971-жылдары аспирантурада окуп, 1972-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. 1976-жылы докторантураны бүтүрүп, 1981-жылы Москва инженердик-физикалык институтунда голографиялык системалар боюнча доктордук диссертациясын коргогон.

1972–1988-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда ассистенттен кафедра башчысына чейинки жолду өткөн.

1977-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

1978-жылы (айрым маалыматтарда 1982-жыл) анын демилгеси менен институтта эсептөө техникасы кафедрасы ачылган.

1984-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги болуп шайланып, 1987-жылы анын вице-президенти, ал эми 1989-жылы президенти болуп шайланган[3].

Саясий эмгек жолунун башталышы

1994-жылы Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Европа Бирлигине болгон сапары

1981–1991-жылдары Аскар Акаев СССРдин Коммунистик партиясынын катарында болгон.

1986-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БК мүчөсү болуп шайланып, Илим жана билим берүү бөлүмүн жетектеген. Кийин Кыргыз ССРинин эл депутаты болуп шайланган.

1989-жылдын мартында Ош облусунун Ноокат округунан СССРдин эл депутаты болуп шайланып, Жогорку Советтин Улуттук кеңешинин жана Экономикалык реформа маселелери боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

Акаев СССР Конституциясынын 6-беренесин жокко чыгарууну жактаганы жана жер жана жеке менчик жөнүндө мыйзамды кабыл алууну колдогону менен белгилүү. Экономикалык реформа комитетинде иштеп жүргөндө ал "Элдик депутат" журналын чыгарууга түздөн-түз катышкан. Бул мезгилде Акаев кесиптеш депутаттары Геннадий Бурбулис, Сергей Шахрай жана келечектеги Орусиянын президенти Борис Ельцин, ошондой эле экономисттер Олег Богомолов жана Павел Бунич менен тыгыз байланышта болгон. Ошондой эле академик Андрей Сахаровдун аймактар аралык тобунда иштеген. Акаев Сахаровдун "Европа жана Азия Республикаларынын Биримдиги үчүн Конституция" долбоорун колдогон бир нече депутаттардын бири болгон.

Кыргыз Республикасынын президенти (1990—2000)

1989–1990-жылдары Кыргызстан оор күндөрдү баштан өткөргөн. 1989-жылдын май айында кыргыздар Фрунзенин чет жакаларынан жер тилкелерин өз алдынча ээлеп, турак үй куруу үчүн жер талап кылышкан[4][5]. 1990-жылдын январь-февраль айларында армян качкындары көчүрүлүп келет деген ушак-айыңдардан улам митингдер тутанган. Ошол эле жылдын жайында Ош облусунда кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кагылышуулар болуп, ал армиянын жардамы менен токтотулган.

1990-жылдын октябрь айында Кыргыз ССРинин Президенти кызматы негизделген, бирок Республиканын Коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев менен Кыргыз ССР Министирлер Советинин төрагасы Апас Жумагуловдун ортосундагы бийлик үчүн күрөш президентти шайлоону созуп жиберген. Партиялык съездде конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сунуштары менен чыгып сүйлөгөн Акаевди көбү компромисстүү саясий фигура катары кабыл ала башташкан. Бир катар ЖМКларда президенттикке жазуучу Чыңгыз Айтматов келиши мүмкүн деген маалыматтар жарыяланган, бирок ал президенттиктен баш тартып, ордуна Акаевдин талапкерлигин сунуштаган[5].

1990-жылдын 26-августунан 27-августуна караган түнү депутаттар Акаевди Москвадан чакыртышкан. 1990-жылдын 27-октябрында Кыргызстандын Жогорку Советинин кезексиз сессиясында жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 12 талапкердин ичинен эң көп добушту Акаев менен Ысык-Көл областтык аткаруу комитетинин төрагасы Насиридин Исанов алышкан. Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Акаев президент болуп шайланган. Анын талапкерлигине 179 депутат добуш берип, Исановго 62 депутат добуш берген.

ЖМКлар Акаевдин — аалым, профессор, академиктин — президенттик кызматка көрсөтүлүшү ошол учурда Азия үчүн адаттан тыш кадам болгонун жазышкан.

Акаев, Нурсултан Назарбаев, Сапармурат Ниязов, Ислам Каримов жана Рахмон Набиев КМШнын жыйынында. 1991-жыл

1991-жылдын август айында Акаев эмне гана болбосун республика эгемендүүлүк жолу менен кетерин билдирип, ГКЧПга (Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитет) каршы чыккан. Аны ички иштер министри Феликс Кулов колдогон. Ошол эле күнү Акаев республикалык МККнын төрагасы Жумабек Асанкуловду кызматынан бошоткон. Элге кайрылуу жасап, ГКЧПнын аракеттерин конституцияга каршы төңкөрүш катары баалаган. Бир катар ЖМКлар Акаев Борбордук Азия жетекчилеринин ичинен ГКЧПны колдобогон жалгыз жетекчи болгонун белгилешкен. Бир нече күндөн кийин Акаев Коммунистик партиянын ишмердүүлүгүн мыйзам түрүндө чектөө сунушу менен чыккан. Ал ошондой эле Советтерди "партия үчүн көшөгө" катары мүнөздөп, алардан баш тартуу зарылдыгын баса белгилеген[6].

1991-жылдын август айында Акаев Горбачев сунуштаган СССРдин вице-президенти кызматынан баш тарткан.

1991-жылдын 31-августунда СССР Жогорку Советинин чечими менен Кыргызстан Республикасынын көз карандысыздыгы салтанаттуу түрдө жарыяланган. 12-октябрда түз өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Акаев жалгыз талапкер катары 95%дан ашык добуш алып[7], республиканын президенттигине кайра шайланган[8][9]. 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Атага барып, мурдагы союздук республикалардын башка президенттери менен бирге КМШны түзүүгө катышкан, кризистен чыгуу үчүн бир катар эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол койгон. 1992-жылдын 2-мартында БУУнун башкы штабында Кыргызстанды БУУга мүчөлүккө кабыл алуу добуш берүүсүнө катышкан. БУУнун штаб-квартирасынын жанында Кыргызстандын желегинин көтөрүлүшүнө күбө болгон.

Ички саясат

1992-жылдын февралында Кыргызстандагы бийлик тутумунда олуттуу өзгөрүүлөр орун алган. Акаев өкмөттү кайра түзүп, аны кайрадан өзү жетектеген. Министрликтер менен ведомстволордун саны эки эсеге кыскарып, республиканын премьер-министри өкмөт төрагасынын орун басары болуп калган. Акаев өкмөттү 1993-жылдын май айына чейин башкарып, андан кийин анын ордун Турсунбек Чыңгышев келген. Бирок 1993-жылдын декабрында эле Чыңгышев жетектеген министрлер кабинети кызматтан кетирилген. Буга парламенттик комиссиянын республикадагы алтынды казып алуу жана сактоо маселелерин изилдеп чыгып, премьер-министрге каршы афера боюнча айып койгону себеп болгон. Парламенттеги 350 депутаттын 190 анын кызматтан кетиши үчүн добуш берген, бирок конституциялык норма боюнча добуштардын үчтөн экиси талап кылынган. Чыңгышев өзүнө коюлган айыптар президентке каршы багытталганын билдирип, мамлекеттик төңкөрүш болорун алдын ала айткан.

Аскар Акаев жетектеген постсоветтик реформалардын жүрүшүндө Кыргызстан өз улуттук валютасын турукташтырып, инфляцияны төмөндөтүп, кыйла чет элдик инвестицияларды тарта алган. 1992-жылдын сентябрында өкмөт бааларды эркин кое берип (либерализация), мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү планын бекиткен.

Ички саясатта Акаев Кыргызстанда "европалык үлгүдөгү демократияны" өнүктүрүүгө жана өлкөнү "Борбор Азиянын Швейцариясына" айландырууга умтуларын билдирген. Ал орус тилдүү жарандардын өлкөдөн көчүп кетишин токтотууга аракет кылып, республиканын маанилүү билим берүү жайларынын бири болгон Кыргыз-Орус Славян университетин ачкан. 1994-жылы өлкөдө жашаган бардык этникалык топтордун кызыкчылыктарынын бирдиктүүлүгүн жарыялаган "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" түзүлгөн[10]. 2001-жылы Конституцияга орус тилине расмий макам берген оңдоолор киргизилген[11].

1994-жылдын январында Президент Акаевге ишеним көрсөтүү боюнча референдум өтүп, добуш берген жарандардын 96% ашыгы республика башчысын колдогон. ЖМКлар Акаев 1993-жылы жаңы конституция кабыл алынгандан кийин өзүнүн легитимдүүлүгүн бекемдөө үчүн ушул референдумду өткөрүүнү чечкенин белгилешкен. Ошол эле учурда Жогорку Советтин Президиуму парламентке өзүн-өзү таркатууну сунуштаган. Бирок депутаттар мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүүдөн баш тартышкан.

1994-жылдын сентябрында оппозиция парламенттин жыйындарына бойкот жарыялаган. Акаев парламентти "өзүн-өзү таратты" деп жарыялап, ошол эле жылдын октябрь айында жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болгон. Ошол эле учурда президентке лоялдуу мыйзам чыгаруу органын — Жогорку Кеңешти түзүү үчүн конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүшү керек эле. 1995-жылы шайлоо өткөн. Журналисттер жана түрдүү партиялар менен уюмдардын байкоочулары экинчи турдун жыйынтыгына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде милиция менен прокуратура таасир эткенин айтып чыгышкан. Арыздар ушунчалык көп болгондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясынын аз сандагы штаты аларды карап чыгууга жетишпей калган. Бурмалоо айыптоолоруна жооп катары президенттик администрация коомдук комиссия түзгөн. "Коммерсантъ" басылмасы бул чечимди "коомдук пикирге берилген аргасыз алым" деп атаган.

1995-жылдын 24-декабрында Аскар Акаев кайрадан Кыргызстандын президенти болуп шайланып, ага шайлоочулардын 70% ашыгы добуш берген. Президенттин басма сөз кызматы Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты жарыялай электе эле Акаевдин жеңишин кабарлаган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Акаев 1995-жылдын аягына чейин шайлоого катышууну чечкен, анткени буга чейин анын ыйгарым укуктарын 2001-жылга чейин узартуу идеясы парламенттен өтпөй калган. Кийинчерээк басылмаларда 1996-жылы Кыргызстан аймактагы башка өлкөлөр сыяктуу эле авторитаризм жолуна түшкөнү, бирок бир айырмасы — республикадагы борбордук бийлик дайыма начар болгону белгиленген.

1998-жылдын жазында Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргызстан элдеринин ассамблеясы" коомдук уюмунун сунушу менен Акаевдин президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроо көтөрүшкөн жана бул туралуу арызды Конституциялык сотко беришкен. Ошол эле жылдын июль айында Конституциялык сот Акаевдин үчүнчү мөөнөткө талапкер боло аларын ырастаган.

2000-жылы Акаев шайлоочулардын 74,47% добушун алып, кайрадан президент болуп шайланган.

2000-жылдын 22-мартында Акаевдин мурдагы үзөңгүлөшү, оппозициялык "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов кылмышка шыкакчылык, кылмышка көмөктөшүү, кызматтык жасалмалоо жана бийликтен кыянаттык менен пайдалануу айыбы менен камакка алынган. Биринчи Бишкек соту 2000-жылдын 7-августунда аны актаган[12]. Бирок 2000-жылдын сентябрында Кыргызстандын Аскердик сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы актоо өкүмүн жокко чыгарып, сот иши кайра кароого жөнөтүлгөн[12]. 2001-жылдын январында Кулов күчөтүлгөн тартиптеги колонияга камалган жана 7 жылга эркинен ажыратылып, генерал-лейтенант наамынан жана мүлкүнөн ажыратылган[13].

ЖМКлар Куловду президенттин оппозициядагы башкы атаандашы деп атап, анын камалышын Акаевдин шайлоодо утулуп калуу коркунучу менен байланыштырышкан. 2002-жылдын январында Кыргызстандын түштүгүндө талаштуу чек ара аймактарынын 30% Кытайга берүүгө каршы чыккан депутат Азимбек Бекназаровдун камалышынан улам толкундоолор тутанган. Нааразычылыктын катышуучулары президенттин кызматтан кетишин жана Азимбек Бекназаров менен Феликс Куловду бошотууну талап кылышкан[14].

2002-жылдын мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жергиликтүү тургундар менен милициянын ортосунда кагылышуу болгон. Натыйжада беш адам каза болуп, 90дон ашыгы жаракат алган[15]. Бул окуялар оппозициянын массалык нааразылык толкунун жаратып, 12-майда Кыргызстандын бир нече районунда мөөнөтсүз акция башталган. Кырдаалды жөнгө сала алган жок деп айыпталган премьер-министр Курманбек Бакиев кызматтан кетирилген[15].

Оппозиция Акаевдин экономикалык саясатын сындап, ал анын туугандары менен жан-жөкөрлөрүн гана байытып, социалдык карама-каршылыктарды күчөтүп жатканын ырасташкан. 1990-жылдардын ортосунан тарта өлкөдөгү бийликти негизинен президенттин кичи мекени болгон Чүй облусунун Кемин районунан чыккандар, ошондой эле сарыбагыш уруусунан чыккан Нарын облусунун өкүлдөрү ээлеп алышкан.

Акаевдин башкаруу жылдарында көз карандысыз ЖМКлар мамлекеттик кызматтарды иш жүзүндө сатып алууга болорун белгилешкен. Эксперттердин баасы боюнча, президенттин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын чөнтөгүнө түшкөн паранын көлөмү республиканын ИДП 20% жеткен. Басылмаларда кызматтарды "сатууда" негизги ролду президенттин жубайы Майрам Акаева жана уулу Айдар ойногону жигердүү талкууланган. Ошондой эле Акаевдин күйөө баласы — Казакстандын жараны жана ишкер, президенттин улуу кызы Берметтин күйөөсү Адил Тойгонбаев да эскерилген. ЖМКлар Адил Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарын, анын ичинде алкоголь рыногун көзөмөлдөгөнүн жазышкан.

Тышкы саясат

Аскар Акаевдин АКШнын президенти Жорж Буш менен жолугушуусу. 2002-жылдын 23-сентябры
Аскар Акаев жана Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпайи. 2003-жылдын 10-ноябры.

Тышкы саясатта Акаев мамлекеттер жана аймактар ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнү колдогон. 1993-жылы Кыргызстан рубль зонасынан чыкса, ал эми 1998-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна (ДСТ) мүчө болгон КМШдагы биринчи өлкө болгон.

Акаев ошондой эле Улуу Жибек жолун кайра жаратуу сунушу жана Борбор Азияда ядролук куралдан эркин аймак түзүү идеясын колдогону менен белгилүү. Орусия менен жакшы мамилени сактоого умтулуу менен бирге, ал терроризмге каршы глобалдык күрөштүн алкагында өлкө аймагына АКШнын аскердик базасын жайгаштырууга уруксат берген[16]. ЖМКлардын маалыматы боюнча, 2004-жылы Акаев өзүнүн күйөө баласы Манастагы америкалык аскер базасына күйүүчү май жеткирүүгө катыштыгы бар экенин моюнга алган[17]. 2006-жылдын ноябрында президенттин күйөө баласына жана уулуна таандык "Aalam Services" жана "Manas International" компаниялары америкалык аскерлерге күйүүчү май жеткирүү боюнча субподряддар үчүн 120 миллион доллар алышканы белгилүү болгон[17].

1993-жылдын май айында Акаев Санкт-Петербургдун мэри Анатолий Собчак тарабынан шаардын мааракесине чакырылган. Ал жакта орус мамлекетинин болочок президенти Владимир Путин менен таанышкан. 1993-жылдын июнь айында ЖМКлар Акаевге нааразы болгон оппозиция биринчи жолу Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону талап кылганын жазып чыгышкан.

1993-жылдын октябрь айында РФ Президенти Борис Ельцин менен РФ Жогорку Советинин ортосундагы конфликт учурунда Акаев Орусиянын президентин колдогон.

Илимий эмгектери

Жеке жашоосу

1944-жылы 10-ноябрда Кыргыз ССРинин Кемин өрөөнүндөгү Кызыл-Байрак айылындагы Токоев Акаев менен Токоева Аселдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Аскар Акаев беш бир туугандын эң кенжеси болгон. Акаевдин үй-бүлөсү сарыбагыш уруусунан чыгат.

Жубайы — Майрам, балалык жана энеликти колдогон "Мээрим" эл аралык фонддунун жетекчиси болгон. "SOS - Кыргызстандын бала айылдары" аттуу эл аралык фондунун, Кыргызстандагы ЮНЕСКО мектептердин жана клубтардын ассоциациянын президенттин орун басары болуп иштеген.

Тун уулу Айдар (1976—2020) — АКШыдагы Мэпиленд Университетинде билим алган. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнгөн бирок кийин ажырашып кетишкен (1999-2001). Айдар Акаев Чокубаев киноматографистердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын ортосунда эки бала бар[18]. 2005-жылы март айынында парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бийлик алмашкандан кийин, анын округундагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, Айдар Акаевдин өзү экономикалык кылмыштарга шектүү катары издөөгө алынган. 2020-жылдын 5-февралында 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, каза болгон[18]. Сөгү 2020-жылдын 8-февралында Москва шаарынын Троекуровск көрүстөнүндө коюлган.

Тун кызы Бермет — кыргыз бийлиги тарабынан экономикалык кылмыштар үчүн издөөдөгү казакстандык ишкер Адил Тойгонбаевге турмушка чыккан. БУУ түзүлүшүндөгү Европанын экономикалык комиссиясында иштеген. Кыргызстандагы акыркы жылдарында апасынын кайрымдуулук акцияларына катышкан. 2005-жылы ал, агасы сыяктуу эле, Жогорку Кеңешке шайлоого ат салышып, жеңишке жеткен, бирок март окуяларынан кийин шайлоонун жыйынтыктар жокко чыгарылган. 2007-жылы ал жаңы өкмөттүн тушунда кайрадан парламентке ат салышууга аракет кылган. Бирок, Кемин райондук соту анын талапкерлигин жокко чыгарган. Бир нече жыл Швецарияда жаган.

Кичүү кызы — Саадат. АКШыда били алган. Кыргызстандагы учурунда "Биринчи президенттин китепканасы" коомдук фонддун иниси Илим менен бирге жетектеген.

Кенже уулу — Илим. Кыргызстандагы учурунда "Биринчи президенттин китепканасы" коомдук фонддун эжеси Саадат менен бирге жетектеген. 2007-жылы АКШыдгы Жорж Вашингтон атындагы университетин бүтүрүп, "каржы" кесиби боюнча бакалавр даражасын алган. Окууну бүтүргөндөн тартып Масква шаарында жашайт.

Булактар

  • У. А. Асанов, А. З. Жуманазарова, Т. Чоротегин. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био- библиографический свод / Ответственный редактор У. А. Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии. 2002. – 544 барак, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)

Булактар

  1. 1 2 Centrasia. АКАЕВ Аскар Акаевич
  2. Stan Radar. Досье политиков и общественных деятелей, живущих в странах Центральной Азии, либо связанных с регионом. Аскар Акаевич Акаев
  3. 1 2 Лентапедия. Акаев Аскар
  4. Акипресс. Как в Кыргызстане начинались самозахваты земель
  5. 1 2 Настоящее время. Национальные движения в республиках накануне распада СССР. Кыргызстан
  6. Медиозона. Интеллигент из 90‑х. Как жилось в Кыргызстане при Аскаре Акаеве, и почему его время вспоминают с ностальгией
  7. 24KG. Цифра дня. 27 лет назад в Кыргызстане прошли первые президентские выборы
  8. Кабар. История выборов Президента КР
  9. Акипресс. Все президенты Кыргызстана. Как их выбирали?
  10. Кыргызстан элдеринин ассамблеясы. Тарыхы
  11. Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы. ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ О внесении изменений в статью 5 Конституции Кыргызской Республики
  12. 1 2 Сообщение № 1369/2005, Феликс Кулов против Кыргызстана, CCPR/C/99/D/1369/2005, 19 августа 2010 г.
  13. Азаттык үналгысы. АКЦИИ ПРОТЕСТА В ПОДДЕРЖКУ ФЕЛИКСА КУЛОВА ПРОДОЛЖАЮТСЯ
  14. 24.kg. Аксы, март 2002 года: расстрел протеста, который изменил политическую историю
  15. 1 2 Азаттык үналгысы. С. Жайчыбеков: У «Аксыйского преступления» нет срока давности
  16. Азаттык Азия. Авиабаза «Манас». Кто заработал на поставках авиакеросина?
  17. 1 2 Kloop. Узурпация власти, Аксыйские события и семейно-клановое правление. Как правил Акаев и почему его свергли?
  18. 1 2 24.kg. Москвада Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду

Тышкы шилтемелер